Muslim99Muslim99
← Tafsir library

5. Al-Maaida

The Table · Medinan · 120 ayahs

سُورَةُ المَائـِدَةِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 81–90 of 120

81

وَلَوْ كَانُوا۟ يُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلنَّبِىِّ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا ٱتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَآءَ وَلَٰكِنَّ كَثِيرًۭا مِّنْهُمْ فَٰسِقُونَ

And if they had believed in Allah and the Prophet and in what was revealed to him, they would not have taken them as allies; but many of them are defiantly disobedient.

Эгер ал яхудилер Аллахка, жана Анын пайгамбарына чындап ишенгенде, ыймандууларды таштап, бутпарастарды жакшы көрүп, аларга жагынып дос-башчы кылып албайт эле. Анткени алар каапырларды дос кылуудан тыйылган болчу. Бирок яхудилердин көбү Аллахка баш ийүүдөн, Аны жана ыймандууларды дос тутуудан баш тартты.

Al-Maaida 5:81Listen in Qur'an →
82

۞ لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ ٱلنَّاسِ عَدَٰوَةًۭ لِّلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱلْيَهُودَ وَٱلَّذِينَ أَشْرَكُوا۟ ۖ وَلَتَجِدَنَّ أَقْرَبَهُم مَّوَدَّةًۭ لِّلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱلَّذِينَ قَالُوٓا۟ إِنَّا نَصَٰرَىٰ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّ مِنْهُمْ قِسِّيسِينَ وَرُهْبَانًۭا وَأَنَّهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ

You will surely find the most intense of the people in animosity toward the believers [to be] the Jews and those who associate others with Allah; and you will find the nearest of them in affection to the believers those who say, "We are Christians." That is because among them are priests and monks and because they are not arrogant.

Оо, элчи, сага жана сен алып келген динге ишенген ыймандууларга өтө катуу душман болгондор яхудилер, бут-айкелдерге сыйынгандар ж.б. Аллахка шерик кошкон бутпарастар экененин көрөсүң. Анткени, аларда жек көрүү, ичи тардык, текеберлик сыпаттары бар. Ал эми сага жана сен алып келген динге ишенген ыймандууларга жакын адамдар өздөрүн христиан деп атагандар экенин көрөсүң. Булардын ыймандууларга жакын болуусунун себеби, алардын арасында аалым, ибадаткөй адамдары бар, булар текебер эмес, кичи пейил адамдар. Текебер адамдардын жүрөгүнө жакшылык кирбейт.

Al-Maaida 5:82Listen in Qur'an →
83

وَإِذَا سَمِعُوا۟ مَآ أُنزِلَ إِلَى ٱلرَّسُولِ تَرَىٰٓ أَعْيُنَهُمْ تَفِيضُ مِنَ ٱلدَّمْعِ مِمَّا عَرَفُوا۟ مِنَ ٱلْحَقِّ ۖ يَقُولُونَ رَبَّنَآ ءَامَنَّا فَٱكْتُبْنَا مَعَ ٱلشَّٰهِدِينَ

And when they hear what has been revealed to the Messenger, you see their eyes overflowing with tears because of what they have recognized of the truth. They say, "Our Lord, we have believed, so register us among the witnesses.

Булардын, мисалы Нажаши жана анын жан-жөкөрлөрү сыяктуулардын жүрөгү жумшак. Булар Куранды укканда, анын чындык экенин билип, катуу берилгендиктен ыйлап жиберишет, себеби алар Иса пайгамбар алып келген динди жакшы билишчү. Анан: Оо, Жараткан, Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарыңа түшүргөн диниңе ыйман келтирдик. Оо, Жараткан, бизди да кыямат күнү адамдарга далил болуучу үммөттүн катарына, тагыраагы, Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үммөттүнүн катарына жаз.

