Muslim99Muslim99
← Tafsir library

6. Al-An'aam

The Cattle · Meccan · 165 ayahs

سُورَةُ الأَنۡعَامِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 51–60 of 165

51

وَأَنذِرْ بِهِ ٱلَّذِينَ يَخَافُونَ أَن يُحْشَرُوٓا۟ إِلَىٰ رَبِّهِمْ ۙ لَيْسَ لَهُم مِّن دُونِهِۦ وَلِىٌّۭ وَلَا شَفِيعٌۭ لَّعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ

And warn by the Qur'an those who fear that they will be gathered before their Lord - for them besides Him will be no protector and no intercessor - that they might become righteous.

Оо, элчи, кыямат күнү Жаратуучусунун алдында тирилип туруудан корккондорду Куран менен коркутуп, эскерт. Аларга Аллахтан башка пайда алып келе турган дос, зыяндан сактап кала турган колдоочу жок. Алар буйрулган ишти аткарып, тыйылган иштен тыйылып Аллахка такыба болушаар. Мына ушулар Курадан пайда ала турган адамдар

Al-An'aam 6:51Listen in Qur'an →
52

وَلَا تَطْرُدِ ٱلَّذِينَ يَدْعُونَ رَبَّهُم بِٱلْغَدَوٰةِ وَٱلْعَشِىِّ يُرِيدُونَ وَجْهَهُۥ ۖ مَا عَلَيْكَ مِنْ حِسَابِهِم مِّن شَىْءٍۢ وَمَا مِنْ حِسَابِكَ عَلَيْهِم مِّن شَىْءٍۢ فَتَطْرُدَهُمْ فَتَكُونَ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ

And do not send away those who call upon their Lord morning and afternoon, seeking His countenance. Not upon you is anything of their account and not upon them is anything of your account. So were you to send them away, you would [then] be of the wrongdoers.

Оо, элчи, эртели-кеч Аллахка чын ыкласы менен дайыма ибадат кылган кембагал мусулмандарды жаныңдан алыстатпа. Бутпарастардын чоңдорун өзүңө жакындатуу үчүн буларды жаныңдан алыстатпа. Сен ал жакырларды эч эсеп кылбайсың, аларды Аллах эсеп-кысап кылат, алар да сени эсеп кылбайт. Сен эгер аларды жаныңдан оолактатсаң, анда Аллахтын чегинен чыккан кишилерден болуп каласың.

Al-An'aam 6:52Listen in Qur'an →
53

وَكَذَٰلِكَ فَتَنَّا بَعْضَهُم بِبَعْضٍۢ لِّيَقُولُوٓا۟ أَهَٰٓؤُلَآءِ مَنَّ ٱللَّهُ عَلَيْهِم مِّنۢ بَيْنِنَآ ۗ أَلَيْسَ ٱللَّهُ بِأَعْلَمَ بِٱلشَّٰكِرِينَ

And thus We have tried some of them through others that the disbelievers might say, "Is it these whom Allah has favored among us?" Is not Allah most knowing of those who are grateful?

Ушинтип аларды бири-бири менен сынадык. Аларды дүйнө үлүшүндө ар түрдүү кылдык. Бай каапырлар кедей мусулмандарды теңсинбей: Аллах биздин арабыздан мына ушул жакырларды туура жолго салдыбы? Эгер ыйман жакшылык болгондо анда алар бизден мурда ээ болмок эмес, биз алардан мурда ээ болмокпуз - дешкени үчүн, Биз аларды ушундай сынадык. Жакшылыгына шүгүр кылуучуларды Аллах жакшыраак билет эмеспи, ошон үчүн аларды ыйманга багыттады, каапырларды да жакшы билип, аларды кур калтырды, алар ыйманга келишпейт. Ооба, Аллах алардан Билүчүүрөөк.

