Muslim99Muslim99
← Tafsir library

4. An-Nisaa

The Women · Medinan · 176 ayahs

سُورَةُ النِّسَاءِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 71–80 of 176

71

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ خُذُوا۟ حِذْرَكُمْ فَٱنفِرُوا۟ ثُبَاتٍ أَوِ ٱنفِرُوا۟ جَمِيعًۭا

O you who have believed, take your precaution and [either] go forth in companies or go forth all together.

Оо, Аллахка ишенген жана пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, согушка жардам берчү иш-аракетиңерди кылып сак тургула. Аларга каршы топ-топ болуп, бириңердин артыңардан бириңер чыккыла, же чогуу чыккыла. Мунун баары өзүңөрдү оңдоого жана душманыңардан өч алууга ылайык.

72

وَإِنَّ مِنكُمْ لَمَن لَّيُبَطِّئَنَّ فَإِنْ أَصَٰبَتْكُم مُّصِيبَةٌۭ قَالَ قَدْ أَنْعَمَ ٱللَّهُ عَلَىَّ إِذْ لَمْ أَكُن مَّعَهُمْ شَهِيدًۭا

And indeed, there is among you he who lingers behind; and if disaster strikes you, he says, "Allah has favored me in that I was not present with them."

Оо, мусулмандар, силердин араңарда коркоктугунан улам душманга бетме-бет чыгуудан айбыгып, башкаларды да артка кайтаргандар бар. Булар эки жүздүү, ыйманы алсыз адамдар. Эгер силерден бирөөлөр шейит болсо, же жеңилүүгө учурасаңар, тигилердин бирөөсү тирүү калганына сүйүнүп: Аллах мени булар сыяктуу согушка катыштырбай, алардын башына түшкөн ишти менин башыма түшүрбөй, мени сыйлады деп мактанат

73

وَلَئِنْ أَصَٰبَكُمْ فَضْلٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ لَيَقُولَنَّ كَأَن لَّمْ تَكُنۢ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُۥ مَوَدَّةٌۭ يَٰلَيْتَنِى كُنتُ مَعَهُمْ فَأَفُوزَ فَوْزًا عَظِيمًۭا

But if bounty comes to you from Allah, he will surely say, as if there had never been between you and him any affection. "Oh, I wish I had been with them so I could have attained a great attainment."

Оо, мусулмандар, эгер Аллахтын артыкчылыгы менен силер жеңишке жетип олжого ээ болсоңор, баягы жихадга чыкпай койгондор, тим эле силер менен мурда эч байланыш, мамилеси болбогондой: аттиң, алар менен бирге жихадда болсок, алар алган олжого биз да марымакпыз дешет.

74

۞ فَلْيُقَٰتِلْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ ٱلَّذِينَ يَشْرُونَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا بِٱلْءَاخِرَةِ ۚ وَمَن يُقَٰتِلْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ فَيُقْتَلْ أَوْ يَغْلِبْ فَسَوْفَ نُؤْتِيهِ أَجْرًا عَظِيمًۭا

So let those fight in the cause of Allah who sell the life of this world for the Hereafter. And he who fights in the cause of Allah and is killed or achieves victory - We will bestow upon him a great reward.

Бул дүйнөнүн кызыгын кечип, акыреттин кызыгына берилүү менен дүйнөнүн ордуна акыретти сатып алган чыныгы ыймандуулар Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн Аллах жолунда согушсун. Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн согушуп, шейит болгондор, же душманын жеңгендер, аларга жакында улуу сооп-сый беребиз. Бул сооп-сый - Аллахтын ыраазылыгы жана бейиш.

75

وَمَا لَكُمْ لَا تُقَٰتِلُونَ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ ٱلرِّجَالِ وَٱلنِّسَآءِ وَٱلْوِلْدَٰنِ ٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَخْرِجْنَا مِنْ هَٰذِهِ ٱلْقَرْيَةِ ٱلظَّالِمِ أَهْلُهَا وَٱجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيًّۭا وَٱجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيرًا

And what is [the matter] with you that you fight not in the cause of Allah and [for] the oppressed among men, women, and children who say, "Our Lord, take us out of this city of oppressive people and appoint for us from Yourself a protector and appoint for us from Yourself a helper?"