Al-Maaida 5:83Listen in Qur'an →
84

وَمَا لَنَا لَا نُؤْمِنُ بِٱللَّهِ وَمَا جَآءَنَا مِنَ ٱلْحَقِّ وَنَطْمَعُ أَن يُدْخِلَنَا رَبُّنَا مَعَ ٱلْقَوْمِ ٱلصَّٰلِحِينَ

And why should we not believe in Allah and what has come to us of the truth? And we aspire that our Lord will admit us [to Paradise] with the righteous people."

Алар: Аллахка ишенүүгө, Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген чындыкка ишенүүгө бизге эмне тоскоол болду?! Биз пайгамбарлар жана Аллахтын азабынан коркуп аларды ээрчиген ыймандуулар менен бирге бейишке кирүүнү үмүт кылабыз го дешет.

Al-Maaida 5:84Listen in Qur'an →
85

فَأَثَٰبَهُمُ ٱللَّهُ بِمَا قَالُوا۟ جَنَّٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ جَزَآءُ ٱلْمُحْسِنِينَ

So Allah rewarded them for what they said with gardens [in Paradise] beneath which rivers flow, wherein they abide eternally. And that is the reward of doers of good.

Чындыкты моюндаганы жана ыйманы бекем болгону үчүн Аллах Таала аларга ак сарайларынын, бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейишти даярдап койду. Анда түбөлүк калышат. Бул, жакшы иштерди кылуучуларга алар эч чектөө же шарт койбостон чындыкка дароо ишенип, аны ээрчигени үчүн берилген сый.

Al-Maaida 5:85Listen in Qur'an →
86

وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَكَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَآ أُو۟لَٰٓئِكَ أَصْحَٰبُ ٱلْجَحِيمِ

But those who disbelieved and denied Our signs - they are the companions of Hellfire.

Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондор, элчисине түшүргөн аяттарды жалганга чыгаргандар, булар күйгүзүүчү тозокто түбөлүк калып, андан эч качан чыгышпайт

Al-Maaida 5:86Listen in Qur'an →
87

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تُحَرِّمُوا۟ طَيِّبَٰتِ مَآ أَحَلَّ ٱللَّهُ لَكُمْ وَلَا تَعْتَدُوٓا۟ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلْمُعْتَدِينَ

O you who have believed, do not prohibit the good things which Allah has made lawful to you and do not transgress. Indeed, Allah does not like transgressors.

Оо, ыймандуулар, тамак-аштан, суусундуктардан жана никеленүүдөн адал болгон ырахаттуу нерселерди өзүңөргө-өзүңө арам кылып албагыла. Өтө ибадатчыл, дүйнөнү кечип коюучу болуп буларды арамга чыгарбагыла. Аллах Таала силерге арам кылган нерселердин чегинен ашып кетпегиле. Аллах Таала чектен чыккандарды жакшы көрбөйт, тескерисинче, аларга ачууланат.

Al-Maaida 5:87Listen in Qur'an →
88

وَكُلُوا۟ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ حَلَٰلًۭا طَيِّبًۭا ۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ٱلَّذِىٓ أَنتُم بِهِۦ مُؤْمِنُونَ

And eat of what Allah has provided for you [which is] lawful and good. And fear Allah, in whom you are believers.

Аллах Таала силерге ырыскы кылып берген табиятынан адал, таза болгон нерселерди жей бергиле. Тартып алуу сыяктуу арам жолдор менен арам болгон же өтө зыяндуулугу үчүн арам болгон нерселерди жебегиле. Буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып Аллахка такыба болгула. Силер ага ыйман келтиргенсиңер, ыйманыңар Ага такыба болууну талап кылат

