يَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلْأَنفَالِ ۖ قُلِ ٱلْأَنفَالُ لِلَّهِ وَٱلرَّسُولِ ۖ فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَصْلِحُوا۟ ذَاتَ بَيْنِكُمْ ۖ وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ
They ask you, [O Muhammad], about the bounties [of war]. Say, "The [decision concerning] bounties is for Allah and the Messenger." So fear Allah and amend that which is between you and obey Allah and His Messenger, if you should be believers.
Оо, элчи, сахбаларың сенден олжо тууралуу, аны кантип бөлүштүрөрүңдү, кимге берериңди сурашат. Эй, элчи, алардын суроосуна жооп берип: "Олжолор Аллах жана Анын элчисине тиешелүү, аны бөлүштүрүү жана таратуу өкүмү да Аллахка жана Анын элчисине тиешелүү. Силер баш ийгиле жана макул болгула. Эй, ыймандуулар, Аллахтын тыйган иштеринен тыйылып, буйруган иштерин аткарып Ага такыба болгула. Жумшактык, байланышуу, кечирүү жана жакшы мүнөз аркылуу араңадагы кайчы пикирди, тескери бурулууну оңдогула. Эгер чындай ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын элчисине бекем баш ийгиле. Анткени, ыйман баш ийүүгө жакындатып, күнөөдөн алыстатат" - деп айт. Сахабалар "Бадр" казаты болгондо ушинтип сурашкан.