Оо, элчи, сенден аялдар тууралуу аларга жана алардан эмне аткарылуу милдет экенин сурашат. Сен айт: Аллах силер сураган нерсени баян кылган, Курандагы силердин кол алдыңардагы жетим кыздардын абалы, аларга берилүүсү парз болгон махыр жана мурасты бербей койгонуңар, аларды никелөөгө кызыкпаганыңар, алардын малына кызыгып аларды никелендирбей койгонуңар (тууралуу айтылган аяттарда баян кылган). Силерге ал алсыз-байкуштар кичине кезинде аларга мурас берүү милдет экени, алардын малын иштетип залым кылбооңор зарыл экени баян кылынды. Жетимдерге алардын дүйнө-акыреттеги абалын жакшырта тургандай адилдик менен мамиле кылуу милдет экени баян кылынды. Жетимдерге болобу, башкага болобу кандай жакшылык кылсаңар, аны Аллах Билүүчү, кийин ошого жараша сыйланасыңар