Muslim99Muslim99
← Tafsir library

5. Al-Maaida

The Table · Medinan · 120 ayahs

سُورَةُ المَائـِدَةِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 91–100 of 120

91

إِنَّمَا يُرِيدُ ٱلشَّيْطَٰنُ أَن يُوقِعَ بَيْنَكُمُ ٱلْعَدَٰوَةَ وَٱلْبَغْضَآءَ فِى ٱلْخَمْرِ وَٱلْمَيْسِرِ وَيَصُدَّكُمْ عَن ذِكْرِ ٱللَّهِ وَعَنِ ٱلصَّلَوٰةِ ۖ فَهَلْ أَنتُم مُّنتَهُونَ

Satan only wants to cause between you animosity and hatred through intoxicants and gambling and to avert you from the remembrance of Allah and from prayer. So will you not desist?

Шайтан жүрөктөргө жек көрүү, душмандык киргизүү үчүн аракты, кумар оюндарын кооз көрсөтөт. Ошондой эле Аллахты зикир кылуудан, намаз окуудан алагды кылууну каалайт. Эй, ыймандуулар, бул жаман иштерди таштайсыңарбы? Буларды таштоо силерге ылайык экенинде шек жок, эми кайткыла!

Al-Maaida 5:91Listen in Qur'an →
92

وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُوا۟ ٱلرَّسُولَ وَٱحْذَرُوا۟ ۚ فَإِن تَوَلَّيْتُمْ فَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّمَا عَلَىٰ رَسُولِنَا ٱلْبَلَٰغُ ٱلْمُبِينُ

And obey Allah and obey the Messenger and beware. And if you turn away - then know that upon Our Messenger is only [the responsibility for] clear notification.

Шариятта эмнени буйруса аткарып, эмнеден тыйса тыйылып, Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Каршы чыгуудан этиет болгула, эгер жүз буруп, тескери бассаңар, анда билип алгыла, биздин элчибиздин милдети Аллах жеткир деген нерсени жеткирүү гана. Туура жолго бассаңарда өзүңөргө, тескери кетсеңер да өзүңөргө.

Al-Maaida 5:92Listen in Qur'an →
93

لَيْسَ عَلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جُنَاحٌۭ فِيمَا طَعِمُوٓا۟ إِذَا مَا ٱتَّقَوا۟ وَّءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ ثُمَّ ٱتَّقَوا۟ وَّءَامَنُوا۟ ثُمَّ ٱتَّقَوا۟ وَّأَحْسَنُوا۟ ۗ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلْمُحْسِنِينَ

There is not upon those who believe and do righteousness [any] blame concerning what they have eaten [in the past] if they [now] fear Allah and believe and do righteous deeds, and then fear Allah and believe, and then fear Allah and do good; and Allah loves the doers of good.

Аллах Таалага ишенген, Аллахка жакындоо үчүн жакшы иш-аракеттерди кылган киши, мурда арак арам болгонго чейин аны ичкен болсо, ага күнөө эмес., эгер ал Аллахтын ачуусунан коркуп, Ага ишенип, башка арам иштерден тыйылса жана жакшы иштерди жасап жүрсө. Кийин (арак арам болгон соң) Аллахка жакындоону дагы күчөтүп Аллахты көрүп тургандай ибадат кылышса, Аллах Таала Аны көрүп тургандай ибадат кылгандарды жакшы көрөт; себеби мындай ибадат кылганда алар Аллахтын дайыма жакын экенин сезишет, мындай абалага ыймандуу адам жакшы иш-аракетин жана такыбалыгын такай жакшыртуу аркылуу жетишет.

Al-Maaida 5:93Listen in Qur'an →
94

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَيَبْلُوَنَّكُمُ ٱللَّهُ بِشَىْءٍۢ مِّنَ ٱلصَّيْدِ تَنَالُهُۥٓ أَيْدِيكُمْ وَرِمَاحُكُمْ لِيَعْلَمَ ٱللَّهُ مَن يَخَافُهُۥ بِٱلْغَيْبِ ۚ فَمَنِ ٱعْتَدَىٰ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَلَهُۥ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ

O you who have believed, Allah will surely test you through something of the game that your hands and spears [can] reach, that Allah may make evident those who fear Him unseen. And whoever transgresses after that - for him is a painful punishment.

