Muslim99Muslim99
← Tafsir library

4. An-Nisaa

The Women · Medinan · 176 ayahs

سُورَةُ النِّسَاءِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 91–100 of 176

91

سَتَجِدُونَ ءَاخَرِينَ يُرِيدُونَ أَن يَأْمَنُوكُمْ وَيَأْمَنُوا۟ قَوْمَهُمْ كُلَّ مَا رُدُّوٓا۟ إِلَى ٱلْفِتْنَةِ أُرْكِسُوا۟ فِيهَا ۚ فَإِن لَّمْ يَعْتَزِلُوكُمْ وَيُلْقُوٓا۟ إِلَيْكُمُ ٱلسَّلَمَ وَيَكُفُّوٓا۟ أَيْدِيَهُمْ فَخُذُوهُمْ وَٱقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ ۚ وَأُو۟لَٰٓئِكُمْ جَعَلْنَا لَكُمْ عَلَيْهِمْ سُلْطَٰنًۭا مُّبِينًۭا

You will find others who wish to obtain security from you and [to] obtain security from their people. Every time they are returned to [the influence of] disbelief, they fall back into it. So if they do not withdraw from you or offer you peace or restrain their hands, then seize them and kill them wherever you overtake them. And those - We have made for you against them a clear authorization.

Оо, ыймандуулар, өздөрүнүн жанынын тынчтыгын көздөп, силерге ыймандуу көрүнгөн, коомуна барганда алардан аман калуу үчүн аларга каапырлыгын көрсөткөн эки жүздүүлөрдүн бир тобун көрөсүңөр. Аларды каапырлыкка, ширкке чакырса, алар ага баш оту менен берилишет. Эгер алар силерге согушун токтотпосо, тынч жашоону сунуштабаса, силерден колун тарпаса, анда аларды көргөн жерде өлтүргүлө. Мына ушундай сыпаттагы эки жүздүүлөрдү, алардын бузуку жана куулугу үчүн өлтүрүүгө силерге ачык далил уруксат бердик.

92

وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ أَن يَقْتُلَ مُؤْمِنًا إِلَّا خَطَـًۭٔا ۚ وَمَن قَتَلَ مُؤْمِنًا خَطَـًۭٔا فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍۢ مُّؤْمِنَةٍۢ وَدِيَةٌۭ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَصَّدَّقُوا۟ ۚ فَإِن كَانَ مِن قَوْمٍ عَدُوٍّۢ لَّكُمْ وَهُوَ مُؤْمِنٌۭ فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍۢ مُّؤْمِنَةٍۢ ۖ وَإِن كَانَ مِن قَوْمٍۭ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُم مِّيثَٰقٌۭ فَدِيَةٌۭ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦ وَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍۢ مُّؤْمِنَةٍۢ ۖ فَمَن لَّمْ يَجِدْ فَصِيَامُ شَهْرَيْنِ مُتَتَابِعَيْنِ تَوْبَةًۭ مِّنَ ٱللَّهِ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًۭا

And never is it for a believer to kill a believer except by mistake. And whoever kills a believer by mistake - then the freeing of a believing slave and a compensation payment presented to the deceased's family [is required] unless they give [up their right as] charity. But if the deceased was from a people at war with you and he was a believer - then [only] the freeing of a believing slave; and if he was from a people with whom you have a treaty - then a compensation payment presented to his family and the freeing of a believing slave. And whoever does not find [one or cannot afford to buy one] - then [instead], a fast for two months consecutively, [seeking] acceptance of repentance from Allah. And Allah is ever Knowing and Wise.

ыймандуу адам ыймандуу адамды өлтүрүүгө болбойт, бирок адашып кокустан өлтүрүп алуусу мүмкүн. Ким ушинтип кокустан ыймандуу адамды өлтүрүп алса, мунусун жуу үчүн бир кулду азаттыкка чыгаруусу керек. Өлтүргөн адамдан мурас ала турган жакын туугандары өлгөн адамдан мурас ала турган жакындарына кун төлөп берүүсү кажет. А эгер туугандары кечип жиберсе, анда кун төлөөдөн кутулат. Эгерде өлтүрүлгөн адам ыймандуу, бирок мусулмандарга каршы согушуп жаткан коомдон болсо, анда өлтүрүүчү бир кулду азат кылса жетиштүү, кун төлөнбөйт. А эгер өлтүрүлгөн адам ыймандуу болбосо, бирок мусулмандар менен анын коомунун ортосунда тынчтык келишим түзүлгөн коомдон болсо (мусулмандарга салык төлөп, алардын арасында жашаган каапырлар сыяктуу), анда өлтүргөн адамдан мурас ала турган жакын туугандары кун төлөйт жана өлтүрүүчү күнөөсүн жуу үчүн кул азат кылат. Эгер азат кылууга кыл таппаса же кулдун баасын төлөй албаса, анда Аллах Таала анын тообосун кабыл кылуусу үчүн, катары менен арасын үзбөстөн алтымыш күн орозо кармасын. Аллах Таала пенделеринин иштерин жана ниеттерин Билүүчү, шарият кылууда жана башкарууда Данышман.