Оо, момундар, Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жана Аллахка кайрылып: О, Жаратуучубуз, бизди тургундары Аллахка ширк кылуу жана пенделерге душмандык кылуу менен залым кылып жаткан Меккеден чыгар, бизге Өзүңдөн бизди сактап, жардам берип калакалап ала турган дос-жардамчы жибер деп дуба кылган алсыз аял-эркек, жаш балдардын азаттыгы үчүн казатка чыгуудан силерди эмне тыйып жатат?

76

ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ يُقَٰتِلُونَ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ ۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ يُقَٰتِلُونَ فِى سَبِيلِ ٱلطَّٰغُوتِ فَقَٰتِلُوٓا۟ أَوْلِيَآءَ ٱلشَّيْطَٰنِ ۖ إِنَّ كَيْدَ ٱلشَّيْطَٰنِ كَانَ ضَعِيفًا

Those who believe fight in the cause of Allah, and those who disbelieve fight in the cause of Taghut. So fight against the allies of Satan. Indeed, the plot of Satan has ever been weak.

Чыныгы ыарймандуулар Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн согушат, каапырлар болсо, өздөрүнүн "кудайларынын" жолунда согушат. Шайтандын жардамчыларына каршы согушкула, эгер согушсаңар аларга үстөмдүк кыласыңар; анткени шайтандын айла-амалы алсыз, ал Аллахка тобокел кылгандарга зыянын тийгизе албайт

77

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ قِيلَ لَهُمْ كُفُّوٓا۟ أَيْدِيَكُمْ وَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُوا۟ ٱلزَّكَوٰةَ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمُ ٱلْقِتَالُ إِذَا فَرِيقٌۭ مِّنْهُمْ يَخْشَوْنَ ٱلنَّاسَ كَخَشْيَةِ ٱللَّهِ أَوْ أَشَدَّ خَشْيَةًۭ ۚ وَقَالُوا۟ رَبَّنَا لِمَ كَتَبْتَ عَلَيْنَا ٱلْقِتَالَ لَوْلَآ أَخَّرْتَنَآ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ قَرِيبٍۢ ۗ قُلْ مَتَٰعُ ٱلدُّنْيَا قَلِيلٌۭ وَٱلْءَاخِرَةُ خَيْرٌۭ لِّمَنِ ٱتَّقَىٰ وَلَا تُظْلَمُونَ فَتِيلًا

Have you not seen those who were told, "Restrain your hands [from fighting] and establish prayer and give zakah"? But then when fighting was ordained for them, at once a party of them feared men as they fear Allah or with [even] greater fear. They said, "Our Lord, why have You decreed upon us fighting? If only You had postponed [it for] us for a short time." Say, The enjoyment of this world is little, and the Hereafter is better for he who fears Allah. And injustice will not be done to you, [even] as much as a thread [inside a date seed]."

Оо, элчи, аларга жихад парз болсо деп сурап жүргөн кээ бир сахаба-жолдошторуңду билесиңби? Аларга: согушка кол сунбай тура тургула, намаз окуп, зекет берип жүрө бергиле деп айтылган болчу, (бул учурда жихад парз боло элек эле). Кийин алар Мадинага көчүп барып, Ислам күч алганда жихад парз кылынды. Бул алардын кээсине оор сезилди. Адамдардан Аллахтан корккондон да катуу коркуп: Оо, Жаратуучубуз, бизге эмне үчүн жихадды парз кылдың? Биз дүйнө ырахатын татып алганча бир аз кечиктирип турсаң жакшы болмок дешти. Эй, элчи, аларга: дүйнө ырахаты канчалык көп болбосун баары бир жок боло турган аз нерсе, ал эми акырет түгөнгүс жакшылыктарга ээ болуу үчүн Аллахка такыбалык кылган адамдарга жакшы жай, анда силердин жакшы иштериңерден курма данегинин чел кабыгындай да кемитилбейт.

