Muslim99Muslim99
← Tafsir library

6. Al-An'aam

The Cattle · Meccan · 165 ayahs

سُورَةُ الأَنۡعَامِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 21–30 of 165

21

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِـَٔايَٰتِهِۦٓ ۗ إِنَّهُۥ لَا يُفْلِحُ ٱلظَّٰلِمُونَ

And who is more unjust than one who invents about Allah a lie or denies His verses? Indeed, the wrongdoers will not succeed.

Аллахка шерик кошуп, анан кошкон нерсесине сыйынган жана Аллах Таала элчисине түшүргөн аяттарды жалган деп эсептеген адамдан өткөн залым адам болбойт. Аллахка шерик кошуп жана Анын аяттарын жалганга чыгарып залым болгондор эгер тообо кылышпаса, анда эч жеңишке жетишпейт.

Al-An'aam 6:21Listen in Qur'an →
22

وَيَوْمَ نَحْشُرُهُمْ جَمِيعًۭا ثُمَّ نَقُولُ لِلَّذِينَ أَشْرَكُوٓا۟ أَيْنَ شُرَكَآؤُكُمُ ٱلَّذِينَ كُنتُمْ تَزْعُمُونَ

And [mention, O Muhammad], the Day We will gather them all together; then We will say to those who associated others with Allah, "Where are your 'partners' that you used to claim [with Him]?"

Кыямат күнү алардын баарын чогултканда эч кимисине кыянат кылбайбыз. Аллахка башка нерсени шерик кылып ибадат кылгандарды жемелеп: Аллахтын шериктери деп жалган айтып жүргөн шериктериңер кайда? деп айтабыз.

Al-An'aam 6:22Listen in Qur'an →
23

ثُمَّ لَمْ تَكُن فِتْنَتُهُمْ إِلَّآ أَن قَالُوا۟ وَٱللَّهِ رَبِّنَا مَا كُنَّا مُشْرِكِينَ

Then there will be no [excuse upon] examination except they will say, "By Allah, our Lord, we were not those who associated."

Ушундай сыноодон кийин алардын шылтоосу өздөрү сыйынган нерседен баш тартуу гана болот да: Аллахка ант болсун, о, Жаратуучубуз, ал дүйнөдө биз бутпарас болгон эмеспиз, Сага ишенген, Сени жалгыз деп тааныгандардан болгонбу - деп жалган айтышат.

Al-An'aam 6:23Listen in Qur'an →
24

ٱنظُرْ كَيْفَ كَذَبُوا۟ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ ۚ وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ

See how they will lie about themselves. And lost from them will be what they used to invent.

Оо, Мухаммад, булардын Аллахка эч нерсени шерик кылган эмеспиз деп танышканын, жана бул дүйнөдө Аллахка шерик кылган шериктеринин алардан качып, жок болуп кеткенин карачы?!

Al-An'aam 6:24Listen in Qur'an →
25

وَمِنْهُم مَّن يَسْتَمِعُ إِلَيْكَ ۖ وَجَعَلْنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَن يَفْقَهُوهُ وَفِىٓ ءَاذَانِهِمْ وَقْرًۭا ۚ وَإِن يَرَوْا۟ كُلَّ ءَايَةٍۢ لَّا يُؤْمِنُوا۟ بِهَا ۚ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُوكَ يُجَٰدِلُونَكَ يَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِنْ هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ

And among them are those who listen to you, but We have placed over their hearts coverings, lest they understand it, and in their ears deafness. And if they should see every sign, they will not believe in it. Even when they come to you arguing with you, those who disbelieve say, "This is not but legends of the former peoples."

Оо, элчи, сен Куран окуганда бутпарастардын арасында аны уккандары да бар, бирок алар уккандарынан пайдалана алышпайт; анткени кежирлиги жана баш ийбегендиги үчүн алардын Куранды түшүнө албай турган кылып жүрөктөрүнө тосмо койгонбуз жана пайдалуу нерсени угуудан кулактарын керең кылганбыз. Алар ачык далилдерди, айкын белгилерди көп көрсө да баары бир ишенбейт. Сага келип, чындык тууралуу жалганды айтып талашат да: Сенин айтып жаткандарың мурдагылардын китебинен алынган болмуштар - дешет.

