Muslim99Muslim99
← Tafsir library

4. An-Nisaa

The Women · Medinan · 176 ayahs

سُورَةُ النِّسَاءِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 61–70 of 176

61

وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا۟ إِلَىٰ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَإِلَى ٱلرَّسُولِ رَأَيْتَ ٱلْمُنَٰفِقِينَ يَصُدُّونَ عَنكَ صُدُودًۭا

And when it is said to them, "Come to what Allah has revealed and to the Messenger," you see the hypocrites turning away from you in aversion.

Бул эки жүздүүлөргө, келгиле, Аллах Таала китебинде түшүргөн өкүмдөргө жана Аллахтын элчисине кайталы, силердин талашыңарга туура өкүм чыгарып берсин деп айтылса, алардын сенден толук баш тартып, башка өкүм чыгаруучуга кеткенин көрөсүң

62

فَكَيْفَ إِذَآ أَصَٰبَتْهُم مُّصِيبَةٌۢ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ثُمَّ جَآءُوكَ يَحْلِفُونَ بِٱللَّهِ إِنْ أَرَدْنَآ إِلَّآ إِحْسَٰنًۭا وَتَوْفِيقًا

So how [will it be] when disaster strikes them because of what their hands have put forth and then they come to you swearing by Allah, "We intended nothing but good conduct and accommodation."

Жасаган күнөөлөрүнүн себебинен экү жүздүүлөрдүн башына балээ келсе, абалдары кандай болот? Эй, элчи, кийин алар сага келип, сенден башкадан өкүм суроо менен жакшылыкты жана талашуучуларды бириктирүүнү каалаганбыз деп, үзүр-себебин айтып ант ичишет (беришет) Алар ушунтип жалган айтышат, чыны, жакшылык Аллах Таала пенделерине шарият кылган өкүмдөрдө

63

أُو۟لَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يَعْلَمُ ٱللَّهُ مَا فِى قُلُوبِهِمْ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَعِظْهُمْ وَقُل لَّهُمْ فِىٓ أَنفُسِهِمْ قَوْلًۢا بَلِيغًۭا

Those are the ones of whom Allah knows what is in their hearts, so turn away from them but admonish them and speak to them a far-reaching word.

Аллах Таала алардын жүрөгүндөгү эки жүздүүлүгүн жана жаман ниеттерин билет. эй, элчи, аларды ташта, алардан жүз бур, аларга Аллахтын өкүмүн кызыктырып, эскертип, жан-дүйнөсүн сиңе тургандай жеткиликтүү кылып айт

64

وَمَآ أَرْسَلْنَا مِن رَّسُولٍ إِلَّا لِيُطَاعَ بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۚ وَلَوْ أَنَّهُمْ إِذ ظَّلَمُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ جَآءُوكَ فَٱسْتَغْفَرُوا۟ ٱللَّهَ وَٱسْتَغْفَرَ لَهُمُ ٱلرَّسُولُ لَوَجَدُوا۟ ٱللَّهَ تَوَّابًۭا رَّحِيمًۭا

And We did not send any messenger except to be obeyed by permission of Allah. And if, when they wronged themselves, they had come to you, [O Muhammad], and asked forgiveness of Allah and the Messenger had asked forgiveness for them, they would have found Allah Accepting of repentance and Merciful.

Ар бир жөнөтүлгөн пайгамбарды Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен Аллахка баш ие турган кылып жөнөттүк. Эгер тиги эки жүздүүлөр күнөөлөрү менен жанына зыян келтиргенден кийин сага келип, кылгандарына өкүнүп, тообо кылышканда жана аларга кечирим тилөөнү суранышканда, анда алар Аллах Таала аларга ырайым кылып, тооболорун кабыл кылганын көрүшмөк.

65

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا۟ فِىٓ أَنفُسِهِمْ حَرَجًۭا مِّمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا۟ تَسْلِيمًۭا

But no, by your Lord, they will not [truly] believe until they make you, [O Muhammad], judge concerning that over which they dispute among themselves and then find within themselves no discomfort from what you have judged and submit in [full, willing] submission.

Иштин жайы тиги эки жүздүүлөр ойлогондой эмес. Аллах Таала бул жерде Өзүнүн улуулугуна ант берип, алар бардык талаштуу иштеринде пайгамбардын көзү тирүүсүндө аны өкүм чыгаруучу кылмайынча, көзү өтүп кеткенден кийин анын шариятын өкүм чыгаруучу кылмайынча жана пайгамбардын өкүмүнө ыраазы болмоюнча, жүрөктөрүндө ага карата эч бир жек көрүү, шек-күмөн калтырбай, ичи-сырты менен толук ишенип өздөрүн тапшырмайынча, аларды чыныгы ыймандуу болушпайт.