93

وَمَن يَقْتُلْ مُؤْمِنًۭا مُّتَعَمِّدًۭا فَجَزَآؤُهُۥ جَهَنَّمُ خَٰلِدًۭا فِيهَا وَغَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُۥ وَأَعَدَّ لَهُۥ عَذَابًا عَظِيمًۭا

But whoever kills a believer intentionally - his recompense is Hell, wherein he will abide eternally, and Allah has become angry with him and has cursed him and has prepared for him a great punishment.

Ал эми ыймандуу адамды акысыз атайлап өлтүргөн адамдын жазасы, эгер ал кылганын адал деп эсептесе, же тообо кылбаса, анда тозокко кирип, түбөлүк калат. Аллах Таала ага ачууланат, ырайым кылбайт, ушундай чоң күнөөгө баткандыгы үчүн ага катуу азап даярдап койгон.

94

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا ضَرَبْتُمْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ فَتَبَيَّنُوا۟ وَلَا تَقُولُوا۟ لِمَنْ أَلْقَىٰٓ إِلَيْكُمُ ٱلسَّلَٰمَ لَسْتَ مُؤْمِنًۭا تَبْتَغُونَ عَرَضَ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا فَعِندَ ٱللَّهِ مَغَانِمُ كَثِيرَةٌۭ ۚ كَذَٰلِكَ كُنتُم مِّن قَبْلُ فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيْكُمْ فَتَبَيَّنُوٓا۟ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًۭا

O you who have believed, when you go forth [to fight] in the cause of Allah, investigate; and do not say to one who gives you [a greeting of] peace "You are not a believer," aspiring for the goods of worldly life; for with Allah are many acquisitions. You [yourselves] were like that before; then Allah conferred His favor upon you, so investigate. Indeed Allah is ever, with what you do, Acquainted.

Эй, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, Аллах жолунда казатка аттансаңар, ким менен согушарыңарды жакшылап билип алгыла. Мусулман экени көрүнүп турган адамга сен мусулман эмессиң, сен жаның же малың үчүн коркуп эле мусулман көрүнүп жатасың дебегиле. Анан анын болор-болбос дүйнөсүнө кызыгып өлтүрөсүңөр. Аллахтын алдында олжо көп, ал олжо мына бу силер алган нерседен жакшы жана түбөлүктүү. Силерде бир кезде тиги сыяктуу коомуңардан ыйманыңарды жашырып коркуп жүргөнсүңөр, кийин Аллах Таала силерди ислам менен кубаттандырды, каныңарды сактады, эми ишиңерди так билгиле. Силердин кылганыңар канчалык кичине болбосун Аллахка жашыруун калбайт, кийин ошол ишиңерге жараша сый же жаза аласыңар (Жихадга бара жаткан сахабалар, алдынан чыккан киши мусулманча салам айтса, "бул коркуп эле салам айтты, өзү каапыр экен" деп өлтүрүп, мал-келин айлап кетишет. Аллах Таала аларды туура эмес кылганы үчүн жемелеп, бир кезде өздөрү да ушинтип коркуп-үркүп жүргөнүн эскертти).

95

لَّا يَسْتَوِى ٱلْقَٰعِدُونَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ غَيْرُ أُو۟لِى ٱلضَّرَرِ وَٱلْمُجَٰهِدُونَ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ بِأَمْوَٰلِهِمْ وَأَنفُسِهِمْ ۚ فَضَّلَ ٱللَّهُ ٱلْمُجَٰهِدِينَ بِأَمْوَٰلِهِمْ وَأَنفُسِهِمْ عَلَى ٱلْقَٰعِدِينَ دَرَجَةًۭ ۚ وَكُلًّۭا وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلْحُسْنَىٰ ۚ وَفَضَّلَ ٱللَّهُ ٱلْمُجَٰهِدِينَ عَلَى ٱلْقَٰعِدِينَ أَجْرًا عَظِيمًۭا

Not equal are those believers remaining [at home] - other than the disabled - and the mujahideen, [who strive and fight] in the cause of Allah with their wealth and their lives. Allah has preferred the mujahideen through their wealth and their lives over those who remain [behind], by degrees. And to both Allah has promised the best [reward]. But Allah has preferred the mujahideen over those who remain [behind] with a great reward -

Оорулуу, көзү көрбөгөн ж.б. себептери жок эле казатка чыкпай үйдө калып калган ыймандуулар менен мал-мүлкүн сарптап казатка аттанган ыймандуулар бирдей болбойт. Аллах Таала мал-жаны менен казатка аттангандардын даражасын тигилерге караганда жогору кылды. Малы-жаны менен казатка аттангандардын да, же бир себеп менен үйдө калгандардын да өзүнө жараша сооп-сыйы бар. Аллах Таала мал-жаны менен казатка аттангандарды өзгөчө чоң сооп-сый менен артыкча кылды

96

دَرَجَٰتٍۢ مِّنْهُ وَمَغْفِرَةًۭ وَرَحْمَةًۭ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًا

Degrees [of high position] from Him and forgiveness and mercy. And Allah is ever Forgiving and Merciful.