Al-An'aam 6:25Listen in Qur'an →
26

وَهُمْ يَنْهَوْنَ عَنْهُ وَيَنْـَٔوْنَ عَنْهُ ۖ وَإِن يُهْلِكُونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ

And they prevent [others] from him and are [themselves] remote from him. And they do not destroy except themselves, but they perceive [it] not.

Алар адамдарды элчиге ыйман келтирүүдөн тыйып, андан алыстатат, пайда алдыра койбойт, өздөрү да андан пайдаланбайт. Бул кылыктары менен өздөрүн жок кылышат, жана кылган иштери кыйроо экенин билишпейт.

Al-An'aam 6:26Listen in Qur'an →
27

وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذْ وُقِفُوا۟ عَلَى ٱلنَّارِ فَقَالُوا۟ يَٰلَيْتَنَا نُرَدُّ وَلَا نُكَذِّبَ بِـَٔايَٰتِ رَبِّنَا وَنَكُونَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ

If you could but see when they are made to stand before the Fire and will say, "Oh, would that we could be returned [to life on earth] and not deny the signs of our Lord and be among the believers."

Оо, элчи, кыямат күнү аларды тозокко тикелей алып келгендеги абалын көргөнүңдө... Алар анда өкүнүч менен: Аттиң ай, дүйнө жашоосуна кайра барып калсак кана, анда Аллахтын аяттарын жалган дебейт элек, Аллах ишенген ыймандуулардан болот элек - дешет. Алардын оор абалын таң калуу менен көрөсүң.

Al-An'aam 6:27Listen in Qur'an →
28

بَلْ بَدَا لَهُم مَّا كَانُوا۟ يُخْفُونَ مِن قَبْلُ ۖ وَلَوْ رُدُّوا۟ لَعَادُوا۟ لِمَا نُهُوا۟ عَنْهُ وَإِنَّهُمْ لَكَٰذِبُونَ

But what they concealed before has [now] appeared to them. And even if they were returned, they would return to that which they were forbidden; and indeed, they are liars.

Биз кайра дүйнө жашоосуна жиберилсек ыйман келтирет элек дегендери да жалган. Алардын ден-мүчөлөрү күбөлүк бергенде, (Аллахка ант, биз мурда бутпарас болгон эмеспиз) деген ичиндеги жалгандары ачыкка чыгып калды. Эгер алар бул дүйнө жашоосуна кайра келүүгө кудурети жеткенде деле, кайра эле тыюу салынган каапырлыгы менен бутпарастыгына барышмак, чынында алардын кайра кайтсак ыйман келтиребиз деген убадасы жалган.

Al-An'aam 6:28Listen in Qur'an →
29

وَقَالُوٓا۟ إِنْ هِىَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنْيَا وَمَا نَحْنُ بِمَبْعُوثِينَ

And they say, "There is none but our worldly life, and we will not be resurrected."

Бул бутпарастар: биз азыр жашап жаткан жашоодон башка жашоо жок, биз эсеп берүү үчүн кайра тирилбейбиз дешти

Al-An'aam 6:29Listen in Qur'an →
30

وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذْ وُقِفُوا۟ عَلَىٰ رَبِّهِمْ ۚ قَالَ أَلَيْسَ هَٰذَا بِٱلْحَقِّ ۚ قَالُوا۟ بَلَىٰ وَرَبِّنَا ۚ قَالَ فَذُوقُوا۟ ٱلْعَذَابَ بِمَا كُنتُمْ تَكْفُرُونَ

If you could but see when they will be made to stand before their Lord. He will say, "Is this not the truth?" They will say, "Yes, by our Lord." He will [then] say, "So taste the punishment because you used to disbelieve."

Оо, элчи, кайра тирилүү болбойт дегендер Аллахтын алдында турганын көргөнүңдө, алардын абалы өтө оорлугуна таң кала карайт элең. Аллах Таала алардан: Силер жалган деген эч шеги жана жалганы жок кайра тирилүү ушул эмеспи?! - деп сурайт. Алар: Бизди жараткан Жаратуучубузга ант берип айтабыз, кайра тирилүү эч шеги жок чындык экен - дешет. Ошондо Аллах Таала аларга: Ушул күнгө ишенбегениңер үчүн азаптын даамын таткыла, дүйнө жашоосунда жүргөнүңөрдө бул күндү болбойт деп жалганга чыгаргансыңар - дейт.

Al-An'aam 6:30Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.