66

وَلَوْ أَنَّا كَتَبْنَا عَلَيْهِمْ أَنِ ٱقْتُلُوٓا۟ أَنفُسَكُمْ أَوِ ٱخْرُجُوا۟ مِن دِيَٰرِكُم مَّا فَعَلُوهُ إِلَّا قَلِيلٌۭ مِّنْهُمْ ۖ وَلَوْ أَنَّهُمْ فَعَلُوا۟ مَا يُوعَظُونَ بِهِۦ لَكَانَ خَيْرًۭا لَّهُمْ وَأَشَدَّ تَثْبِيتًۭا

And if We had decreed upon them, "Kill yourselves" or "Leave your homes," they would not have done it, except for a few of them. But if they had done what they were instructed, it would have been better for them and a firmer position [for them in faith].

аяттарга түшүндүрмө) Биз аларга бири-бирин өлтүрүүнү же жашаган жеринен чыгып кетүүнү буйрусак; бйругубузду алардын азы гана аткарды, аларга машакат жараткан ишти жүктөбөгөнү үчүн Аллахка мактоо айтышсын. Эгер тигилер каршы чыгуунун ордуна Аллахка баш ийип Анын айтканын аткарышканда жакшы болмок, ыймандары да бекемделмек. Аларга чоң сооп-сый тартууламакпыз, Аллахка жана бейишке алып бара турган туура жолго салып коймокпуз

67

وَإِذًۭا لَّءَاتَيْنَٰهُم مِّن لَّدُنَّآ أَجْرًا عَظِيمًۭا

And then We would have given them from Us a great reward.

аяттарга түшүндүрмө) Биз аларга бири-бирин өлтүрүүнү же жашаган жеринен чыгып кетүүнү буйрусак; бйругубузду алардын азы гана аткарды, аларга машакат жараткан ишти жүктөбөгөнү үчүн Аллахка мактоо айтышсын. Эгер тигилер каршы чыгуунун ордуна Аллахка баш ийип Анын айтканын аткарышканда жакшы болмок, ыймандары да бекемделмек. Аларга чоң сооп-сый тартууламакпыз, Аллахка жана бейишке алып бара турган туура жолго салып коймокпуз

68

وَلَهَدَيْنَٰهُمْ صِرَٰطًۭا مُّسْتَقِيمًۭا

And We would have guided them to a straight path.

аяттарга түшүндүрмө) Биз аларга бири-бирин өлтүрүүнү же жашаган жеринен чыгып кетүүнү буйрусак; буйругубузду алардын азы гана аткарды, аларга машакат жараткан ишти жүктөбөгөнү үчүн Аллахка мактоо айтышсын. Эгер тигилер каршы чыгуунун ордуна Аллахка баш ийип Анын айтканын аткарышканда жакшы болмок, ыймандары да бекемделмек. Аларга чоң сооп-сый тартууламакпыз, Аллахка жана бейишке алып бара турган туура жолго салып коймокпуз.

69

وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ فَأُو۟لَٰٓئِكَ مَعَ ٱلَّذِينَ أَنْعَمَ ٱللَّهُ عَلَيْهِم مِّنَ ٱلنَّبِيِّۦنَ وَٱلصِّدِّيقِينَ وَٱلشُّهَدَآءِ وَٱلصَّٰلِحِينَ ۚ وَحَسُنَ أُو۟لَٰٓئِكَ رَفِيقًۭا

And whoever obeys Allah and the Messenger - those will be with the ones upon whom Allah has bestowed favor of the prophets, the steadfast affirmers of truth, the martyrs and the righteous. And excellent are those as companions.

Ким Аллахка жанан Анын элчисине баш ийсе, ал, Аллах Таала бейишке кирүү жакшылыгын ыроологон пайгамбарлар, пайгамбарлар алып келген нерсеге чын жүрөктөн ишенип, аны иш жүзүндө аткарган ыймандуулар, Аллах жолунда каза болгон шейиттер, ичи-тышы таза, ибадат-иштери так салих кишилер менен бирге болот. Булар бейиштеги эң жакшы жолдоштор.

70

ذَٰلِكَ ٱلْفَضْلُ مِنَ ٱللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ عَلِيمًۭا

That is the bounty from Allah, and sufficient is Allah as Knower.

Жогоруда айтылган сооп-сый Аллах Тааланын пенделерине берген артыкчылыгынан, алардын абалдарын билүүгө Аллах жетиштүү, эми алардын ар бирин ишине жараша сыйлайт

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.