Muslim99Muslim99
← Tafsir library

4. An-Nisaa

The Women · Medinan · 176 ayahs

سُورَةُ النِّسَاءِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 11–20 of 176

11

يُوصِيكُمُ ٱللَّهُ فِىٓ أَوْلَٰدِكُمْ ۖ لِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ ٱلْأُنثَيَيْنِ ۚ فَإِن كُنَّ نِسَآءًۭ فَوْقَ ٱثْنَتَيْنِ فَلَهُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَكَ ۖ وَإِن كَانَتْ وَٰحِدَةًۭ فَلَهَا ٱلنِّصْفُ ۚ وَلِأَبَوَيْهِ لِكُلِّ وَٰحِدٍۢ مِّنْهُمَا ٱلسُّدُسُ مِمَّا تَرَكَ إِن كَانَ لَهُۥ وَلَدٌۭ ۚ فَإِن لَّمْ يَكُن لَّهُۥ وَلَدٌۭ وَوَرِثَهُۥٓ أَبَوَاهُ فَلِأُمِّهِ ٱلثُّلُثُ ۚ فَإِن كَانَ لَهُۥٓ إِخْوَةٌۭ فَلِأُمِّهِ ٱلسُّدُسُ ۚ مِنۢ بَعْدِ وَصِيَّةٍۢ يُوصِى بِهَآ أَوْ دَيْنٍ ۗ ءَابَآؤُكُمْ وَأَبْنَآؤُكُمْ لَا تَدْرُونَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ لَكُمْ نَفْعًۭا ۚ فَرِيضَةًۭ مِّنَ ٱللَّهِ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًۭا

Allah instructs you concerning your children: for the male, what is equal to the share of two females. But if there are [only] daughters, two or more, for them is two thirds of one's estate. And if there is only one, for her is half. And for one's parents, to each one of them is a sixth of his estate if he left children. But if he had no children and the parents [alone] inherit from him, then for his mother is one third. And if he had brothers [or sisters], for his mother is a sixth, after any bequest he [may have] made or debt. Your parents or your children - you know not which of them are nearest to you in benefit. [These shares are] an obligation [imposed] by Allah. Indeed, Allah is ever Knowing and Wise.

Аллах Таала силерге келишим кылып, балдарыңардын мурасы тууралуу буларга буйруду; Мурас уул балага эки кыз балага берилчү өлчөмдө берилет. Эгер маркумда уулу жок жалаң кыз болсо, анда эки кызына мурастын үчтөн экиси тиет. А эгер мурас алуучу жалгыз эле кыз болсо, ага мурастын жарымы берилет. Эгер маркумдун уул же кызы болсо, бул учурда анын ата-энесине алтыдан бири тиешелүү болот. А эгер маркумдун перзенти болбосо, анда анын энесине үчтөн бири берилип, калганы атасына берилет. Эгер маркумдун эки же андан көп ага-ини, эже-карындаштары болсо, анда энесине милдеттүү түрдө алтынан бири берилет да, калганы атасына калат, бир туугандарына эч нерсе берилбейт. Мурасты мындай тартипте бөлүштүрүү, маркум мурасты осуят кылгандан кийин жана маркумдун карыздары болсо, аны төлөгөндөн кийин ишке ашырылат. Анан да мурасты маркумдун малынын үчтөн биринен ашырып жибербөө керек, тагыраагы, андан калган мал-мүлктөн үчтөн бири гана мураска бөлүнөт. Мурасты ушинтип бөлүштүрүүнү парз кылганынын себеби, адамдар ата-энесинин же балдарынын кимиси ага бул дүйнөдө да, акыретте да пайдалуу экенин билбейт. Билбегени себептүү бирөөсүн жакшы көрүп, бүт малын ага мураска калтырышы мүмкүн. Дагы бирин жаман көрүп,ага такыр мурас калтырбай коюшу да мүмкүн. А чынында, ал ойлогондой болбой (жакшы көргөнү зыянкеч, жаман көргөнү пайдалуу болуп) калуусу толук мүмкүн. Мунун баарын Ага эч нерсе жашыруун калбаган Аллах билет. Ошон үчүн мурасты жогорудагыдай бөлүштүрүүнү буйруду. Муну пенделери сөзсүз аткара турган милдет кылды. Аллах Таала чынында Билүүчү, пенделерине эмне жагары Ага жашыруун эмес. Ал шарият кылууда, жана өкүм чыгарууда Даанышман.

