Muslim99Muslim99
← Tafsir library

4. An-Nisaa

The Women · Medinan · 176 ayahs

سُورَةُ النِّسَاءِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 131–140 of 176

131

وَلِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۗ وَلَقَدْ وَصَّيْنَا ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَٰبَ مِن قَبْلِكُمْ وَإِيَّاكُمْ أَنِ ٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ۚ وَإِن تَكْفُرُوا۟ فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَنِيًّا حَمِيدًۭا

And to Allah belongs whatever is in the heavens and whatever is on the earth. And We have instructed those who were given the Scripture before you and yourselves to fear Allah. But if you disbelieve - then to Allah belongs whatever is in the heavens and whatever is on the earth. And ever is Allah Free of need and Praiseworthy.

Асман-жердеги жана алардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Жалгыз Аллахка таандык. Китеп ээлерине да, силерге да Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылууну келишим кылганбыз. Бул келишимди бузсаңар, өзүңөргө гана зыяны тиет. Аллах Таала силердин баш ийүүңөргө муктаж эмес, асман-жердеги мүлк, падышалыктын баары Ага таандык. Ал бардык жаратылгандарга муктаж эмес, бардык сыпаттары жана иштери макталган Зат

An-Nisaa 4:131Listen in Qur'an →
132

وَلِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًا

And to Allah belongs whatever is in the heavens and whatever is on the earth. And sufficient is Allah as Disposer of affairs.

Асман-жердеги мүлк, падышалыктын баары Жалгыз Аллахка таандык, баш ийүүгө ылайык. Жаратылгандардын бардык абалдарын көзөмөлдөөгө жетиштүү Өкүл

An-Nisaa 4:132Listen in Qur'an →
133

إِن يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ أَيُّهَا ٱلنَّاسُ وَيَأْتِ بِـَٔاخَرِينَ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ ذَٰلِكَ قَدِيرًۭا

If He wills, He can do away with you, O people, and bring others [in your place]. And ever is Allah competent to do that.

Эй, адамдар, эгер кааласа силерди жок кылып кырып, Аллахка баш ийип, күнөөдөн тыйыла турган силерден башкаларды жаратып коёт, мындай кылууга Аллах Таала Кудуреттүү

An-Nisaa 4:133Listen in Qur'an →
134

مَّن كَانَ يُرِيدُ ثَوَابَ ٱلدُّنْيَا فَعِندَ ٱللَّهِ ثَوَابُ ٱلدُّنْيَا وَٱلْءَاخِرَةِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ سَمِيعًۢا بَصِيرًۭا

Whoever desires the reward of this world - then with Allah is the reward of this world and the Hereafter. And ever is Allah Hearing and Seeing.

Эй, адамдар, силерден ким иш-аракети үчүн бул дүйнөнүн гана жакшылыгын кааласа, билсин, Аллахта дүйнө-акыреттин сообу бар, бул экөөнүн тең сооп-сыйын сурасын, Аллах Таала силердин сөзүңөрду Угуучу, иш-аракетиңерди Көрүүчү, кийин ошого жараша силерди сыйлайт же жазалайт

An-Nisaa 4:134Listen in Qur'an →
135

۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ كُونُوا۟ قَوَّٰمِينَ بِٱلْقِسْطِ شُهَدَآءَ لِلَّهِ وَلَوْ عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمْ أَوِ ٱلْوَٰلِدَيْنِ وَٱلْأَقْرَبِينَ ۚ إِن يَكُنْ غَنِيًّا أَوْ فَقِيرًۭا فَٱللَّهُ أَوْلَىٰ بِهِمَا ۖ فَلَا تَتَّبِعُوا۟ ٱلْهَوَىٰٓ أَن تَعْدِلُوا۟ ۚ وَإِن تَلْوُۥٓا۟ أَوْ تُعْرِضُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًۭا

O you who have believed, be persistently standing firm in justice, witnesses for Allah, even if it be against yourselves or parents and relatives. Whether one is rich or poor, Allah is more worthy of both. So follow not [personal] inclination, lest you not be just. And if you distort [your testimony] or refuse [to give it], then indeed Allah is ever, with what you do, Acquainted.

Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарга ээрчиген ыймандуулар, бардык абалңарда адилеттүү болгула. Бардык адамдарга күбөлүк берүүдө адил болгула. Эгер өзүңөрдүн зыяныңарга же ата-энеңердин, же жакын туугандарыңардын зыянына болсо да күбөлүк берүүдө адил болгула. Алардын кедейлиги же байлыгы аларга күбөлүк берүүгө же бербей коюуга тоскоол болбосун. Кедейге да, байга да силерге караганда Аллах абзелирээк жана алардын жакшылыгын билүүчүрөөк. Чындык ачыкка чыгып калбоосу үчүн күбөлүк берүүдө каалооңорго берилип кетпегиле. Эгер күбөлүктү өзүнө ылайык болбогон жакка буруп өзгөртсөңөр же күбөлүк берүүдөн баш тартсаңар; Аллах Таала чынында силердин эмне кылганыңардан Кабардар.

