Muslim99Muslim99
← Tafsir library

3. Aal-i-Imraan

The Family of Imraan · Medinan · 200 ayahs

سُورَةُ آلِ عِمۡرَانَ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 91–100 of 200

91

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَمَاتُوا۟ وَهُمْ كُفَّارٌۭ فَلَن يُقْبَلَ مِنْ أَحَدِهِم مِّلْءُ ٱلْأَرْضِ ذَهَبًۭا وَلَوِ ٱفْتَدَىٰ بِهِۦٓ ۗ أُو۟لَٰٓئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ

Indeed, those who disbelieve and die while they are disbelievers - never would the [whole] capacity of the earth in gold be accepted from one of them if he would [seek to] ransom himself with it. For those there will be a painful punishment, and they will have no helpers.

Ал эми каапырлык кылып жүрүп ошол абалда өлгөндөр, тозоктон кутулуш үчүн жердин салмагындай алтынды сунуш кылса да кабыл кылынбайт. Аларга кыйноочу азап бар жана кыяматта аларды азаптан куткарган жардамчылар болбойт.

Aal-i-Imraan 3:91Listen in Qur'an →
92

لَن تَنَالُوا۟ ٱلْبِرَّ حَتَّىٰ تُنفِقُوا۟ مِمَّا تُحِبُّونَ ۚ وَمَا تُنفِقُوا۟ مِن شَىْءٍۢ فَإِنَّ ٱللَّهَ بِهِۦ عَلِيمٌۭ

Never will you attain the good [reward] until you spend [in the way of Allah] from that which you love. And whatever you spend - indeed, Allah is Knowing of it.

Оо, ыймандуулар! Өзүңөр жакшы көргөн мал-мүлкүңөрдөн Аллах жолуна сарптамайынча жакшылык ээлеринин соопторуна жана даражасына жете албайсыңар. Сарптаган нерсеңер аз болобу, же көп болобу, Аллах ниетиңерди жана иш-аракетиңерди Билүүчү жана ар бирине иш-аракетине жараша сыйлыгын берет.

Aal-i-Imraan 3:92Listen in Qur'an →
93

۞ كُلُّ ٱلطَّعَامِ كَانَ حِلًّۭا لِّبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ إِلَّا مَا حَرَّمَ إِسْرَٰٓءِيلُ عَلَىٰ نَفْسِهِۦ مِن قَبْلِ أَن تُنَزَّلَ ٱلتَّوْرَىٰةُ ۗ قُلْ فَأْتُوا۟ بِٱلتَّوْرَىٰةِ فَٱتْلُوهَآ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ

All food was lawful to the Children of Israel except what Israel had made unlawful to himself before the Torah was revealed. Say, [O Muhammad], "So bring the Torah and recite it, if you should be truthful."

Исраил урпактарына таза тамактын баары эле адал болчу. Болгону Тоорот түшө элегинде Якуб пайгамбар кээ бир тамактан өзүн тыйып жечү эмес. бул Яхудилер айткандай Тооротто арам кылынган эмес. Оо, пайгамбар, сен аларга: эгер айтып жатканыңарчын болсо, Тооротту алып келип окуп көргүлөчү, - деп айт. Алао оозунан сөзү учуп аны алып келе алышпайт. Бул Яхудилердин Тооротко жалаа жаап, анын мазмунун өзгөртүп жибергенине далил боло турган бир мисал

Aal-i-Imraan 3:93Listen in Qur'an →
94

فَمَنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ مِنۢ بَعْدِ ذَٰلِكَ فَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ

And whoever invents about Allah untruth after that - then those are [truly] the wrongdoers.