Оо, ыймандуулар, Аллах Таала силер (ажы-же умра үчүн) харамда турган кезиңерде кургактыктагы жан-жаныбарларды, алардын кичинесин колуңар менен, чоңдорун куралыңар менен кармап ала тургандай жакын алып келип сынайт. (Харамда кургактыктагы жан-жаныбарларга уучулук кылууга тыюу салынган, Аллах адамдарды сыноо үчүн эч ким жок жерде аларга жан-жаныбарларды көрсөтөт).Бул сыноону Аллах Таала пенделеринен кимиси Аллахтын билимине терең ишенип, кайыптан коркорун жана кылган ишинин баарын билип туруучу Жаратуучусунан коркуп уучулуктан өзүн карманарын билүү үчүн, ошондой эле ким (такыбалык кылбай) чектен чыгарын билип, ошого жараша эсеп-кысап кылуу үчүн жүргүздү. Ким ажы же умрада харамда туруп, уучулук кылып чектен чыкса, Аллах Таала тыйган ишке бут койгону үчүн кыямат күнү ага жан кейиткен азап бар.

Al-Maaida 5:94Listen in Qur'an →
95

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَقْتُلُوا۟ ٱلصَّيْدَ وَأَنتُمْ حُرُمٌۭ ۚ وَمَن قَتَلَهُۥ مِنكُم مُّتَعَمِّدًۭا فَجَزَآءٌۭ مِّثْلُ مَا قَتَلَ مِنَ ٱلنَّعَمِ يَحْكُمُ بِهِۦ ذَوَا عَدْلٍۢ مِّنكُمْ هَدْيًۢا بَٰلِغَ ٱلْكَعْبَةِ أَوْ كَفَّٰرَةٌۭ طَعَامُ مَسَٰكِينَ أَوْ عَدْلُ ذَٰلِكَ صِيَامًۭا لِّيَذُوقَ وَبَالَ أَمْرِهِۦ ۗ عَفَا ٱللَّهُ عَمَّا سَلَفَ ۚ وَمَنْ عَادَ فَيَنتَقِمُ ٱللَّهُ مِنْهُ ۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌۭ ذُو ٱنتِقَامٍ

O you who have believed, do not kill game while you are in the state of ihram. And whoever of you kills it intentionally - the penalty is an equivalent from sacrificial animals to what he killed, as judged by two just men among you as an offering [to Allah] delivered to the Ka'bah, or an expiation: the feeding of needy people or the equivalent of that in fasting, that he may taste the consequence of his deed. Allah has pardoned what is past; but whoever returns [to violation], then Allah will take retribution from him. And Allah is Exalted in Might and Owner of Retribution.

Оо, ыймандуулар, ажы же умрада ихрамда турганыңарда кургактыктагы жан-жаныбарларды өлтүрбөгүлө. Ким аларды атайлап өлтүрсө, анын жазасы өлтүргөнүнө ылайык төө, уй же кой-эчки төлөйт. Буга мусулмандардан эки адилеттүү киши өкүм чыгарат. Экөө өкүм кылган нерсе, Меккеге жеткирилип, харамда мууздула турган белек жандыктар сыяктуу кылынат. Же болбосо, ошол малдын баасындай акча төлөнүп, кедейлер тамактандырылат, ар бир кедейге жарым сааь өлчөмдө тамак берилет. Же болбосо, ар бир жарым сааь тамак үчүн бир күндөн орозо кармайт. Мунун баары аңды өлтүргөн адам кылган кылыгынын акыбет азабын татып көрүүсү үчүн. Тыюу салынганга чейин харамдын жан-жаныбарын өлтүргөн жана харамда туруп кургактыктагы жан-жаныбарларга аңчылык кылган адамдарды Аллах Таала кечирди. Ал эми тыюу салынгандан кийин дагы бул ишке кол созгон адамды Аллах Таала азаптап өч алат, Аллах Күчтүү, бекем. Анын күчтүүлүгүнүн бир белгиси - кааласа, күнөө кылган адамдан өч алат, Аны эч ким токтото албайт.

Al-Maaida 5:95Listen in Qur'an →
96

أُحِلَّ لَكُمْ صَيْدُ ٱلْبَحْرِ وَطَعَامُهُۥ مَتَٰعًۭا لَّكُمْ وَلِلسَّيَّارَةِ ۖ وَحُرِّمَ عَلَيْكُمْ صَيْدُ ٱلْبَرِّ مَا دُمْتُمْ حُرُمًۭا ۗ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ٱلَّذِىٓ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

Lawful to you is game from the sea and its food as provision for you and the travelers, but forbidden to you is game from the land as long as you are in the state of ihram. And fear Allah to whom you will be gathered.

