يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُوا۟ رَبَّكُمُ ٱلَّذِى خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍۢ وَٰحِدَةٍۢ وَخَلَقَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَبَثَّ مِنْهُمَا رِجَالًۭا كَثِيرًۭا وَنِسَآءًۭ ۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ٱلَّذِى تَسَآءَلُونَ بِهِۦ وَٱلْأَرْحَامَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَيْكُمْ رَقِيبًۭا
O mankind, fear your Lord, who created you from one soul and created from it its mate and dispersed from both of them many men and women. And fear Allah, through whom you ask one another, and the wombs. Indeed Allah is ever, over you, an Observer.
Оо, адамдар, Жаратуучуңардан корккула. Ал силерди бир жандан, тагыраагы Адам атадан жаратты. Адам атадан анын жубайы, силердин энеңер Хаваны жаратты. Анан ал экөөнөн жер бети толо эркек, аялдарды таратты. Аллахтан корккула, Анын аты менен бири-бириңден бир нерсе сурайсыңар, башкача айтканда, Аллахтын аты менен сураймын, мага мындай жардам берчи деп айтасыңар. Ортоңордо байланышы бар туугандыкты үзүүдө да Аллахтан корккула. Аллах Таала чынында силерди көзөмөлдөп турат, силердин кылганыңар Анын көзөмөлүнөн сыртта калбайт. Баарын эсептеп, ошого жараша сый же жаза берет.