Muslim99Muslim99
← Tafsir library

4. An-Nisaa

The Women · Medinan · 176 ayahs

سُورَةُ النِّسَاءِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 31–40 of 176

31

إِن تَجْتَنِبُوا۟ كَبَآئِرَ مَا تُنْهَوْنَ عَنْهُ نُكَفِّرْ عَنكُمْ سَيِّـَٔاتِكُمْ وَنُدْخِلْكُم مُّدْخَلًۭا كَرِيمًۭا

If you avoid the major sins which you are forbidden, We will remove from you your lesser sins and admit you to a noble entrance [into Paradise].

Оо, ыймандуулар, Аллахка шерик кошуу, ата-эненин каргышына калуу, адмм өлтүрүү, сүткордук кылуу сыяктуу чөн күнөөлөрдөн сактансаңар, кичине күнөөлөрүңөрдү кечирем. Анан кереметтүү жай бейишке киргизем

32

وَلَا تَتَمَنَّوْا۟ مَا فَضَّلَ ٱللَّهُ بِهِۦ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ ۚ لِّلرِّجَالِ نَصِيبٌۭ مِّمَّا ٱكْتَسَبُوا۟ ۖ وَلِلنِّسَآءِ نَصِيبٌۭ مِّمَّا ٱكْتَسَبْنَ ۚ وَسْـَٔلُوا۟ ٱللَّهَ مِن فَضْلِهِۦٓ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمًۭا

And do not wish for that by which Allah has made some of you exceed others. For men is a share of what they have earned, and for women is a share of what they have earned. And ask Allah of his bounty. Indeed Allah is ever, of all things, Knowing.

Оо, ыйман келтиргендер, бири-бириңердеги Аллах ыроологон артыкчылыктарга көралбастык кылбагыла; Аллах Таала эркектерге гана тиешелүү кылган нерсеге аялдардын үмүт кылуусу болбойт. Ар биринде өзүнө жараша үлүшү бар. Аллах Тааладан Ал бере турган нерсени көбөйтүүсүн сурангыла; Аллах Таала чынында бардык нерсени Билүүчү жана ар бирине өзүнө ылайыгын берет.

33

وَلِكُلٍّۢ جَعَلْنَا مَوَٰلِىَ مِمَّا تَرَكَ ٱلْوَٰلِدَانِ وَٱلْأَقْرَبُونَ ۚ وَٱلَّذِينَ عَقَدَتْ أَيْمَٰنُكُمْ فَـَٔاتُوهُمْ نَصِيبَهُمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ شَهِيدًا

And for all, We have made heirs to what is left by parents and relatives. And to those whom your oaths have bound [to you] - give them their share. Indeed Allah is ever, over all things, a Witness.

Баарыңарга ата-энесинен же жакын туугандарынан калган мурасты ала турган тууганчылыкты жаратып койдук. Силерге жардам берүүгө жана артыңарда турууга ишенимдүү келишим түзгөн дос-жардамчыларыңарга мурастан насибин бергиле. Аллах Таала чынында баардык нерсеге Күбө болуучу, силердин ыйманыңарга жана келишимиңерге да күбө. Бул, досторго мурас берүү исламдын баштапкы учурунда бар болчу, кийин бул өкүм жокко чыккан.

34

ٱلرِّجَالُ قَوَّٰمُونَ عَلَى ٱلنِّسَآءِ بِمَا فَضَّلَ ٱللَّهُ بَعْضَهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ وَبِمَآ أَنفَقُوا۟ مِنْ أَمْوَٰلِهِمْ ۚ فَٱلصَّٰلِحَٰتُ قَٰنِتَٰتٌ حَٰفِظَٰتٌۭ لِّلْغَيْبِ بِمَا حَفِظَ ٱللَّهُ ۚ وَٱلَّٰتِى تَخَافُونَ نُشُوزَهُنَّ فَعِظُوهُنَّ وَٱهْجُرُوهُنَّ فِى ٱلْمَضَاجِعِ وَٱضْرِبُوهُنَّ ۖ فَإِنْ أَطَعْنَكُمْ فَلَا تَبْغُوا۟ عَلَيْهِنَّ سَبِيلًا ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيًّۭا كَبِيرًۭا

Men are in charge of women by [right of] what Allah has given one over the other and what they spend [for maintenance] from their wealth. So righteous women are devoutly obedient, guarding in [the husband's] absence what Allah would have them guard. But those [wives] from whom you fear arrogance - [first] advise them; [then if they persist], forsake them in bed; and [finally], strike them. But if they obey you [once more], seek no means against them. Indeed, Allah is ever Exalted and Grand.

