Яхудилердин арасында Аллах Таала түшүргөн сөздөрдү өзгөрткөн жамандары бар. Сөздү Аллах Таала түшүргөн маани-маңызынан бурмалап, туура эмес, башка мааниде колдонушат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аларга бир ишти буйруган кезде, алар: сенин сөзүңдү уктук, бирок сенин буйругуңа баш ийбедик дешет. Анан шылдыңдап: биздин айтканыбызды укпасаң да угасың; деп, анан "рааина" (бизге күтө тур) деген сөздү бурмалап, пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сөз тийгизип, диндин баркын түшүрүүнү максат кылып (ушул сөзгө уңгулаш болгон) "наадан" деген сөздү колдонушту. Эгер алар сенин айтканыңды уктук, бирок сенин буйругуңа баш ийбедик дегендин ордуна, сенин айтканыңды уктук, сенин буйругуңа баш ийдик дешкенде, ошондой эле, бизди укпасаң да угасың дебей, бизди ук дешкенде жана "рааина" дебей "унзурнаа" сенин айтканыңды биз түшүнүшүбүз үчүн бизди күтө тур дешкенде алардын өздөрүнө жакшы жана туура болмок; анткени мында пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ылайыктуу жакшы адеп бар эле. Бирок алар минтишкен жок, Аллах Таала аларды каапырлыгы себептүү ырайымынан кууп каргыштады. Алар пайдалуу ыйманга келишпейт.