Оо, пайгамбар! Ал сага Куранды түшүрдү. Анда эч кандай бүдөмүгү жок, мааниси айкын аяттар бар. Алар китептин негизин жана көпчүлүгүн түзөт жана талаш-тартышта негизги таяныч булак болуп саналат. Ошондой эле анда бир нече маанини туюнткан аяттар да бар, алардын мааниси көпчүлүк адамдар үчүн түшүнүксүз. Ал эми жүрөгүндө акыйкаттан четтеген адамдар мааниси айкын аяттарды таштап, ыктымалдуулугу бар бүдөмүк аяттарды карманышат. Алар муну менен шек салууну жаратып, адамдарды адаштырууну көздөшөт жана муну менен аларды өздөрүнүн адашкан жолдоруна тууралап, напси каалоолоруна жараша чечмелөөгө аракет жасашат. Бул аяттардын чыныгы маанилерин жана алардын акыркы жыйынтыгын Аллах гана билет. Ал эми илими тереңдер жана күчтүүлөр: «Биз Курандын баарына ыйман келтирдик, анткени анын баары Раббибизден» – деп айтышат жана мааниси бүдөмүк аяттарды андагы айкын маанидеги аяттар менен чечмелешет. Туура акыл калчаган адамдар гана үлгү, сабак алышат.