Al-Maaida 5:88Listen in Qur'an →
89

لَا يُؤَاخِذُكُمُ ٱللَّهُ بِٱللَّغْوِ فِىٓ أَيْمَٰنِكُمْ وَلَٰكِن يُؤَاخِذُكُم بِمَا عَقَّدتُّمُ ٱلْأَيْمَٰنَ ۖ فَكَفَّٰرَتُهُۥٓ إِطْعَامُ عَشَرَةِ مَسَٰكِينَ مِنْ أَوْسَطِ مَا تُطْعِمُونَ أَهْلِيكُمْ أَوْ كِسْوَتُهُمْ أَوْ تَحْرِيرُ رَقَبَةٍۢ ۖ فَمَن لَّمْ يَجِدْ فَصِيَامُ ثَلَٰثَةِ أَيَّامٍۢ ۚ ذَٰلِكَ كَفَّٰرَةُ أَيْمَٰنِكُمْ إِذَا حَلَفْتُمْ ۚ وَٱحْفَظُوٓا۟ أَيْمَٰنَكُمْ ۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمْ ءَايَٰتِهِۦ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Allah will not impose blame upon you for what is meaningless in your oaths, but He will impose blame upon you for [breaking] what you intended of oaths. So its expiation is the feeding of ten needy people from the average of that which you feed your [own] families or clothing them or the freeing of a slave. But whoever cannot find [or afford it] - then a fast of three days [is required]. That is the expiation for oaths when you have sworn. But guard your oaths. Thus does Allah make clear to you His verses that you may be grateful.

Оо, ыймандуулар, чын жүрөктөн эмес, ооз учунан чыккан антыңар үчүн Аллах Таала силерди сурак кылбайт. Максат кылып, чын жүрөктөн берген антыңарды бузсаңар, анда сурак кылат. Максат кылып, тилиңер менен берген антыңарды бузган күнөөңөр төмөнкү үч иш менен жуулат: өзүңөр жашаган жерде орточо деп эсептелген тамак менен он жакыр адамды тамактандыруу, ар бир жакырга жарым сааь (төрт кошууч, 3, 300гр), же элдин үрпүндө кийим деп эсептелгендей кийим кийгизүү, же бир мусулман кулду азаттыкка чыгаруу. Эгер мына ушул ич иштин бирөөнө да каражат таппаса, анда үч күн орозо кармаса жетиштүү. Эй, ыймандуулар, ушул айтылгандар Аллахтын аты менен ант берип, анан аны кайра бузган күнөөңөрдү жууйт. Аллахтын аты менен жалган ант ичүүдөн, көп ант иче берүүдөн, жана антты орундоо жакшы эмес болгондо аны орундабай коюудан этиет болгула. Жакшылык кылгыла жана жогоруда Аллах баяндагандай жолдор менен антыңардын күнөөсүн жуугула. Аллах Таала анын арамга да, адалга да тишелүү өкүмдөрүн силерге баяндады. Билбеген нерсеңерди үйрөткөнү үчүн Аллахка шүгүр кылаарсыңар.

Al-Maaida 5:89Listen in Qur'an →
90

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِنَّمَا ٱلْخَمْرُ وَٱلْمَيْسِرُ وَٱلْأَنصَابُ وَٱلْأَزْلَٰمُ رِجْسٌۭ مِّنْ عَمَلِ ٱلشَّيْطَٰنِ فَٱجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

O you who have believed, indeed, intoxicants, gambling, [sacrificing on] stone alters [to other than Allah], and divining arrows are but defilement from the work of Satan, so avoid it that you may be successful.

Оо, ыймандуулар, адамды акылынан тайдыра турган мас кылуучу ичимдиктер, эки тараптан ортого коюлуп ойнолчу кумар оюндары, бутпарастар аны ыйыктап курмандык чалган же сыйынуу үчүн орнотуп алган таш-айкелдер, кайыпты чечмелөө үчүн төлгө салына турган жебелер, ушулардын баары шайтан кооз көрсөткөн күнөөлөр. булардан алыс болгула, бул дүйнөдө бейпил жашоого, акыретте бейиш жакшылыктарына жетесиңер.

Al-Maaida 5:90Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.