Al-An'aam 6:53Listen in Qur'an →
54

وَإِذَا جَآءَكَ ٱلَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِـَٔايَٰتِنَا فَقُلْ سَلَٰمٌ عَلَيْكُمْ ۖ كَتَبَ رَبُّكُمْ عَلَىٰ نَفْسِهِ ٱلرَّحْمَةَ ۖ أَنَّهُۥ مَنْ عَمِلَ مِنكُمْ سُوٓءًۢا بِجَهَٰلَةٍۢ ثُمَّ تَابَ مِنۢ بَعْدِهِۦ وَأَصْلَحَ فَأَنَّهُۥ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ

And when those come to you who believe in Our verses, say, "Peace be upon you. Your Lord has decreed upon Himself mercy: that any of you who does wrong out of ignorance and then repents after that and corrects himself - indeed, He is Forgiving and Merciful."

Оо, элчи, эгер сага сен алып келген диндин чын экенине далил болгон Биздин аяттарыбызга ишенген ыймандуулар келсе, аларды урматтап саламына жооп кайтар, аларга Аллахтын ырайымы кенен экенин сүйүнчүлө. Аллах Таала Өзүнө кенен ыйрайымдуулукту ыйгарган. Алардын кимиси болсо да билбестен же унутуп күнөөгө барса, кийин андан кайтып тообо кылса, иш-аракеттерин жакшыртса, Аллах Таала чынында анын кылган күнөөсүн кечирет. Аллах Таала тообо кылган пенделерине Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу.

Al-An'aam 6:54Listen in Qur'an →
55

وَكَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلْءَايَٰتِ وَلِتَسْتَبِينَ سَبِيلُ ٱلْمُجْرِمِينَ

And thus do We detail the verses, and [thus] the way of the criminals will become evident.

Жогоруда айтылгандарыд сага баяндаган сыяктуу, жалган ишенимдегилерге да далил, белгилерибизди баяндайбыз, күнөөкөрлөрдүн жолу жана түзүлүштөрү айкын болуусу үчүн жана алардан алыс болуп сактанууңар үчүн

Al-An'aam 6:55Listen in Qur'an →
56

قُلْ إِنِّى نُهِيتُ أَنْ أَعْبُدَ ٱلَّذِينَ تَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ ۚ قُل لَّآ أَتَّبِعُ أَهْوَآءَكُمْ ۙ قَدْ ضَلَلْتُ إِذًۭا وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلْمُهْتَدِينَ

Say, "Indeed, I have been forbidden to worship those you invoke besides Allah." Say, "I will not follow your desires, for I would then have gone astray, and I would not be of the [rightly] guided."

Оо, элчи, аларга: Силер сыйынып жаткан Аллахтан башка нерселерге сыйынууга Аллах мага тыюу салган - деп айт. Дагы айт: Аллахтан башкага сыйынуу каалооңорду ээрчибейм, эгер мында мен силерди ээрчисем ак жолдон адашкан болом, ага багытталбай калам. Аллахтын далилисиз каалоолорун ээрчигендердин баарынын абалы ушундай болот.

Al-An'aam 6:56Listen in Qur'an →
57

قُلْ إِنِّى عَلَىٰ بَيِّنَةٍۢ مِّن رَّبِّى وَكَذَّبْتُم بِهِۦ ۚ مَا عِندِى مَا تَسْتَعْجِلُونَ بِهِۦٓ ۚ إِنِ ٱلْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ ۖ يَقُصُّ ٱلْحَقَّ ۖ وَهُوَ خَيْرُ ٱلْفَٰصِلِينَ

Say, "Indeed, I am on clear evidence from my Lord, and you have denied it. I do not have that for which you are impatient. The decision is only for Allah. He relates the truth, and He is the best of deciders."