Эркектер аялдарын башкаруучу жана көзөмөлдөөчү, анткени эркектерди Аллах Таала ушуга ылайык кылып, аялдардын напакасын (үй-жай, тамак-аш, кийим-кече) алардын моюнуна жүктөгөн. Жаратуучусуна, күйөөсүнө баш ийген, күйөөсү жокто Аллахтын көмөгү менен өз абийирин жана күйөөсүнүн мал-дүйнөсүн сактаган аялдар - жакшы аялдар. Тили же иш-аракети менен күйөөсүнө баш ийбей, тоң моюндук кылган аялдарга, жылуу-жумшак эскертип, Аллахтан коркуу керектигин насаат кылгыла. Буга көнбөсө, анда төшөк аркылуу, тагыраагы, бирге жатпай, жакындык кылбай эскерткиле. Буга да болбосо, анда аза бербей, акырын ургула. Эгер майнап чыгып, силерге баш ие баштаса, мындан ашыкка барып (уруп-урушуп) аларга залым кылбагыла. Аллах Таала чынында улуулуктун Ээси, заты да, сыпаты да Жогору, Андан корккула

35

وَإِنْ خِفْتُمْ شِقَاقَ بَيْنِهِمَا فَٱبْعَثُوا۟ حَكَمًۭا مِّنْ أَهْلِهِۦ وَحَكَمًۭا مِّنْ أَهْلِهَآ إِن يُرِيدَآ إِصْلَٰحًۭا يُوَفِّقِ ٱللَّهُ بَيْنَهُمَآ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا خَبِيرًۭا

And if you fear dissension between the two, send an arbitrator from his people and an arbitrator from her people. If they both desire reconciliation, Allah will cause it between them. Indeed, Allah is ever Knowing and Acquainted [with all things].

Оо, жубайлардын ишенимдүү кишилери (өкүлдөрү), эгер жубайлардын ортосунда келишпестик, душмандык пайда болот деп корксоңор, аларды ажыратууга же элдештирүүгө өкүм чыгаруу үчүн күйөөнүн да, аялдын да туугандарынан бир адил кишини жибергиле. Өкүм чыгаруучулар аларды элдештирүүнү кааласа жана аларга ушундай жолду көрсөтүшсө, жараштыруу жакшы, пайдалуу иш. Ошондо Аллах жубайлардын ынтымагын бекемдеп, ортодогу келишпестикти жок кылат. Аллах Таалага чынында пенделеринин эч бир иши жашыруун эмес, алардын жүрөгүндө жашырылган майда-баратты бүт Билүүчү

36

۞ وَٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا۟ بِهِۦ شَيْـًۭٔا ۖ وَبِٱلْوَٰلِدَيْنِ إِحْسَٰنًۭا وَبِذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَٱلْيَتَٰمَىٰ وَٱلْمَسَٰكِينِ وَٱلْجَارِ ذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَٱلْجَارِ ٱلْجُنُبِ وَٱلصَّاحِبِ بِٱلْجَنۢبِ وَٱبْنِ ٱلسَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَٰنُكُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ مَن كَانَ مُخْتَالًۭا فَخُورًا

Worship Allah and associate nothing with Him, and to parents do good, and to relatives, orphans, the needy, the near neighbor, the neighbor farther away, the companion at your side, the traveler, and those whom your right hands possess. Indeed, Allah does not like those who are self-deluding and boastful.

