ٱلَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمْ فَإِن كَانَ لَكُمْ فَتْحٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ قَالُوٓا۟ أَلَمْ نَكُن مَّعَكُمْ وَإِن كَانَ لِلْكَٰفِرِينَ نَصِيبٌۭ قَالُوٓا۟ أَلَمْ نَسْتَحْوِذْ عَلَيْكُمْ وَنَمْنَعْكُم مِّنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ۚ فَٱللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ ۗ وَلَن يَجْعَلَ ٱللَّهُ لِلْكَٰفِرِينَ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا
Those who wait [and watch] you. Then if you gain a victory from Allah, they say, "Were we not with you?" But if the disbelievers have a success, they say [to them], "Did we not gain the advantage over you, but we protected you from the believers?" Allah will judge between [all of] you on the Day of Resurrection, and never will Allah give the disbelievers over the believers a way [to overcome them].
Алар силерге жакшылык болобу, жамандык болобу күтүп турушат. Эгер силерге Аллах жардам берип, олжого ээ болсоңор, олжодон алып калуу үчүн: "биз силер менен бирге, силер күбө болгон нерсеге күбө болбодукпу?!" дешет. А эгер жеңиш каапырлар тарапка оосо, аларга: "биз силерге жардам, колдоо көрсөтүп, ыймандуулардан силерди коргободук беле?! дешет. Кыяматта баарыңардын үстүнөн Аллах өкүм чыгарат, ыймандуулар бейишке кирүү менен сыйланат, эки жүздүүлөр тозоктун эң төмөнкү катмарына түшүү менен жазаланат. Аллах Таала кыямат күнү каапырлар ыймандуулардын үстүнөн далил алып келүүсүнө жол бербейт, тескерисинче ыймандууларга жакшы акыбетин берет. Эгер ыймандарында чынчыл болуп, шарияттын чегинен чыгышпаса.