Muslim99Muslim99
← Tafsir library

4. An-Nisaa

The Women · Medinan · 176 ayahs

سُورَةُ النِّسَاءِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 101–110 of 176

101

وَإِذَا ضَرَبْتُمْ فِى ٱلْأَرْضِ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَن تَقْصُرُوا۟ مِنَ ٱلصَّلَوٰةِ إِنْ خِفْتُمْ أَن يَفْتِنَكُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ ۚ إِنَّ ٱلْكَٰفِرِينَ كَانُوا۟ لَكُمْ عَدُوًّۭا مُّبِينًۭا

And when you travel throughout the land, there is no blame upon you for shortening the prayer, [especially] if you fear that those who disbelieve may disrupt [or attack] you. Indeed, the disbelievers are ever to you a clear enemy.

Сапарда каапырлар тараптан жамандык келээринен коркксоңор, төрт рекеттүү намазды эки рекетке кыскартып окууңарда күнөө жок. Анткени алардын силерге болгон душмандыгы ачык-айкын. Сапарда аманчылык учурунда да намазды кыскартып окуунун дурустугу сахих хадистерде келген.

An-Nisaa 4:101Listen in Qur'an →
102

وَإِذَا كُنتَ فِيهِمْ فَأَقَمْتَ لَهُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَلْتَقُمْ طَآئِفَةٌۭ مِّنْهُم مَّعَكَ وَلْيَأْخُذُوٓا۟ أَسْلِحَتَهُمْ فَإِذَا سَجَدُوا۟ فَلْيَكُونُوا۟ مِن وَرَآئِكُمْ وَلْتَأْتِ طَآئِفَةٌ أُخْرَىٰ لَمْ يُصَلُّوا۟ فَلْيُصَلُّوا۟ مَعَكَ وَلْيَأْخُذُوا۟ حِذْرَهُمْ وَأَسْلِحَتَهُمْ ۗ وَدَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَوْ تَغْفُلُونَ عَنْ أَسْلِحَتِكُمْ وَأَمْتِعَتِكُمْ فَيَمِيلُونَ عَلَيْكُم مَّيْلَةًۭ وَٰحِدَةًۭ ۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ إِن كَانَ بِكُمْ أَذًۭى مِّن مَّطَرٍ أَوْ كُنتُم مَّرْضَىٰٓ أَن تَضَعُوٓا۟ أَسْلِحَتَكُمْ ۖ وَخُذُوا۟ حِذْرَكُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ أَعَدَّ لِلْكَٰفِرِينَ عَذَابًۭا مُّهِينًۭا

And when you are among them and lead them in prayer, let a group of them stand [in prayer] with you and let them carry their arms. And when they have prostrated, let them be [in position] behind you and have the other group come forward which has not [yet] prayed and let them pray with you, taking precaution and carrying their arms. Those who disbelieve wish that you would neglect your weapons and your baggage so they could come down upon you in one [single] attack. But there is no blame upon you, if you are troubled by rain or are ill, for putting down your arms, but take precaution. Indeed, Allah has prepared for the disbelievers a humiliating punishment.

Оо, элчи, душмандар менен согуш учурунда аскерлериң менен бирге намаз окуй турган болсоң, аскерди эки жамаатка бөл. Биринчи жамаат сени менен намазга турсун, намазга курал-жарактары менен тура берсин. Экинчи жамаат болсо силерге кароол болуп турсун. Биринчи жамаат имам менен бир ирекет окуган соң, намаздын калганын өздөрү акырына чыгарат. Акырына чыгаргандар силердин артыңарга өтүп душманга бет турат, бул учурда коргоп турган экинчи жамаат келип имам менен бир ирекет окуйт, имам салам берген соң намаздарын толуктап бүтүрөт. Бул учурларда душмандан этият болушсун жана курал-жарагын алып алышсын. Анткени каапырлар, силер намазга турганда курал-жарак, буюм-теримиңерден капарсыз калсаңар, капарсыздыгыңардан пайдаланып дароо кол салууну көздөп турушат. Эгер жамгырдын айынан же ооруу себептүү зыян тартып жатсаңар, анда курал-жарагыңарды жерге коюп турсаңар деле күнөө эмес, болгону, колуңардан келишинче душмандан этиет кылгыла. Аллах Таала чынында каапырларга аларды кордоочу азапты даярдап койгон

