۞ وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنشَأَ جَنَّٰتٍۢ مَّعْرُوشَٰتٍۢ وَغَيْرَ مَعْرُوشَٰتٍۢ وَٱلنَّخْلَ وَٱلزَّرْعَ مُخْتَلِفًا أُكُلُهُۥ وَٱلزَّيْتُونَ وَٱلرُّمَّانَ مُتَشَٰبِهًۭا وَغَيْرَ مُتَشَٰبِهٍۢ ۚ كُلُوا۟ مِن ثَمَرِهِۦٓ إِذَآ أَثْمَرَ وَءَاتُوا۟ حَقَّهُۥ يَوْمَ حَصَادِهِۦ ۖ وَلَا تُسْرِفُوٓا۟ ۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلْمُسْرِفِينَ
And He it is who causes gardens to grow, [both] trellised and untrellised, and palm trees and crops of different [kinds of] food and olives and pomegranates, similar and dissimilar. Eat of [each of] its fruit when it yields and give its due [zakah] on the day of its harvest. And be not excessive. Indeed, He does not like those who commit excess.
Кемчиликсиз Аллах жер бетине сөңгөгү жок жапыз өсө турган жана сөңгөктүү бийик көтөрүлүп өсө турган бактарды жараткан. Ошондой эле курманы ,көрүнүшү жана даамы ар түрдүү эгиндерди жаратты. Ал жалбырактары окшош, даамы окшобогон зайтун жана анарды жаратты. Эй, адамдар, бышкан учурда алардын мөмөсүн жегиле, терип-жыйганыңарда анын үшүрүн бергиле, жегенде жана напака кылып берген шарият чегинен чыкпагыла. Жеп, напака кылууда же башка жол менен иштетүүдө чектен чыккан ысырапкорлорду Аллах жашы көрбөйт, аларга ачууланат. Бул нерселерди жараткан Зат Өзү аларды силерге адал кылган, аларды арамга чыгаруу бутпарастардын иши эмес.