An-Nisaa 4:135Listen in Qur'an →
136

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ ءَامِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلْكِتَٰبِ ٱلَّذِى نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَٱلْكِتَٰبِ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ مِن قَبْلُ ۚ وَمَن يَكْفُرْ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ وَٱلْيَوْمِ ٱلْءَاخِرِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَٰلًۢا بَعِيدًا

O you who have believed, believe in Allah and His Messenger and the Book that He sent down upon His Messenger and the Scripture which He sent down before. And whoever disbelieves in Allah, His angels, His books, His messengers, and the Last Day has certainly gone far astray.

Оо, ыймандуулар, Аллахка жана Анын элчисине, Анын элчисине түшүрүлгөн Куранга, андан мурдагы пайгамбарларына түшүргөн китепке болгон ишенимиңерде бекем болгула. Ким Аллахка, периштелерине, китептерине, элчилерине, кыямат күнүнө ишенбей каапырлык кылса; анда ал туура жолдон өтө алыс кетиптир

An-Nisaa 4:136Listen in Qur'an →
137

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ثُمَّ كَفَرُوا۟ ثُمَّ ءَامَنُوا۟ ثُمَّ كَفَرُوا۟ ثُمَّ ٱزْدَادُوا۟ كُفْرًۭا لَّمْ يَكُنِ ٱللَّهُ لِيَغْفِرَ لَهُمْ وَلَا لِيَهْدِيَهُمْ سَبِيلًۢا

Indeed, those who have believed then disbelieved, then believed, then disbelieved, and then increased in disbelief - never will Allah forgive them, nor will He guide them to a way.

Ыйман келтиргенден кийин кайра динден чыгып, кийин кайра ыйман келтирип,кийин дагы динден чыгып, каапырлыгын бир канча жолу кайталаган жана каапыр тейинче жүрүп өтүп кеткендер; Аллах алардын күнөөсүн кечирбейт, Аллах Таалага алып барчу түз жолду аларга ыраа көрбөйт

An-Nisaa 4:137Listen in Qur'an →
138

بَشِّرِ ٱلْمُنَٰفِقِينَ بِأَنَّ لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا

Give tidings to the hypocrites that there is for them a painful punishment -

Оо, элчи, сыртынан ыймандуу, ичинде каапыр болгон эки жүздүүлөргө кыямат күнү Аллах Тааланын кордоочу азабы болорун айтып сүйүнчүлө

An-Nisaa 4:138Listen in Qur'an →
139

ٱلَّذِينَ يَتَّخِذُونَ ٱلْكَٰفِرِينَ أَوْلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلْمُؤْمِنِينَ ۚ أَيَبْتَغُونَ عِندَهُمُ ٱلْعِزَّةَ فَإِنَّ ٱلْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًۭا

Those who take disbelievers as allies instead of the believers. Do they seek with them honor [through power]? But indeed, honor belongs to Allah entirely.

Алар ыймандууларды эмес, каапырларды жардамчы, колдоочу кылып алганы үчүн аларга ушундай азап болот, (алардын ошолорго ишенип алуусу таң калыштуу). алар көтөрүлүү үчүн ошолордон күч, колдоо сурашабы?! Чынында күч да, колдоо да, баары Аллахта.

An-Nisaa 4:139Listen in Qur'an →
140

وَقَدْ نَزَّلَ عَلَيْكُمْ فِى ٱلْكِتَٰبِ أَنْ إِذَا سَمِعْتُمْ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ يُكْفَرُ بِهَا وَيُسْتَهْزَأُ بِهَا فَلَا تَقْعُدُوا۟ مَعَهُمْ حَتَّىٰ يَخُوضُوا۟ فِى حَدِيثٍ غَيْرِهِۦٓ ۚ إِنَّكُمْ إِذًۭا مِّثْلُهُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ جَامِعُ ٱلْمُنَٰفِقِينَ وَٱلْكَٰفِرِينَ فِى جَهَنَّمَ جَمِيعًا

And it has already come down to you in the Book that when you hear the verses of Allah [recited], they are denied [by them] and ridiculed; so do not sit with them until they enter into another conversation. Indeed, you would then be like them. Indeed Allah will gather the hypocrites and disbelievers in Hell all together -

Оо, момундар, Аллах Таала силерге Куранда, эгер бир отурушта отурсаңар жана анда Аллахтын аяттарына каапыр болгон жана аны шылдыңдагандарды уксаңар; Аллахтын аяттарына каапыр болбогон жана шылдыңдабаган башка сөзгө өтмөйүнчө аларды таштап ал жерден туруп кетүү зарыл деген өкүмдү түшүрдү. Эгер алардан Аллахтын аяттарына каапыр болгон жана аны шылдыңдаган сөздөрүн уккандан кийин деле алар менен отура берсеңер, Аллахтын ишине каршы чыгууда алар менен бирдей болуп каласыңар; анткени алар каапырлыгы менен Аллахка күнөөкөр болгондой эле силер да алар менен чогуу олтуруп Аллахка күнөөкөр болдуңар. Кыямат күнү Аллах Таала сыртын мусулман көрсөтүп, каапырлыгын ичине жашырган эки жүздүүлөрдүн баарын каапырлар менен бирге тозокко киргизет

An-Nisaa 4:140Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.