Мусаапыр болобу, жергиликтүү тургун болобу, кыскасы силер аны азык кылып пайдаланууңар үчүн деңиз жаныбарларына уучулук кылуу, деңиз жээкке түртүп чыгарган жаныбарлар, ал мейли тирүү, мейли өлүк болсун силерге адал болду. Ажы же умрада ихрамда турганыңарда кургактыктагы жаныбарларга аңчылык кылуу арам. Буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахка такыба болгула. Ал кыямат күнү баарыңар Анын алдына чогула турган Жалгыз Аллах, силерди иш-аракеттериңерге жараша сыйлайт же азаптайт

Al-Maaida 5:96Listen in Qur'an →
97

۞ جَعَلَ ٱللَّهُ ٱلْكَعْبَةَ ٱلْبَيْتَ ٱلْحَرَامَ قِيَٰمًۭا لِّلنَّاسِ وَٱلشَّهْرَ ٱلْحَرَامَ وَٱلْهَدْىَ وَٱلْقَلَٰٓئِدَ ۚ ذَٰلِكَ لِتَعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ وَأَنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌ

Allah has made the Ka'bah, the Sacred House, standing for the people and [has sanctified] the sacred months and the sacrificial animals and the garlands [by which they are identified]. That is so you may know that Allah knows what is in the heavens and what is in the earth and that Allah is Knowing of all things.

Аллах Таала Каабаны - Байт ал-Харамды - адамдар турчу жер кылды. Анда алар диний иштерин намазды, ажыны, умраны, аткарышат. Ошондой эле харамдагы аманчылык, мөмө-жемиштерди чогултуу сыяктуу дүйнөлүк жакшылыктар бар. Арам айларында (Зул-Каада, Зул-Хиджа, Мухаррам, Ражаб) башкалар менен согушуудан силерди аман кылып койду. Ошондой эле харамга айдалып барчу белек-курмандыктарды, аларды билүү үчүн моюндарына тагып койгон мончок белгилерди ээси аларга зыян тийгизүүдөн аман болсун үчүн кылды. Мунун баарын Аллах Таала силер Ал асман-жердегинин баарын билерин аңдооңор үчүн кылды. Чынында Аллах Таала бардык нерсени Билүүчү. Жогорудагыдай шарияттары келечекте силерди зыяндан сактап, жакшылыкка дуушар кылуу үчүн. Бул пенделерине эмне пайдалуу экенин алдын-ала билгенине далил.

Al-Maaida 5:97Listen in Qur'an →
98

ٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ وَأَنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ

Know that Allah is severe in penalty and that Allah is Forgiving and Merciful.

Эй, адамдар, Аллах Таала күнөө кылган адамды катуу азаптоочу, ал эми тообо кылган адамга ырайымдуу, кечиримдүү

Al-Maaida 5:98Listen in Qur'an →
99

مَّا عَلَى ٱلرَّسُولِ إِلَّا ٱلْبَلَٰغُ ۗ وَٱللَّهُ يَعْلَمُ مَا تُبْدُونَ وَمَا تَكْتُمُونَ

Not upon the Messenger is [responsibility] except [for] notification. And Allah knows whatever you reveal and whatever you conceal.

Элчинин милдети Аллах Таала жеткирүүсүн буйруган нерсени жеткирүү гана, адамдарды туура жолго анда мүмкүнчүлүк жок. Туура жолго салуу Жалгыз Аллахтын колунда. Аллах Таала туура жолдо же адашуудагы силердин ачык жана жашыруун ишериңерди билет, кийин ошого жараша сыйлайт же жазалайт

Al-Maaida 5:99Listen in Qur'an →
100

قُل لَّا يَسْتَوِى ٱلْخَبِيثُ وَٱلطَّيِّبُ وَلَوْ أَعْجَبَكَ كَثْرَةُ ٱلْخَبِيثِ ۚ فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ يَٰٓأُو۟لِى ٱلْأَلْبَٰبِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Say, "Not equal are the evil and the good, although the abundance of evil might impress you." So fear Allah, O you of understanding, that you may be successful.

Оо, элчи, айткын: бардык нерседеги ыпластык бардык нерседеги тазалык менен бирдей болбойт. Ыпластыктын көптүгү сени кызыктырса да, анын көптүгү анын жакшы экенине далил эмес. Эй, акылдуулар, ыпластыкты таштап, жакшы иштерди кылуу менен Аллахка такыба болгула, ошондо бейиш жеңишине жетээрсиңер.

Al-Maaida 5:100Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.