Muslim99Muslim99
← Tafsir library

8. Al-Anfaal

The Spoils of War · Medinan · 75 ayahs

سُورَةُ الأَنفَالِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 1–10 of 75

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

1

يَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلْأَنفَالِ ۖ قُلِ ٱلْأَنفَالُ لِلَّهِ وَٱلرَّسُولِ ۖ فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَصْلِحُوا۟ ذَاتَ بَيْنِكُمْ ۖ وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ

They ask you, [O Muhammad], about the bounties [of war]. Say, "The [decision concerning] bounties is for Allah and the Messenger." So fear Allah and amend that which is between you and obey Allah and His Messenger, if you should be believers.

Оо, элчи, сахбаларың сенден олжо тууралуу, аны кантип бөлүштүрөрүңдү, кимге берериңди сурашат. Эй, элчи, алардын суроосуна жооп берип: "Олжолор Аллах жана Анын элчисине тиешелүү, аны бөлүштүрүү жана таратуу өкүмү да Аллахка жана Анын элчисине тиешелүү. Силер баш ийгиле жана макул болгула. Эй, ыймандуулар, Аллахтын тыйган иштеринен тыйылып, буйруган иштерин аткарып Ага такыба болгула. Жумшактык, байланышуу, кечирүү жана жакшы мүнөз аркылуу араңадагы кайчы пикирди, тескери бурулууну оңдогула. Эгер чындай ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын элчисине бекем баш ийгиле. Анткени, ыйман баш ийүүгө жакындатып, күнөөдөн алыстатат" - деп айт. Сахабалар "Бадр" казаты болгондо ушинтип сурашкан.

2

إِنَّمَا ٱلْمُؤْمِنُونَ ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ ٱللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَإِذَا تُلِيَتْ عَلَيْهِمْ ءَايَٰتُهُۥ زَادَتْهُمْ إِيمَٰنًۭا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

The believers are only those who, when Allah is mentioned, their hearts become fearful, and when His verses are recited to them, it increases them in faith; and upon their Lord they rely -

Акыйкатта, чыныгы ыймандуулар, эгер Кемчиликсиз Аллах Таала зикр кылынса, жүрөктөрү коркунучка толот; жүрөктөрү да денелери да ибадатка тартылат. Эгер аларга Куран аяттары окулса, ага акыл жүгүртүшөт, анан алардын ыйманы андан да көбөйөт. Жакшылык иштерди кылууда да, жамандык иштерден кутулдууда да Раббисине гана таянып, тобокел кылышат.

3

ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَمِمَّا رَزَقْنَٰهُمْ يُنفِقُونَ

The ones who establish prayer, and from what We have provided them, they spend.

Алар намазды өз убактысында, талаптагыдай аткарууну улантышат жана Биз ырыскыландырган нерселерден милдеттүү жана ыктыярдуу садагаларын беришет.

4

أُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُؤْمِنُونَ حَقًّۭا ۚ لَّهُمْ دَرَجَٰتٌ عِندَ رَبِّهِمْ وَمَغْفِرَةٌۭ وَرِزْقٌۭ كَرِيمٌۭ

Those are the believers, truly. For them are degrees [of high position] with their Lord and forgiveness and noble provision.

Жогорудагы сыпаттар менен сыпатталгандар ыймандын белгилерин жана Исламдын көрүнүшүн өздөрүнө камтыгыны үчүн алар чыныгы ыймандуулар; Алардын сыйы Раббисинин алдындагы бийик орун, күнөөлөрүнүн кечирилүүсү жана кенен ырыскы. Булар Аллах аларга даярдап койгон жакшылыктар.

5

كَمَآ أَخْرَجَكَ رَبُّكَ مِنۢ بَيْتِكَ بِٱلْحَقِّ وَإِنَّ فَرِيقًۭا مِّنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ لَكَٰرِهُونَ

[It is] just as when your Lord brought you out of your home [for the battle of Badr] in truth, while indeed, a party among the believers were unwilling,

Силер олжону бөлүштүрүүдө келише албай, талашып-тартышканыңарда, Аллах аны силерден тартып алып Аллахка жана Анын элчисине тиешелүү кылып койгону сыяктуу, Эй, элчи, ыймандуулардын бир бөлүгүнө жакпаса да, Раббиң сени Мадинадан бутпарастарга каршы аттанууга буйруду.