An-Nisaa 4:102Listen in Qur'an →
103

فَإِذَا قَضَيْتُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَٱذْكُرُوا۟ ٱللَّهَ قِيَٰمًۭا وَقُعُودًۭا وَعَلَىٰ جُنُوبِكُمْ ۚ فَإِذَا ٱطْمَأْنَنتُمْ فَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ ۚ إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ كَانَتْ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ كِتَٰبًۭا مَّوْقُوتًۭا

And when you have completed the prayer, remember Allah standing, sitting, or [lying] on your sides. But when you become secure, re-establish [regular] prayer. Indeed, prayer has been decreed upon the believers a decree of specified times.

Оо, ыймандуулар, намазды бүткөнүңөрдө аруулоо, (тасбих), мактоо (тамхид), келиме (тахлил) айтуу менен турган, отурган, жаткан абалыңарда Аллахты эстеп зикир кылгыла. Коркунуч жок болгондо, тынчтык кезде намазды парз, важыб, сүннөттөрүн толук так аткарып буйрулгандай окугула. Намаз чынында ыймандууларга өз убактысында окула турган парз, милдет. Намазды себепсиз убактысынан кечиктирүүгө болбойт. Бул өкүм жергиликтүү тургундарга тиешелүү, ал эми сапарда болсоңор кошуп жана кыскартып окусаңар болот.

An-Nisaa 4:103Listen in Qur'an →
104

وَلَا تَهِنُوا۟ فِى ٱبْتِغَآءِ ٱلْقَوْمِ ۖ إِن تَكُونُوا۟ تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمُونَ ۖ وَتَرْجُونَ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا يَرْجُونَ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

And do not weaken in pursuit of the enemy. If you should be suffering - so are they suffering as you are suffering, but you expect from Allah that which they expect not. And Allah is ever Knowing and Wise.

Оо, ыймандуулар, каапыр душманыңардын артынан сая түшүүгө алсыздык же жалкоолук кылбагыла. Өлүм, жаракат алуу ж.б. силерди чарчаткан болсо, бул нерселер аларды деле чарчатты, алар деле силер сыяктуу кыйналды. Алардын сабыр-чыдамы, силердин сабыр-чыдамыңардан ашып кетпесин. Силер Аллахтан сооп-сый, жардам, колдоо үмүт кылып жатасыңар, алар болсо буларды үмүт кылбайт. Аллах Таала пенделеринин абалын Билүүчү, көзөмөлдөөдө жана шарият кылууда Даанышман

An-Nisaa 4:104Listen in Qur'an →
105

إِنَّآ أَنزَلْنَآ إِلَيْكَ ٱلْكِتَٰبَ بِٱلْحَقِّ لِتَحْكُمَ بَيْنَ ٱلنَّاسِ بِمَآ أَرَىٰكَ ٱللَّهُ ۚ وَلَا تَكُن لِّلْخَآئِنِينَ خَصِيمًۭا

Indeed, We have revealed to you, [O Muhammad], the Book in truth so you may judge between the people by that which Allah has shown you. And do not be for the deceitful an advocate.

Оо, элчи, Биз сага Куранды бардык чындыкты камтыган абалда түшүрдүк; сен адамдардын ортосунда өз оюң жана пикириң менен өкүм чыгарбай, кандай абал болсо да Аллах үйрөткөн жана пикириңе салган нерсе менен өкүм кылууң үчүн. Эми сен андан чындыкты талап кылган адамды кайтарып, жанына жана аманатка кыянат кылган адамга тарапкер болбо.