12

۞ وَلَكُمْ نِصْفُ مَا تَرَكَ أَزْوَٰجُكُمْ إِن لَّمْ يَكُن لَّهُنَّ وَلَدٌۭ ۚ فَإِن كَانَ لَهُنَّ وَلَدٌۭ فَلَكُمُ ٱلرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْنَ ۚ مِنۢ بَعْدِ وَصِيَّةٍۢ يُوصِينَ بِهَآ أَوْ دَيْنٍۢ ۚ وَلَهُنَّ ٱلرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْتُمْ إِن لَّمْ يَكُن لَّكُمْ وَلَدٌۭ ۚ فَإِن كَانَ لَكُمْ وَلَدٌۭ فَلَهُنَّ ٱلثُّمُنُ مِمَّا تَرَكْتُم ۚ مِّنۢ بَعْدِ وَصِيَّةٍۢ تُوصُونَ بِهَآ أَوْ دَيْنٍۢ ۗ وَإِن كَانَ رَجُلٌۭ يُورَثُ كَلَٰلَةً أَوِ ٱمْرَأَةٌۭ وَلَهُۥٓ أَخٌ أَوْ أُخْتٌۭ فَلِكُلِّ وَٰحِدٍۢ مِّنْهُمَا ٱلسُّدُسُ ۚ فَإِن كَانُوٓا۟ أَكْثَرَ مِن ذَٰلِكَ فَهُمْ شُرَكَآءُ فِى ٱلثُّلُثِ ۚ مِنۢ بَعْدِ وَصِيَّةٍۢ يُوصَىٰ بِهَآ أَوْ دَيْنٍ غَيْرَ مُضَآرٍّۢ ۚ وَصِيَّةًۭ مِّنَ ٱللَّهِ ۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَلِيمٌۭ

And for you is half of what your wives leave if they have no child. But if they have a child, for you is one fourth of what they leave, after any bequest they [may have] made or debt. And for the wives is one fourth if you leave no child. But if you leave a child, then for them is an eighth of what you leave, after any bequest you [may have] made or debt. And if a man or woman leaves neither ascendants nor descendants but has a brother or a sister, then for each one of them is a sixth. But if they are more than two, they share a third, after any bequest which was made or debt, as long as there is no detriment [caused]. [This is] an ordinance from Allah, and Allah is Knowing and Forbearing.

Оо, күйөөлөр, эгер аялыңардын силерден же башкадан перзенти болбосо, андан калган мурастын тең жарымы силерге тишелүү. А эгер, алардын эркекпи, кызбы, иши кылып перзенти болсо, анда калган мүлктөн силерге төрттөн бири гана тиет. Бул үлүш качан ал аял мурасты осуят кылып жана анын карыздары төлөнгөндөн кийин бөлүнөт. Эй, күйөөлөр, эгер силердин балаңар болбосо, силерден калган мүлктөн аялдарыңарга төрттөн бири тиешелүү болот. А эгер балаңар болсо, анда аялдарыңарга сегизден бири тиет. Бул үлүш качан силер мурасты осуят кылып жана силердин карызыңар төлөнгөндөн кийин бөлүнөт. Эгер каза болгон эркектин же аялдын ата-энеси да, бала-чакасы да жок болсо, бирок эне тараптан бир эркек же ургаачы бир тууганы болсо, калган мүлктөн ага алтыдан бири милдеттүү түрдө берилет. Эгер ал туугандар бирден көп болсо, алардын баары калган мүлктүн үчтөн бирине шериктеш болуп бөлүп алышат. Бөлүшүүдө эркек, ургаачысы бирдей. Бул үлүшүн да алар маркумдун осятынан жана карызы төлөнгөндөн кийин бөлүп алышат. Себеби, осят кылган мурасы мал-мүлкүнүн үчтөн биринен көп болуп калып, мураскорлордун бирине залым болуп калуусу мүмкүн. Мына ушул аятта айтылган мурас бөлүштүрүү өкүмү Аллахтын силерге милдет кылган келишим-буйругу. Аллах Таала пенделерине бул дүйнөдө да,акыретте да эмне пайдалуу экенин Билүүчү, күнөөкөрлөрдү жазалоого шашылбаган Жумшак пейил.

13

تِلْكَ حُدُودُ ٱللَّهِ ۚ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ يُدْخِلْهُ جَنَّٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ

These are the limits [set by] Allah, and whoever obeys Allah and His Messenger will be admitted by Him to gardens [in Paradise] under which rivers flow, abiding eternally therein; and that is the great attainment.