78

أَيْنَمَا تَكُونُوا۟ يُدْرِككُّمُ ٱلْمَوْتُ وَلَوْ كُنتُمْ فِى بُرُوجٍۢ مُّشَيَّدَةٍۢ ۗ وَإِن تُصِبْهُمْ حَسَنَةٌۭ يَقُولُوا۟ هَٰذِهِۦ مِنْ عِندِ ٱللَّهِ ۖ وَإِن تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌۭ يَقُولُوا۟ هَٰذِهِۦ مِنْ عِندِكَ ۚ قُلْ كُلٌّۭ مِّنْ عِندِ ٱللَّهِ ۖ فَمَالِ هَٰٓؤُلَآءِ ٱلْقَوْمِ لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثًۭا

Wherever you may be, death will overtake you, even if you should be within towers of lofty construction. But if good comes to them, they say, "This is from Allah "; and if evil befalls them, they say, "This is from you." Say, "All [things] are from Allah." So what is [the matter] with those people that they can hardly understand any statement?

Эгер ажалыңар жетсе, кайсы жерде болсоңор да, согуш талаасынан алыстагы бекем курулган ак сарайыңардын ичинде болсо да өлүм келет. Тиги каапырлар бала-чакасы, ырыскысы мол болуп калса: бул Аллахтын бергени дешет. А эгер бала-чакасында же ырыскысында тарчылык болуп, кыйынчылыкка кабылса, муну дароо пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) шылтап ырымдап: бул жамандык сенин айыңдан болду дешет. Эй, элчи, алардын сөзүн кайтарып: бардык жакшылык жана жамандык Аллахтын өлчөм, тагдыры менен болот деп айт. Мына ушундай сөздөр айтылса да ага түшүнбөгөн бул адамдарга эмне болгон?!

79

مَّآ أَصَابَكَ مِنْ حَسَنَةٍۢ فَمِنَ ٱللَّهِ ۖ وَمَآ أَصَابَكَ مِن سَيِّئَةٍۢ فَمِن نَّفْسِكَ ۚ وَأَرْسَلْنَٰكَ لِلنَّاسِ رَسُولًۭا ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدًۭا

What comes to you of good is from Allah, but what comes to you of evil, [O man], is from yourself. And We have sent you, [O Muhammad], to the people as a messenger, and sufficient is Allah as Witness.

Оо, Адам баласы, сени кубандыра турган бала-чака, ырыскы ж.б. көп болуусу бул Аллахтан, муну сага Аллах артыкча кылды. Ал эми сени кайгырта турган бала-чака, ырыскы ж.б. нерседеги жамандыктар сенин өзүңдөн, сенин күнөөгө кириптер болгондугуңдан. Эй, пайгамбар, биз сени бардык адам баласына Аллахтын элчиси кылып, Жаратуучуңдун динин жеткирүү үчүн жибергенбиз. Сага берген далилдер менен динди жеткиргениңеАллах Өзү жетиштүү күбө.

80

مَّن يُطِعِ ٱلرَّسُولَ فَقَدْ أَطَاعَ ٱللَّهَ ۖ وَمَن تَوَلَّىٰ فَمَآ أَرْسَلْنَٰكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًۭا

He who obeys the Messenger has obeyed Allah; but those who turn away - We have not sent you over them as a guardian.

Пайгамбардын буйругун аткарып, тыйганынан тыйылып ага баш ийсе; демек ал Аллахка баш ийген болот. Ал эми, эй, элчи, ким сага баш ийбесе, сен ага кайгырба, Биз сени анын ар бир ишин көзөмөлдөөчү кароол кылып жиберген эмеспиз, Биз анын ишин эсептеп, эсеп-кысап кылабыз.

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.