Muslim99Muslim99
← Tafsir library

6. Al-An'aam

The Cattle · Meccan · 165 ayahs

سُورَةُ الأَنۡعَامِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 121–130 of 165

121

وَلَا تَأْكُلُوا۟ مِمَّا لَمْ يُذْكَرِ ٱسْمُ ٱللَّهِ عَلَيْهِ وَإِنَّهُۥ لَفِسْقٌۭ ۗ وَإِنَّ ٱلشَّيَٰطِينَ لَيُوحُونَ إِلَىٰٓ أَوْلِيَآئِهِمْ لِيُجَٰدِلُوكُمْ ۖ وَإِنْ أَطَعْتُمُوهُمْ إِنَّكُمْ لَمُشْرِكُونَ

And do not eat of that upon which the name of Allah has not been mentioned, for indeed, it is grave disobedience. And indeed do the devils inspire their allies [among men] to dispute with you. And if you were to obey them, indeed, you would be associators [of others with Him].

Оо, мусулмандар, Аллахтын аты аталбаган нерсени, мейли ага башканын аты аталсын же аталбасын, баары бир аны жебегиле. Анткени, аны жеш Аллахка баш ийүүдөн чыгарып, күнөөгө түртөт. шайтандар өздөрүнүн досторуна өлүмтүктү жеш-жебеш боюнча күмөн жаратат. Оо, мусулмандар, эгер силер ушундай күмөнгө ээрчип аны жесеңер, силер да ширк кылууда алар менен бирдей болуп каласыңар.

Al-An'aam 6:121Listen in Qur'an →
122

أَوَمَن كَانَ مَيْتًۭا فَأَحْيَيْنَٰهُ وَجَعَلْنَا لَهُۥ نُورًۭا يَمْشِى بِهِۦ فِى ٱلنَّاسِ كَمَن مَّثَلُهُۥ فِى ٱلظُّلُمَٰتِ لَيْسَ بِخَارِجٍۢ مِّنْهَا ۚ كَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِلْكَٰفِرِينَ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

And is one who was dead and We gave him life and made for him light by which to walk among the people like one who is in darkness, never to emerge therefrom? Thus it has been made pleasing to the disbelievers that which they were doing.

Каапыр болуп, караңгылыкта, күнөөгө батып өлүк сыяктуу болгон, анан Аллах аны туура жолго, ыйманга багыттап, Өзүнө баш ийдирип тирилткен адам, каапырлыктын, илимсиздиктин жана күнөөкөрдүктүн караңгылыгында жүргөн, андан чыга албай, жолдору жабылып, караңгылыкта калган адам менен бирдей болмок беле!? Бутпарастарга өздөрүнүн ширки, өлүмтүк жегени,жалганды талашып-тартышуусу жакшы көрсөтүлгөн сыяктуу, каапырларга да кылган күнөөлөрү жакшы көрсөтүлдү, кыямат күнү аларды ошого жараша азаптоо үчүн.

Al-An'aam 6:122Listen in Qur'an →
123

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا فِى كُلِّ قَرْيَةٍ أَكَٰبِرَ مُجْرِمِيهَا لِيَمْكُرُوا۟ فِيهَا ۖ وَمَا يَمْكُرُونَ إِلَّا بِأَنفُسِهِمْ وَمَا يَشْعُرُونَ

And thus We have placed within every city the greatest of its criminals to conspire therein. But they conspire not except against themselves, and they perceive [it] not.

Меккеде бутпарастарды Аллахтын жолунан тосуучу чоңдору болгон сыяктуу, бардык айылдарда аларды куулук-шумдугу менен шайтандын жолуна чакырып, элчилерге жана аларды ээрчигендерге каршы тукурган башчы, чоңдорун кылып койдук. Иш жүзүндө алар куулук-шумдугу менен өздөрүн алдашат, бирок, алар илимсиздиги жана каалоосуна берилгендиги себептүү муну сезишпейт.