Аллахка баш ийип ибадат кылгыла, Аны менен бирге башкага ибадат кылбагыла. Ата-энеңерди урматтап, бапестеп жакшылык кылгыла. Жакын туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге жакшылык кылгыла. Туугандыгы бар кошунаңарга да, туугандыгы жогуна да жакшылык кылгыла. Жаныңардагы шеригиңерге, сапарын улай албай калган карып, мусаапырга жакшылык кылгыла. Кол алдыңардагы кызматчы, кулдарга жакшылык кылгыла. Өзүнө-өзү чиренип өзүн-өзү мактагандарды жана өзгөлөрдү тоотпой текеберлик кылгандарды Аллах Таала жакшы көрбөйт.

37

ٱلَّذِينَ يَبْخَلُونَ وَيَأْمُرُونَ ٱلنَّاسَ بِٱلْبُخْلِ وَيَكْتُمُونَ مَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضْلِهِۦ ۗ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَٰفِرِينَ عَذَابًۭا مُّهِينًۭا

Who are stingy and enjoin upon [other] people stinginess and conceal what Allah has given them of His bounty - and We have prepared for the disbelievers a humiliating punishment -

Аллах ырыскы кылып берген нерседен башкаларга берүү милдетинен качып сараңдык кылгандарды жана башкаларды да ушуга үнөдгөндөрдү Аллах Таала жакшы көрбөйт. Алар Өзүнүн артыкчылыгы менен берген илим, ырыскы жана башка нерселерди жашырышат. Элге чындыкты айтпай, жашырып, жалганды айтышат. Мындай кысылет сыпаттар каапырларга таандык. Каапырларга аларды кор кыла турган азапты даярдап койгонбуз

38

وَٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمْوَٰلَهُمْ رِئَآءَ ٱلنَّاسِ وَلَا يُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَلَا بِٱلْيَوْمِ ٱلْءَاخِرِ ۗ وَمَن يَكُنِ ٱلشَّيْطَٰنُ لَهُۥ قَرِينًۭا فَسَآءَ قَرِينًۭا

And [also] those who spend of their wealth to be seen by the people and believe not in Allah nor in the Last Day. And he to whom Satan is a companion - then evil is he as a companion.

Ошондой эле, Аллахка да, Кыямат күнүнө да ишенбеген, элге көрүнүү жана алардын мактоосуна татыктуу болуу үчүн мал-мүлкүнөн садага бергендерге да азапты даярдап койгонбуз; аларга ошол кор кылуучу азапты даядаганбыз. Алар шайтанга ээрчиген үчүн гана адашышты. Кимге шайтан дайыма чогуу жүрүүчү жолдош болсо, демек ал эң жаман жолдош

39

وَمَاذَا عَلَيْهِمْ لَوْ ءَامَنُوا۟ بِٱللَّهِ وَٱلْيَوْمِ ٱلْءَاخِرِ وَأَنفَقُوا۟ مِمَّا رَزَقَهُمُ ٱللَّهُ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِهِمْ عَلِيمًا

And what [harm would come] upon them if they believed in Allah and the Last Day and spent out of what Allah provided for them? And Allah is ever, about them, Knowing.

Эгер алар Аллахка жана Кыямат күнгө чындап ыйман келтирип, мал-дүйнөсүн Аллах жакшы көрүп, ыраазы болгон жолго садага кылса, аларга эмне зыянын тийгизмек?! Тескерисинче, жакшылыктын баары ушунда болмок. Аллах Таала аларды Билүүчү, алардын абалы Ага жашыруун эмес, кийин баарын кылган ишине жараша жазалайт же сыйлайт.

40

إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَظْلِمُ مِثْقَالَ ذَرَّةٍۢ ۖ وَإِن تَكُ حَسَنَةًۭ يُضَٰعِفْهَا وَيُؤْتِ مِن لَّدُنْهُ أَجْرًا عَظِيمًۭا

Indeed, Allah does not do injustice, [even] as much as an atom's weight; while if there is a good deed, He multiplies it and gives from Himself a great reward.

Аллах Таала чынында Адил, пенделерине залым кылбайт. Алардын жакшы иштеринен кичине кумурскачалык да кемитпейт, күнөөлөрүнө да эч нерсе кошпойт. Эгер пендеде чаңдын кыпынындай жакшылыгы болсо, артыкчылыгы менен аны бир канча эсе көбөйтөт, анан Өзүнөн өтө чоң сооп-сый берет

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.