6

يُجَٰدِلُونَكَ فِى ٱلْحَقِّ بَعْدَمَا تَبَيَّنَ كَأَنَّمَا يُسَاقُونَ إِلَى ٱلْمَوْتِ وَهُمْ يَنظُرُونَ

Arguing with you concerning the truth after it had become clear, as if they were being driven toward death while they were looking on.

Оо, элчи, ыймандуулардын бул бөлүгү, аларга өкүм анык болгондон кийин деле бутпарастар менен согушуу тууралуу, абалды көздөрү менен көрүп туруп, өлүмгө айдалып бара жаткансып сени менен талашат. Бул алардын согушка чыгууну аябай жек көрүшкөнүнөн улам.

7

وَإِذْ يَعِدُكُمُ ٱللَّهُ إِحْدَى ٱلطَّآئِفَتَيْنِ أَنَّهَا لَكُمْ وَتَوَدُّونَ أَنَّ غَيْرَ ذَاتِ ٱلشَّوْكَةِ تَكُونُ لَكُمْ وَيُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُحِقَّ ٱلْحَقَّ بِكَلِمَٰتِهِۦ وَيَقْطَعَ دَابِرَ ٱلْكَٰفِرِينَ

[Remember, O believers], when Allah promised you one of the two groups - that it would be yours - and you wished that the unarmed one would be yours. But Allah intended to establish the truth by His words and to eliminate the disbelievers

Оо, талашып-тартышкан ыймандуулар, эстегиле, Аллах силерге бутпарастардын эки тобунун бирин жеңдирүүнү убада кылды.Эки топтун бири буюм-терим алып келе жаткан кербен, аны жеңип олжо аласыңар, экинчиси куралдуу аскерлер, алар менен согушуп жеңишке жетесиңер дегенде, силер согушсуз оңой басып алына турган кербенди тандадыңар. Аллах болсо, силер бутпарастардын баатырларын өлтүрүп, көбүн туткун кылып, Исламдын күч-кубатын жарыя кылууңар үчүн согуш аркылуу чындыкты ачыкка чыгарууну каалады.

8

لِيُحِقَّ ٱلْحَقَّ وَيُبْطِلَ ٱلْبَٰطِلَ وَلَوْ كَرِهَ ٱلْمُجْرِمُونَ

That He should establish the truth and abolish falsehood, even if the criminals disliked it.

Исламдын жана мусулмандардын жүзүн ачуу менен Аллах акыйкатты орнотту, бул диндин ачындык экенин көрсөтүү менен болду. Ошондой эле Аллах жалганды жок кылды, бул анын жалган экенине ачык далиллдер менен болду. Муну бутпарастар жактырбаса да, Аллах ачыкка чыгарды.

9

إِذْ تَسْتَغِيثُونَ رَبَّكُمْ فَٱسْتَجَابَ لَكُمْ أَنِّى مُمِدُّكُم بِأَلْفٍۢ مِّنَ ٱلْمَلَٰٓئِكَةِ مُرْدِفِينَ

[Remember] when you asked help of your Lord, and He answered you, "Indeed, I will reinforce you with a thousand from the angels, following one another."

Бадр согушу болгон күнү душмандарыңарга каршы жеңиш тилеп, жардам сураганыңарды эстегиле. Ошондо Аллах силердин дубаңарды кабыл кылып, биринин артынан бири келген миң периштени түшүрүп силерди колдоду.

10

وَمَا جَعَلَهُ ٱللَّهُ إِلَّا بُشْرَىٰ وَلِتَطْمَئِنَّ بِهِۦ قُلُوبُكُمْ ۚ وَمَا ٱلنَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِندِ ٱللَّهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

And Allah made it not but good tidings and so that your hearts would be assured thereby. And victory is not but from Allah. Indeed, Allah is Exalted in Might and Wise.

Оо, ыймандуулар, Аллах периштелер менен колдоону силердин душманыңарды жеңгениңер үчүн сүйүнчү катары жана жеңишке жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн көрсөттү. Жеңиш аскердин санынын көптүгү менен болбойт, жеңиш - Аллахтын колунда. Акыйкатта, Аллаалх падышалыгында Кубаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, шарият жана тагдыр кылууда Даашынман.

Al-Anfaal 8:10Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.