Al-An'aam 6:123Listen in Qur'an →
124

وَإِذَا جَآءَتْهُمْ ءَايَةٌۭ قَالُوا۟ لَن نُّؤْمِنَ حَتَّىٰ نُؤْتَىٰ مِثْلَ مَآ أُوتِىَ رُسُلُ ٱللَّهِ ۘ ٱللَّهُ أَعْلَمُ حَيْثُ يَجْعَلُ رِسَالَتَهُۥ ۗ سَيُصِيبُ ٱلَّذِينَ أَجْرَمُوا۟ صَغَارٌ عِندَ ٱللَّهِ وَعَذَابٌۭ شَدِيدٌۢ بِمَا كَانُوا۟ يَمْكُرُونَ

And when a sign comes to them, they say, "Never will we believe until we are given like that which was given to the messengers of Allah." Allah is most knowing of where He places His message. There will afflict those who committed crimes debasement before Allah and severe punishment for what they used to conspire.

Каапырлардын чоңдоруна Аллах Таала пайгамбарына түшүргөн аят-белгилерден бир белги келсе, алар: "Аллах бизге да пайгамбарларга берген пайгамбарлык жана элчилик озуйпаны бермейинче ыйман келтирбейбиз" дешет. Аллах элчиликке жана анын милдеттирин аткарууга ким ылайык экенин жакшы билет жана пайгамбарлык озуйпаны ошого гана таандык кылат. Чектен чыккан адамдарга чындыкка текеберленгени үчүн кордук, куулук-шумдугу үчүн катуу азап болот.

Al-An'aam 6:124Listen in Qur'an →
125

فَمَن يُرِدِ ٱللَّهُ أَن يَهْدِيَهُۥ يَشْرَحْ صَدْرَهُۥ لِلْإِسْلَٰمِ ۖ وَمَن يُرِدْ أَن يُضِلَّهُۥ يَجْعَلْ صَدْرَهُۥ ضَيِّقًا حَرَجًۭا كَأَنَّمَا يَصَّعَّدُ فِى ٱلسَّمَآءِ ۚ كَذَٰلِكَ يَجْعَلُ ٱللَّهُ ٱلرِّجْسَ عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ

So whoever Allah wants to guide - He expands his breast to [contain] Islam; and whoever He wants to misguide - He makes his breast tight and constricted as though he were climbing into the sky. Thus does Allah place defilement upon those who do not believe.

Аллах кимди туура жолго салгысы келсе, анын көкүрөгүн ачып, исламды кабылдоого жибитип коёт. Ал эми кимди туура жолго салгысы келбесе, чындыкты кабыл алууга анын көкүрөгүн тарытып коёт. Б.а.асманга көтөрүлө албаган сыяктуу жүрөгүно чындыкты киргизе алышпайт. Адашкандарды ушундай кыйын, тар абалга калтырган сыяктуу, ыйман келтирбегендерди да катуу азаптайт.

Al-An'aam 6:125Listen in Qur'an →
126

وَهَٰذَا صِرَٰطُ رَبِّكَ مُسْتَقِيمًۭا ۗ قَدْ فَصَّلْنَا ٱلْءَايَٰتِ لِقَوْمٍۢ يَذَّكَّرُونَ

And this is the path of your Lord, [leading] straight. We have detailed the verses for a people who remember.

Оо, элчи, Биз сага шарият кылып берген ушул дин Аллахтын эч ийриси жок түз жолу, Аллахты эстеп, түшүнө турган акыл-эстүү адамдарга аяттарды баян кылдык.

Al-An'aam 6:126Listen in Qur'an →
127

۞ لَهُمْ دَارُ ٱلسَّلَٰمِ عِندَ رَبِّهِمْ ۖ وَهُوَ وَلِيُّهُم بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

For them will be the Home of Peace with their Lord. And He will be their protecting friend because of what they used to do.

Алар үчүн бардык жамандыктан сак-саламат боло турган бейиш бар. Жакшы иштерди жасаганына сыйлык катары Аллах аларды колдойт жана кам көрөт

Al-An'aam 6:127Listen in Qur'an →
128

وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ جَمِيعًۭا يَٰمَعْشَرَ ٱلْجِنِّ قَدِ ٱسْتَكْثَرْتُم مِّنَ ٱلْإِنسِ ۖ وَقَالَ أَوْلِيَآؤُهُم مِّنَ ٱلْإِنسِ رَبَّنَا ٱسْتَمْتَعَ بَعْضُنَا بِبَعْضٍۢ وَبَلَغْنَآ أَجَلَنَا ٱلَّذِىٓ أَجَّلْتَ لَنَا ۚ قَالَ ٱلنَّارُ مَثْوَىٰكُمْ خَٰلِدِينَ فِيهَآ إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُ ۗ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌۭ

And [mention, O Muhammad], the Day when He will gather them together [and say], "O company of jinn, you have [misled] many of mankind." And their allies among mankind will say, "Our Lord, some of us made use of others, and we have [now] reached our term, which you appointed for us." He will say, "The Fire is your residence, wherein you will abide eternally, except for what Allah wills. Indeed, your Lord is Wise and Knowing."

Оо, элчи, инсандар менен жиндерди чогулткан Кыямат күнүн эсте. Ошондо Аллах: "Эй, жиндер жамааты, инсандардын көбүн адаштырып, Аллахтын жолунан тостуңар" дейт. Аларды ээрчиген инсандар Раббисине жооп берип: "Оо, Раббибиз, биз бири-бирибизди пайдаландык, жиндер ага баш ийген инсанды пайдаланды, инсандар кумар каалоосунан пайдаланды, ошентип жүрүп бизге чектелген күн Кыямат келди" дешет. Аллах: "Силердин турак жайыңар тозок, анда түбөлүк каласыңар, бирок, Аллах каалагандар, кайра тирилгенден тартып тозокко киргенче түбөлүк тозокто болбойт" дейт. Аллах ушул мөөнөттү түбөлүк тозокто калуу деп эсептеген жок. Эй, элчи, акыйкатта сенин Раббиң тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышман, пенделерин кимиси тозокко татыктуу экенин Билүүчү.

Al-An'aam 6:128Listen in Qur'an →
129

وَكَذَٰلِكَ نُوَلِّى بَعْضَ ٱلظَّٰلِمِينَ بَعْضًۢا بِمَا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ

And thus will We make some of the wrongdoers allies of others for what they used to earn.

Жиндердин кээсин башчы кылып, инсандарды азгыруу үчүн аларга эрк берип койгонубуз чыяктуу, залымды залымга башчы кылып коёбуз, алар бири-бирин жамандыкка үндөп, кызыктырат. жана жакшылыктан качырып, алыстатат; бул алардын күнөөгө берилгендигинин жазасы.

Al-An'aam 6:129Listen in Qur'an →
130

يَٰمَعْشَرَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ أَلَمْ يَأْتِكُمْ رُسُلٌۭ مِّنكُمْ يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ ءَايَٰتِى وَيُنذِرُونَكُمْ لِقَآءَ يَوْمِكُمْ هَٰذَا ۚ قَالُوا۟ شَهِدْنَا عَلَىٰٓ أَنفُسِنَا ۖ وَغَرَّتْهُمُ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا وَشَهِدُوا۟ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ أَنَّهُمْ كَانُوا۟ كَٰفِرِينَ

"O company of jinn and mankind, did there not come to you messengers from among you, relating to you My verses and warning you of the meeting of this Day of yours?" They will say, "We bear witness against ourselves"; and the worldly life had deluded them, and they will bear witness against themselves that they were disbelievers.

Кыямат күнү аларга: "Эй, инсан жана жиндердин жамааты, силерге өзүнөрдүн жынсыңардагы - инсандардан болгон - элчилер келбедиби, алар Аллах түшүргөн нерсени силерге окуп берип , кыямат күнү жолугарыбызды айтып, эскертишпедиби?" - деп айтабыз. Алар: Ооба, Сенин элчилериң бул күн тууралуу бизге жеткиргенин , бул күнү жолугушуу болорун моюнубузга алабыз. Бирок, элчилериңди жалганга чыгарганбыз, Кыяматтагы жолугууну да жалганга чыгарганбыз - дешет. Аларды убактылуу кооздугу, жакшылыгы жана ырахаты менен дүйнө жашоосу алдап койду. Алар дүйнө жашоосунда Аллахка жана Анын элчисине каапыр болушканын моюнуна алышты, бирок, убактысы өтүп кеткендиктен алардын эми моюнуна алганы да, ыйман келтиргени да пайдасыз

Al-An'aam 6:130Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.