۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلرَّسُولُ لَا يَحْزُنكَ ٱلَّذِينَ يُسَٰرِعُونَ فِى ٱلْكُفْرِ مِنَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓا۟ ءَامَنَّا بِأَفْوَٰهِهِمْ وَلَمْ تُؤْمِن قُلُوبُهُمْ ۛ وَمِنَ ٱلَّذِينَ هَادُوا۟ ۛ سَمَّٰعُونَ لِلْكَذِبِ سَمَّٰعُونَ لِقَوْمٍ ءَاخَرِينَ لَمْ يَأْتُوكَ ۖ يُحَرِّفُونَ ٱلْكَلِمَ مِنۢ بَعْدِ مَوَاضِعِهِۦ ۖ يَقُولُونَ إِنْ أُوتِيتُمْ هَٰذَا فَخُذُوهُ وَإِن لَّمْ تُؤْتَوْهُ فَٱحْذَرُوا۟ ۚ وَمَن يُرِدِ ٱللَّهُ فِتْنَتَهُۥ فَلَن تَمْلِكَ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِ شَيْـًٔا ۚ أُو۟لَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَمْ يُرِدِ ٱللَّهُ أَن يُطَهِّرَ قُلُوبَهُمْ ۚ لَهُمْ فِى ٱلدُّنْيَا خِزْىٌۭ ۖ وَلَهُمْ فِى ٱلْءَاخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌۭ
O Messenger, let them not grieve you who hasten into disbelief of those who say, "We believe" with their mouths, but their hearts believe not, and from among the Jews. [They are] avid listeners to falsehood, listening to another people who have not come to you. They distort words beyond their [proper] usages, saying "If you are given this, take it; but if you are not given it, then beware." But he for whom Allah intends fitnah - never will you possess [power to do] for him a thing against Allah. Those are the ones for whom Allah does not intend to purify their hearts. For them in this world is disgrace, and for them in the Hereafter is a great punishment.
Оо, элчи, сени ачуулантуу үчүн, сыртынан ыймандуу көрүнүп, ичине каапырлыгын жашырган эки жүздүүлөрдүн каапырлык иш-аракеттерине карай шашылгандарга кайгырба. Ошондой эле улууларынын жалганына муюп, кабыл кылган, сенден баш таркан жана Тоороттогу Аллахтын сөзүн каалоолоруна ылайыктап өзгөрткөн башчыларын ээрчиген яхудилерге да кайгырба. Алар артындагы ээрчигендерге: Эгер Мухаммаддын өкүмдөрү каалооңорго туура келсе, аны ээрчигиле, эгер туура келбесе, андан баш тарткыла деп айтышат. Аллах Таала адамдардан кимди адаштырууну кааласа, эй, элчи, аны адашуудан куткара турган жана туура жолго багыттай турган эч кимди таба албайсың. Жогорудагы сыпаттар менен сыпатталган яхудилер менен эки жүздүүлөрдү Аллах Таала алардын жүрөгүн каапырлыктан тазалоону каалабайт. Аларга бул дүйнөдө кордук жана уят, ал эми акыретте катуу азап болот, бул тозок азабы.