Бул сооп-сый - күнөөлөрүнүн кечирилүүсү, Аллахтын ырайымы жана биринен-бири өйдө болгон орун-даражалар, Аллах Таала пенделерин Кечирүүчү жана аларга Ырайымдуу

97

إِنَّ ٱلَّذِينَ تَوَفَّىٰهُمُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ ظَالِمِىٓ أَنفُسِهِمْ قَالُوا۟ فِيمَ كُنتُمْ ۖ قَالُوا۟ كُنَّا مُسْتَضْعَفِينَ فِى ٱلْأَرْضِ ۚ قَالُوٓا۟ أَلَمْ تَكُنْ أَرْضُ ٱللَّهِ وَٰسِعَةًۭ فَتُهَاجِرُوا۟ فِيهَا ۚ فَأُو۟لَٰٓئِكَ مَأْوَىٰهُمْ جَهَنَّمُ ۖ وَسَآءَتْ مَصِيرًا

Indeed, those whom the angels take [in death] while wronging themselves - [the angels] will say, "In what [condition] were you?" They will say, "We were oppressed in the land." The angels will say, "Was not the earth of Allah spacious [enough] for you to emigrate therein?" For those, their refuge is Hell - and evil it is as a destination.

Каапыр жеринен ислам жерине көчүүдөн баш тартып өз жандарына залым кылган адамдардын жанын алар учурда, периштелер аларды жемелеп: Абалыңар эмне болду? Бутпарастардан эмнеңер менен айырмаландыңар? деп сурашат. Алар: биз алсыз элек, аларды кайтарууга биздин күч-кудуретибиз жеткен жок деп шылтоо айтышат. Периштелер аларды жемелеп: Аллахтын жери кенен эмеспи, бул жерден чыгып кетип диниңерди да, өзүңөрдү да каар-казаптан аман алып калсаңар болбойт беле?! дешет. Мына ушинтип кочүп чыкпай калгандардын барар жери тозок, бул алар кайтып бара турган эң жаман жай

98

إِلَّا ٱلْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ ٱلرِّجَالِ وَٱلنِّسَآءِ وَٱلْوِلْدَٰنِ لَا يَسْتَطِيعُونَ حِيلَةًۭ وَلَا يَهْتَدُونَ سَبِيلًۭا

Except for the oppressed among men, women and children who cannot devise a plan nor are they directed to a way -

Бул коркунучтуу убада (тозокко түшүү) алсыз себеби бар эркек, аял жана балдарга тиешелүү эмес. Булар каар, залымдарды токтотууга чамасы чарк келбеген, мындай кыйынчылыктан чыгып кетүүгө жол таба албаган жарды-жармачтар. Буларды Аллах Таала ырайымы жана жумшактыгы менен кечирип коёр. Аллах Таала пенделерине Жумшак, алардын тообо кылгандарын Кечирүүчү

99

فَأُو۟لَٰٓئِكَ عَسَى ٱللَّهُ أَن يَعْفُوَ عَنْهُمْ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَفُوًّا غَفُورًۭا

For those it is expected that Allah will pardon them, and Allah is ever Pardoning and Forgiving.

Бул коркунучтуу убада (тозокко түшүү) алсыз себеби бар эркек, аял жана балдарга тиешелүү эмес. Булар каар, залымдарды токтотууга чамасы чарк келбеген, мындай кыйынчылыктан чыгып кетүүгө жол таба албаган жарды-жармачтар. Буларды Аллах Таала ырайымы жана жумшактыгы менен кечирип коёр. Аллах Таала пенделерине Жумшак, алардын тообо кылгандарын Кечирүүчү

100

۞ وَمَن يُهَاجِرْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ يَجِدْ فِى ٱلْأَرْضِ مُرَٰغَمًۭا كَثِيرًۭا وَسَعَةًۭ ۚ وَمَن يَخْرُجْ مِنۢ بَيْتِهِۦ مُهَاجِرًا إِلَى ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ ثُمَّ يُدْرِكْهُ ٱلْمَوْتُ فَقَدْ وَقَعَ أَجْرُهُۥ عَلَى ٱللَّهِ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا

And whoever emigrates for the cause of Allah will find on the earth many [alternative] locations and abundance. And whoever leaves his home as an emigrant to Allah and His Messenger and then death overtakes him - his reward has already become incumbent upon Allah. And Allah is ever Forgiving and Merciful.

Каапыр жеринен ислам жерине Аллахтын ыраазылыгын көздөп көчүп чыккан адам, көчүп барган жеринен таштап кеткен жерине караганда жылуу орунду табат, ал жерде ызаттуу болуп, кенен ырыскыга жетет. Аллах жана анын элчиси үчүн үйүнөн көчүп чыккан адам, көксөгөн жерине жетпей ара жолдо каза болуп калса, жетпей калганы ага эч зыянын тийгизбейт, анын сооп-сыйы Аллахтын алдында сакталуу. Аллах Таала тообо кылган пенделерин Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.

An-Nisaa 4:100Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.