Жетимдер тууралуу, мурас тууралуу айтылган өкүмдөр, пенделери билүүсү үчүн түзүлгөн Аллахтын шарияты. Буйруктарын аткаруу, күнөөлөрдөн тыйылуу аркылуу Аллахка жана Анын элчисине баш ийгендерди Аллах Таала ак сарайынын алдынан шылдыр суулары агып турган бейишке киргизет. Алар анда түбөлүк турушат, анда эч нерсе жок болуп кетпейт. Бул Аллахтын сыйлыгы ийгиликтин ийгилиги.

14

وَمَن يَعْصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَيَتَعَدَّ حُدُودَهُۥ يُدْخِلْهُ نَارًا خَٰلِدًۭا فِيهَا وَلَهُۥ عَذَابٌۭ مُّهِينٌۭ

And whoever disobeys Allah and His Messenger and transgresses His limits - He will put him into the Fire to abide eternally therein, and he will have a humiliating punishment.

Ал эми өкүмдөрүн бурмалап, аны иш жүзүндө аткарбай, ага күмөн санап, шаряит чектеген чектен чыгып Аллахка жана Анын элчисине күнөөкөр болгондорду тозокко киргизет. Анда алар түбөлүк калат жана түгөнбөс азапка малынат

15

وَٱلَّٰتِى يَأْتِينَ ٱلْفَٰحِشَةَ مِن نِّسَآئِكُمْ فَٱسْتَشْهِدُوا۟ عَلَيْهِنَّ أَرْبَعَةًۭ مِّنكُمْ ۖ فَإِن شَهِدُوا۟ فَأَمْسِكُوهُنَّ فِى ٱلْبُيُوتِ حَتَّىٰ يَتَوَفَّىٰهُنَّ ٱلْمَوْتُ أَوْ يَجْعَلَ ٱللَّهُ لَهُنَّ سَبِيلًۭا

Those who commit unlawful sexual intercourse of your women - bring against them four [witnesses] from among you. And if they testify, confine the guilty women to houses until death takes them or Allah ordains for them [another] way.

Аялдарыңардан зинага барып күнөөгө батканы болсо, ага адыл төрт мусулман эркек киши күбөго тарткыла, эгер алар аялдын ушул күнөөгө барганына күбө болушса, аялдын жазасы катары аны үйгө камап койгула. Ал өлгөнгө чейин же Аллах Таала ага камактан башка бир жазаны сунуштаганга чейин үйдө камалып турсун. Кийин Аллах Таала аларга башка жазаны шарият кылды, тагыраагы, эгер зына кылган аял турмушка чыга элек болсо ага жүз балак урулат, ал эми турмушка чыккан жубан болсо таш бараңга алынат.

16

وَٱلَّذَانِ يَأْتِيَٰنِهَا مِنكُمْ فَـَٔاذُوهُمَا ۖ فَإِن تَابَا وَأَصْلَحَا فَأَعْرِضُوا۟ عَنْهُمَآ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ تَوَّابًۭا رَّحِيمًا

And the two who commit it among you, dishonor them both. But if they repent and correct themselves, leave them alone. Indeed, Allah is ever Accepting of repentance and Merciful.

Зына кылган эркек менен аялды тилиңер жана колуңар менен жазалап кордогула. А эгер күнөөлөрүн моюндап, андан баш тартып, жакшы амалдарды жасаса, ыза берүүнү токтоткула. Анткени, тообо кылуучу күнөөсү жок адамдай болуп калат. Аллах Таала пенделеринен ким тообо кылса, ага ырайым кылып тообосун кабылдайт. Жазанын мындай түрү исламдын алгачкы күндөрүндө болчу, кийин бул өкүм күчүн жоготуп, турмуш кура электерге жүз балак, турмуш кургандарга таш бараң өкүмү чыкты

17

إِنَّمَا ٱلتَّوْبَةُ عَلَى ٱللَّهِ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَٰلَةٍۢ ثُمَّ يَتُوبُونَ مِن قَرِيبٍۢ فَأُو۟لَٰٓئِكَ يَتُوبُ ٱللَّهُ عَلَيْهِمْ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًۭا

The repentance accepted by Allah is only for those who do wrong in ignorance [or carelessness] and then repent soon after. It is those to whom Allah will turn in forgiveness, and Allah is ever Knowing and Wise.