Оо, элчи,тиги бутпарастарга минтип айт: Мен каалаоомду эмес, Жаратуучумдун ачык-айкын далилин ээрчийм. а, силер болсо бул далилди жалганга чыгардыңар.Силер талап кылып жаткан адаттан тыш далилдер жана силер шашылып жаткан азаптар менин колумда эмес. Булар Аллахтын колунда. Жалпы силер талап кылган нерселердин өкүмү Аллахка тиешелүү. Ал чындыкты айтат, чындык менен өкүм чыгарат. Ал чындык менен жалганды ажыратуучулардын жана баяндоочулардын эң жакшысы.

Al-An'aam 6:57Listen in Qur'an →
58

قُل لَّوْ أَنَّ عِندِى مَا تَسْتَعْجِلُونَ بِهِۦ لَقُضِىَ ٱلْأَمْرُ بَيْنِى وَبَيْنَكُمْ ۗ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِٱلظَّٰلِمِينَ

Say, "If I had that for which you are impatient, the matter would have been decided between me and you, but Allah is most knowing of the wrongdoers."

Оо, элчи, аларга айт: Эгер менин колумда же мүмкүнчүлүгүмдө силер шашып талап кылып жаткан азап болгон, аны эбак эле түшүрмөкмүн жана анда мени менен силердин ортобуздагы ишибиз да бүтмөк. Аллах Таала заалымдардын мөөнөтүн канча узартууну жана аларды качан азаптоону жакшы билет

Al-An'aam 6:58Listen in Qur'an →
59

۞ وَعِندَهُۥ مَفَاتِحُ ٱلْغَيْبِ لَا يَعْلَمُهَآ إِلَّا هُوَ ۚ وَيَعْلَمُ مَا فِى ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ ۚ وَمَا تَسْقُطُ مِن وَرَقَةٍ إِلَّا يَعْلَمُهَا وَلَا حَبَّةٍۢ فِى ظُلُمَٰتِ ٱلْأَرْضِ وَلَا رَطْبٍۢ وَلَا يَابِسٍ إِلَّا فِى كِتَٰبٍۢ مُّبِينٍۢ

And with Him are the keys of the unseen; none knows them except Him. And He knows what is on the land and in the sea. Not a leaf falls but that He knows it. And no grain is there within the darknesses of the earth and no moist or dry [thing] but that it is [written] in a clear record.

Кайыптын казыналары жалгыз Аллахтын колунда, аны Андан башка эч ким билбейт. Ал кургактыктагы жана деңиздеги айбанаттарды, өсүмдүктөрдү жана заттарды билет. Дарактын кайсы бир жерге учуп түшкөн жалбырагы, жер түбүндө өнгөн дан, бышкан жана быша элек нерсенин баары анык китепте жазылып сакталган, ал китеп Лавхул Махфуз.

Al-An'aam 6:59Listen in Qur'an →
60

وَهُوَ ٱلَّذِى يَتَوَفَّىٰكُم بِٱلَّيْلِ وَيَعْلَمُ مَا جَرَحْتُم بِٱلنَّهَارِ ثُمَّ يَبْعَثُكُمْ فِيهِ لِيُقْضَىٰٓ أَجَلٌۭ مُّسَمًّۭى ۖ ثُمَّ إِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ ثُمَّ يُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

And it is He who takes your souls by night and knows what you have committed by day. Then He revives you therein that a specified term may be fulfilled. Then to Him will be your return; then He will inform you about what you used to do.

Силер уктаганда рухуңарды белгилүү мөөнөткө алып турган Ал Аллах. Күндүзү ойгоо кезиңерде иштерден эмнени кылганыңарды билген да Аллах. Уйкуда рухуңарды алгандан кийин ишиңерди кылууңар үчүн күндүзү кайра тирилтет. Ушинтип Аллах өлчөп койгон өмүрүңөр бүткөндөн кийин, кыямат күнү тирилип Аллахтын Өзүнө кайтасыңар. Ошондо силер бул дүйнө жашоосунда эмне кылып жүргөнүңөрдү кабарлайт жана ошого жараша сыйлайт же жазалайт

Al-An'aam 6:60Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.