An-Nisaa 4:105Listen in Qur'an →
106

وَٱسْتَغْفِرِ ٱللَّهَ ۖ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا

And seek forgiveness of Allah. Indeed, Allah is ever Forgiving and Merciful.

Аллах Тааладан кечирим жана ырайым кылуусун сура, Аллах Таала чынында тообо кылган пендесине Кечиримдүү жана ага Ырайымдуу

An-Nisaa 4:106Listen in Qur'an →
107

وَلَا تُجَٰدِلْ عَنِ ٱلَّذِينَ يَخْتَانُونَ أَنفُسَهُمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ مَن كَانَ خَوَّانًا أَثِيمًۭا

And do not argue on behalf of those who deceive themselves. Indeed, Allah loves not one who is a habitually sinful deceiver.

Кыянат кылган жана кыянаттыгын жаап-жашырган адам тарабында болуп талашпа, Аллах Таала мындай жалганчы кыянатчыларды жакшы көрбөйт.

An-Nisaa 4:107Listen in Qur'an →
108

يَسْتَخْفُونَ مِنَ ٱلنَّاسِ وَلَا يَسْتَخْفُونَ مِنَ ٱللَّهِ وَهُوَ مَعَهُمْ إِذْ يُبَيِّتُونَ مَا لَا يَرْضَىٰ مِنَ ٱلْقَوْلِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطًا

They conceal [their evil intentions and deeds] from the people, but they cannot conceal [them] from Allah, and He is with them [in His knowledge] when they spend the night in such as He does not accept of speech. And ever is Allah, of what they do, encompassing.

Адамдардан коркуп же уялып батып кеткен күнөөлөрүн жашыруусу мүмкүн, бирок Аллахтан жашыра албайт. Аллах аларды илими менен ороп алар менен бирге. Таза адамга жалаа жабуу, күнөөнү жашыруу сыяктуу Аллахты ыраазы кылбай турган нерселерди кылууну ойлоп жатышкандары да Аллахка жашыруун эмес. Аллах Таала алардын ачык жана жашыруун кылган иштерин ороп алуучу, Ага эч нерсе билинбей калбайт, кийин ошол кылган иштерине жараша жазалайт

An-Nisaa 4:108Listen in Qur'an →
109

هَٰٓأَنتُمْ هَٰٓؤُلَآءِ جَٰدَلْتُمْ عَنْهُمْ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا فَمَن يُجَٰدِلُ ٱللَّهَ عَنْهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ أَم مَّن يَكُونُ عَلَيْهِمْ وَكِيلًۭا

Here you are - those who argue on their behalf in [this] worldly life - but who will argue with Allah for them on the Day of Resurrection, or who will [then] be their representative?

Оо, мобуреки күнөөгө баткандардын ишине арачы болгондор, бул дүйнөдө аларды таза деп, аларды жазадан сактап талашкандар, а кыямат күнүчү, алардын кылганы ачыкка чыкканда, Аллах Таала менен ким талаша алат?! Ошол күнү ким аларга колдоочу өкүл боло алат?! Шек жок, мындай кылуу эч кимдин колунан келбейт.

An-Nisaa 4:109Listen in Qur'an →
110

وَمَن يَعْمَلْ سُوٓءًا أَوْ يَظْلِمْ نَفْسَهُۥ ثُمَّ يَسْتَغْفِرِ ٱللَّهَ يَجِدِ ٱللَّهَ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا

And whoever does a wrong or wrongs himself but then seeks forgiveness of Allah will find Allah Forgiving and Merciful.

Жаман иш кылып, же күнөөгө бут коюп өзүнө залым кылган адам, күнөөсүн моюндап, ага өкүнүп, эми аны такыр кылбайм деп Аллахтан кечирим сурап тообо кылса, Аллах Тааланы дайыма анын күнөөсүн Кечирүүчү жана ага Ырайымдуу табат.

An-Nisaa 4:110Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.