Күнөөнүн акыбетин жана зыянын билбестен бут коюп алган адам, мейли ал күнөөнү билбестен жасасын, мейли атайын жасасын, кийин дароо Жаратуучусуна кайтып, өлүму келе электе тообо кылса, мындай адамдардын тообосун Аллах кабыл кылат, күнөөсүн кечирет. Аллах Таала Өзү жараткан макулуктарынын абалын Билүүчү, аларга тагдыр кылууда жана шарият кылууда Даанышман

18

وَلَيْسَتِ ٱلتَّوْبَةُ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ حَتَّىٰٓ إِذَا حَضَرَ أَحَدَهُمُ ٱلْمَوْتُ قَالَ إِنِّى تُبْتُ ٱلْـَٰٔنَ وَلَا ٱلَّذِينَ يَمُوتُونَ وَهُمْ كُفَّارٌ ۚ أُو۟لَٰٓئِكَ أَعْتَدْنَا لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًۭا

But repentance is not [accepted] of those who [continue to] do evil deeds up until, when death comes to one of them, he says, "Indeed, I have repented now," or of those who die while they are disbelievers. For them We have prepared a painful punishment.

Күнөө артынан күнөө жасап, кекиртегине ажалы келгенче тообо кылбай, анан ошол кезде: күнөөмө тообо кылдым деп жан үрөгөндөрдүн тобосун Аллах кабыл кылбайт. Ошол учурда алардын бири: мына азыр кылган күнөөлөрүмө тообо кылдым - деп айтат. Ошондой эле каапыр боюнча жүрүп өтүп кеткендердин тобосун да кабыл кылбайт. Ушинтип күнөө үстүнө күнөө кылгандарга жана каапыр тейде өтүп кеткендерге жан кейитүүчү азап даярдап койгонбуз.

19

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا يَحِلُّ لَكُمْ أَن تَرِثُوا۟ ٱلنِّسَآءَ كَرْهًۭا ۖ وَلَا تَعْضُلُوهُنَّ لِتَذْهَبُوا۟ بِبَعْضِ مَآ ءَاتَيْتُمُوهُنَّ إِلَّآ أَن يَأْتِينَ بِفَٰحِشَةٍۢ مُّبَيِّنَةٍۢ ۚ وَعَاشِرُوهُنَّ بِٱلْمَعْرُوفِ ۚ فَإِن كَرِهْتُمُوهُنَّ فَعَسَىٰٓ أَن تَكْرَهُوا۟ شَيْـًۭٔا وَيَجْعَلَ ٱللَّهُ فِيهِ خَيْرًۭا كَثِيرًۭا

O you who have believed, it is not lawful for you to inherit women by compulsion. And do not make difficulties for them in order to take [back] part of what you gave them unless they commit a clear immorality. And live with them in kindness. For if you dislike them - perhaps you dislike a thing and Allah makes therein much good.

Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, атаңардан жана жакындарыңардан калган жесир аялдарды малды мураска алгандай мурастап алганыңар, аларды никеге алганыңар, каалаганыңарга никелегениңер жана аларды башка бирөөгө турмушка чыгуудан тыйып койгонуңар туура эмес жорук. Силер өзүңөргө жакпаган аялыңарды, эгер ал махыр акысынын бир бөлүгүн же башка нерсени силерге төлөп, ажырашууну талап кылса, аны жазалайын деп кетирбей койбогула. Эгерде ал аял зына сыяктуу жаман ишке бут койсо, анда махыр акысын кайтарып алуу үчүн аны кетирбей турсаңар болот. Аялыңарга зыян азар бербей, напаканы жакшы берип жылуу-жумшак болгула. Кайсы бир кемчилиги үчүн жаман көрсөңөр, ага сабыр кылгыла; ошол силерге жакпаган нерсе аркылуу бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык табышыңар толук мүмкүн

20

وَإِنْ أَرَدتُّمُ ٱسْتِبْدَالَ زَوْجٍۢ مَّكَانَ زَوْجٍۢ وَءَاتَيْتُمْ إِحْدَىٰهُنَّ قِنطَارًۭا فَلَا تَأْخُذُوا۟ مِنْهُ شَيْـًٔا ۚ أَتَأْخُذُونَهُۥ بُهْتَٰنًۭا وَإِثْمًۭا مُّبِينًۭا

But if you want to replace one wife with another and you have given one of them a great amount [in gifts], do not take [back] from it anything. Would you take it in injustice and manifest sin?

Оо, күйөөлөр, эгер аялыңарга талак берүүнү кааласаңар жана ордун башка бирөөнү алмакчы болсоңор; бул силерге күнөө эмес. Бирок, анын махырына көп мал-мүлк берген болсоңор, аны кайра алып калбагыла, аны алып калуу анык доомат жана ачык күнөө

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.