وَإِذَا طَلَّقْتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَبَلَغْنَ أَجَلَهُنَّ فَأَمْسِكُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ أَوْ سَرِّحُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍۢ ۚ وَلَا تُمْسِكُوهُنَّ ضِرَارًۭا لِّتَعْتَدُوا۟ ۚ وَمَن يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَقَدْ ظَلَمَ نَفْسَهُۥ ۚ وَلَا تَتَّخِذُوٓا۟ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ هُزُوًۭا ۚ وَٱذْكُرُوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ وَمَآ أَنزَلَ عَلَيْكُم مِّنَ ٱلْكِتَٰبِ وَٱلْحِكْمَةِ يَعِظُكُم بِهِۦ ۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۭ
And when you divorce women and they have [nearly] fulfilled their term, either retain them according to acceptable terms or release them according to acceptable terms, and do not keep them, intending harm, to transgress [against them]. And whoever does that has certainly wronged himself. And do not take the verses of Allah in jest. And remember the favor of Allah upon you and what has been revealed to you of the Book and wisdom by which He instructs you. And fear Allah and know that Allah is Knowing of all things.
Эгерде аялыңарга талак берип, алардын күтүү (идда) мөөнөтүнүн бүтүшүнө аз калса, анда күтүү мөөнөтү бүткөнгө чейин аларды жакшылык менен алып калгыла же коё бергиле. Аларды Исламга чейинки караңгы доордо кылынгандай зыян берүү же зомбулук көрсөтүү максатында алып калбагыла. Ким аларга зыян келтирүү максатында ушундай кылса, анда ал өзүн күнөөгө жана жазага дуушар кылуу менен өзүнө-өзү зулум кылган болот. Аллахтын аяттарын оюн тутуу жана ага асылуу менен шылдың ордуна коюп албагыла. Аллахтын силерге кылган жакшылыктарын эстегиле, алардын эң улугу – силерге түшүрүлгөн Куран жана сүннөт. Ал муну силерди шыктандыруу жана сестендирүү үчүн эскертет. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштоо менен Андан корккула. Билгиле, Аллах баарын Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге анын сыйлыгын же жазасын берет.