Muslim99Muslim99
← Tafsir library

2. Al-Baqara

The Cow · Medinan · 286 ayahs

سُورَةُ البَقَرَةِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 161–170 of 286

161

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَمَاتُوا۟ وَهُمْ كُفَّارٌ أُو۟لَٰٓئِكَ عَلَيْهِمْ لَعْنَةُ ٱللَّهِ وَٱلْمَلَٰٓئِكَةِ وَٱلنَّاسِ أَجْمَعِينَ

Indeed, those who disbelieve and die while they are disbelievers - upon them will be the curse of Allah and of the angels and the people, all together,

Каапырлык кылып, ага тообо кылбастан каапыр болуп өлгөндөргө Аллахтын ырайымынан алыстатуу менен Анын каргышы болсун, аларга периштелердин жана бардык адамдардын Аллахтын ырайымынан алыс болсун деген каргыш дубасы болсун.

Al-Baqara 2:161Listen in Qur'an →
162

خَٰلِدِينَ فِيهَا ۖ لَا يُخَفَّفُ عَنْهُمُ ٱلْعَذَابُ وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ

Abiding eternally therein. The punishment will not be lightened for them, nor will they be reprieved.

Бул каргыш алардан кетпейт, алардын азабы бир күн да жеңилдетилбейт жана кыямат күнү аларга мөөнөт да берилбейт.

Al-Baqara 2:162Listen in Qur'an →
163

وَإِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌۭ وَٰحِدٌۭ ۖ لَّآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلرَّحْمَٰنُ ٱلرَّحِيمُ

And your god is one God. There is no deity [worthy of worship] except Him, the Entirely Merciful, the Especially Merciful.

Оо, адамдар! Чыныгы кудайыңар затында жана сыпаттарында Жалгыз. Андан башка сыйынуугу татыктуу кудай жок. Ал чексиз ырайымдуулук ээси болгон Мээримдүү, пенделерине Ырайымдуу. Анткени аларга сансыз жакшылыктарды берген.

Al-Baqara 2:163Listen in Qur'an →
164

إِنَّ فِى خَلْقِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَٱخْتِلَٰفِ ٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ وَٱلْفُلْكِ ٱلَّتِى تَجْرِى فِى ٱلْبَحْرِ بِمَا يَنفَعُ ٱلنَّاسَ وَمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مِن مَّآءٍۢ فَأَحْيَا بِهِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٍۢ وَتَصْرِيفِ ٱلرِّيَٰحِ وَٱلسَّحَابِ ٱلْمُسَخَّرِ بَيْنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلْأَرْضِ لَءَايَٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ

Indeed, in the creation of the heavens and earth, and the alternation of the night and the day, and the [great] ships which sail through the sea with that which benefits people, and what Allah has sent down from the heavens of rain, giving life thereby to the earth after its lifelessness and dispersing therein every [kind of] moving creature, and [His] directing of the winds and the clouds controlled between the heaven and the earth are signs for a people who use reason.

Чындыгында асмандар менен жердин жана алардагы кереметтүү макулуктардын жаралышында, күн менен түндүн алмашуусунда, тамак-аш, кийим-кече, соода-сатык сыяктуу жана башка адамдар муктаж болгон пайдалуу нерселерди ташып, деңиз сууларында сүзүп жүргөн кемелерде, эгиндер менен жайыттарды өстүрүп, жерди тирилтүү үчүн Аллах асмандан түшүргөн жамгыр суусунда, ал жерде тирүү жандыктарды таркатуусунда, шамалдардын бир тараптан экинчи тарапка өзгөрүүсүндө, асман менен жердин ортосунда моюн сунуучу булуттарда, мына ушулардын баарысында далилдерге акыл жүгүртүп түшүнгөндөр үчүн Аллахтын жалгыздыгына ачык-айкын аят-белгилер бар.

Al-Baqara 2:164Listen in Qur'an →
165

وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَتَّخِذُ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَندَادًۭا يُحِبُّونَهُمْ كَحُبِّ ٱللَّهِ ۖ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَشَدُّ حُبًّۭا لِّلَّهِ ۗ وَلَوْ يَرَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓا۟ إِذْ يَرَوْنَ ٱلْعَذَابَ أَنَّ ٱلْقُوَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًۭا وَأَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعَذَابِ

And [yet], among the people are those who take other than Allah as equals [to Him]. They love them as they [should] love Allah. But those who believe are stronger in love for Allah. And if only they who have wronged would consider [that] when they see the punishment, [they will be certain] that all power belongs to Allah and that Allah is severe in punishment.

Ушундай ачык-айкын аят-белгилерге карабастан, адамдардын арасында Аллахтан башка кудайларды тутунган, аларды Аллах таалага теңеп, Аллахты сүйгөндөй сүйгөн адамдар бар. Ал эми ыйман келтиргендердин Аллахка болгон сүйүүсү алардын кудайларына болгон сүйүүсүнөн күчтүүрөөк. Анткени алар Аллахка эч кимди шерик кылышпайт, жыргалчылыкта да, кыйынчылыкта да Аллахты жакшы көрүшөт. Ал эми тигилер кудайларын жыргалчылык учурда гана жакшы көрүшөт, ал эми кыйынчылыкта Аллахка гана дуба кылышат. Эгерде ширк жана күнөө кылган залымдар акыретте азапка күбө болушканын көрүшкөндө, бүткүл күч-кубатка Аллах гана ээ экенин жана баш ийбестик кылгандарга Анын азабы катаал экенин билишмек. Эгерде алар муну көрүшкөндө, Ага эч кимди шерик кылышмак эмес.

