Аллах Таала силерге энеңерге никеленүүнү арам кылды, ошондой эле бул канча өйдөлөсө да арам; б.а. таене, анын энеси чоң эне ж.б. Кыздарыңарга никеленүү да арам, канча ылдыйласа да; б.а. кыз, анын кызы, анын кызынын кызы ж.б. Ошондой эле балаңардын жана кызыңардын кыздарына никеленүү арам. Өзүңөрдүн бир тууган эже-карындаштарыңарга жана ата-энеңердин бир тууган эже-карындаш же эже-сиңдилерине никеленүү арам. Бир тууганыңардын кыздарына жана алардын кыздарына, ошондо эле силерге сүтүн эмизген эмчек энеңерге, ошол аялды эмген эмчектеш эже-карындаштарыңарга никеленүү арам. Аялыңардын энеси, кайненеңер, ал аялыңарга жакындык кылсаңар да, кылбасаңар да баары бир никеленүү арам. Аялыңар башка күйөөсүнөн ээрчитип келген кызга никеленүүңөр арам, эгер ал кыздын энесине жакындык кылсаңар, а эгер энесине жакындык кылбасаңар, анда аны талак кылган соң, анын кызына никеленсеңер боло берет. Дагы өзүңөрдүн балаңардын аялына никеленүү арам, бул өкүмгө эмчектеш жагынан болгон балаңардын аялы да тиешелүү. Дагы эки бир тууган эже-сиңдини, мейли алар эмчектеш жагынан болсун чогуу бир ниекеге алуу да арам, бирок бул исламга чейин болсо, аны Аллах кечирет. Аллах тообо кылган пенделерин кечирүүчү, аларга ырайымдуу. Ошондой эле хадистерде аял менен анын атасынын эжесин же таежесин чогуу бир никеге алуу арам экендиги айтылган.