Al-Baqara 2:165Listen in Qur'an →
166

إِذْ تَبَرَّأَ ٱلَّذِينَ ٱتُّبِعُوا۟ مِنَ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوا۟ وَرَأَوُا۟ ٱلْعَذَابَ وَتَقَطَّعَتْ بِهِمُ ٱلْأَسْبَابُ

[And they should consider that] when those who have been followed disassociate themselves from those who followed [them], and they [all] see the punishment, and cut off from them are the ties [of relationship],

Мына ошондо ээрчиткен башчылар кыяматтагы коркунучтарды жана кыйынчылыктарды көргөндө аларды ээрчиген алсыздардан баш тартышат. Анткени алар үчүн кутулууга эч кандай себеп да, чара да калбайт.

Al-Baqara 2:166Listen in Qur'an →
167

وَقَالَ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوا۟ لَوْ أَنَّ لَنَا كَرَّةًۭ فَنَتَبَرَّأَ مِنْهُمْ كَمَا تَبَرَّءُوا۟ مِنَّا ۗ كَذَٰلِكَ يُرِيهِمُ ٱللَّهُ أَعْمَٰلَهُمْ حَسَرَٰتٍ عَلَيْهِمْ ۖ وَمَا هُم بِخَٰرِجِينَ مِنَ ٱلنَّارِ

Those who followed will say, "If only we had another turn [at worldly life] so we could disassociate ourselves from them as they have disassociated themselves from us." Thus will Allah show them their deeds as regrets upon them. And they are never to emerge from the Fire.

Алсыздар жана ээрчигендер: «Аттиң, биз үчүн дүйнөгө бир жолу кайтуу мүмкүн болгондо, башчыларыбыз бизден баш тарткан сыяктуу биз дагы алардан баш тартмакпыз» – дешет. Аллах аларга акыретте катуу азапты көрсөткөндөй, башчыларын жалганда ээрчүүнүн акыбети өкүнүчтөр жана кайгы-капалар экенин көрсөтөт. Алар тозоктон эч качан чыгышпайт.

Al-Baqara 2:167Listen in Qur'an →
168

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ كُلُوا۟ مِمَّا فِى ٱلْأَرْضِ حَلَٰلًۭا طَيِّبًۭا وَلَا تَتَّبِعُوا۟ خُطُوَٰتِ ٱلشَّيْطَٰنِ ۚ إِنَّهُۥ لَكُمْ عَدُوٌّۭ مُّبِينٌ

O mankind, eat from whatever is on earth [that is] lawful and good and do not follow the footsteps of Satan. Indeed, he is to you a clear enemy.

Оо, адамдар! Жер бетиндеги жаныбарлардан, жер-жемиштерден жана бак-дарактардан адал жолдо табылганын, өзү ыплас эмес таза болгондорун жегиле жана адаштыруучу шайтандын жолдоруна түшпөгүлө. Чындыгында ал силерге ачык түрдө кастык кылган душман. Акыл-эстүү адам үчүн ага зыян келтирген жана адаштырууга аракет кылган душманын ээрчүү жакшы эмес.

Al-Baqara 2:168Listen in Qur'an →
169

إِنَّمَا يَأْمُرُكُم بِٱلسُّوٓءِ وَٱلْفَحْشَآءِ وَأَن تَقُولُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

He only orders you to evil and immorality and to say about Allah what you do not know.

Чындыгында ал силерди жамандык иштерге жана чоң күнөөлөргө буйруйт, ошондой эле ишенимдерде жана шариятта Аллахтан же Анын элчилеринен келген илимден кабарсыз абалда силерди Аллахка карата жалган сүйлөөгө буйруйт.

Al-Baqara 2:169Listen in Qur'an →
170

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّبِعُوا۟ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ قَالُوا۟ بَلْ نَتَّبِعُ مَآ أَلْفَيْنَا عَلَيْهِ ءَابَآءَنَآ ۗ أَوَلَوْ كَانَ ءَابَآؤُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ شَيْـًۭٔا وَلَا يَهْتَدُونَ

And when it is said to them, "Follow what Allah has revealed," they say, "Rather, we will follow that which we found our fathers doing." Even though their fathers understood nothing, nor were they guided?

Эгерде ал каапырларга: «Аллах түшүргөн туура жолго жана нурга ээрчигиле» – деп айтылса, алар каршы чыгып: «Жок, биз ата-бабаларыбыздын ишенимдерим жана каада-салттарын карманабыз» – дешти. Алардын ата-бабалары туура жол менен нурдан эч кандай түшүнүгү жок болуп, Аллах ыраазы болгон акыйкат жолго түшпөсө да аларды ээрчий беришеби?!

Al-Baqara 2:170Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.