Якуб пайгамбар тыйылган азыктар Аллахтын тыюусу эмес, жеке өзүнүн каалоосу менен тыйылуу деген ачык далил келгенден кийин деле Аллахка бул нерсени жүктөп доомат кыла бергендер; алар далили ачык болгондон кийин да чындыкты таштап жандарына залым кылгандар

Aal-i-Imraan 3:94Listen in Qur'an →
95

قُلْ صَدَقَ ٱللَّهُ ۗ فَٱتَّبِعُوا۟ مِلَّةَ إِبْرَٰهِيمَ حَنِيفًۭا وَمَا كَانَ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ

Say, "Allah has told the truth. So follow the religion of Abraham, inclining toward truth; and he was not of the polytheists."

Оо, пайгамбар, аларга айт: Аллах Таала Якуб пайгамбар тууралуу туура кабар айтты, ошондой эле Анын ар бир түшүргөнү жана шарият кылганы чындык. Ибрахимдин динине ээрчигиле, Исламдан башка бардык динден жуз бурган, Аллахка башка нерсени эч шерик кылган эмес

Aal-i-Imraan 3:95Listen in Qur'an →
96

إِنَّ أَوَّلَ بَيْتٍۢ وُضِعَ لِلنَّاسِ لَلَّذِى بِبَكَّةَ مُبَارَكًۭا وَهُدًۭى لِّلْعَٰلَمِينَ

Indeed, the first House [of worship] established for mankind was that at Makkah - blessed and a guidance for the worlds.

Чынында адамдар Аллахка ибадат кылуусу үчүн курулган жердеги үй - бул, Меккедеги Аллахтын үйү Харам мечити. Ал өтө ыйык үй, дүйнө жана диний пайдалары көп, анда бүтүндөй ааламга туура жол бар

Aal-i-Imraan 3:96Listen in Qur'an →
97

فِيهِ ءَايَٰتٌۢ بَيِّنَٰتٌۭ مَّقَامُ إِبْرَٰهِيمَ ۖ وَمَن دَخَلَهُۥ كَانَ ءَامِنًۭا ۗ وَلِلَّهِ عَلَى ٱلنَّاسِ حِجُّ ٱلْبَيْتِ مَنِ ٱسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلًۭا ۚ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِىٌّ عَنِ ٱلْعَٰلَمِينَ

In it are clear signs [such as] the standing place of Abraham. And whoever enters it shall be safe. And [due] to Allah from the people is a pilgrimage to the House - for whoever is able to find thereto a way. But whoever disbelieves - then indeed, Allah is free from need of the worlds.

Бул үйдө анын шарапаттуулугуна жана өзгөчөлүгүнө ачык белгилери бар, иадат кылына турган орундары сыяктуу, мисалы, дубалын тургузууда Ибрахим пайгамбар бутунун алдына койгон таш. Дагы бири, ага кирген адамдын жүрөгү тынчып коркуусу жоголот жана ага эч зыян боолбойт. Адамдарга Аллах үчүн бул үйдү максат кылып келип ажы амалдарын аткаруу милдети жүктөлдү. Бул милдет, ага келүүгө мүмкүнчүлүгү жеткен адамга гана тиешелүү. Ал эми ким ажы амалы парз экенине каапыр болсо, Аллах ага муктаж эмес, деги эле Аллах Таала ааламда эч нерсеге муктаж эмес

Aal-i-Imraan 3:97Listen in Qur'an →
98

قُلْ يَٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَٰبِ لِمَ تَكْفُرُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَٱللَّهُ شَهِيدٌ عَلَىٰ مَا تَعْمَلُونَ

Say, "O People of the Scripture, why do you disbelieve in the verses of Allah while Allah is Witness over what you do?"

Оо, пайгамбар, аларга айт: эй, яхудилер менен христиандар, эмнеге менин пайгамбарлыгым тууралуу ачык далилдер келип жатса деле аны тана бересиңер, мындай далилдердин кээси Тоорот менен Инжилде да келбеди беле?! Аллах Таала бул кылганыңарды карап, ага күбө болуп турат, кийин ошого жараша жазаланасыңар

Aal-i-Imraan 3:98Listen in Qur'an →
99

قُلْ يَٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَٰبِ لِمَ تَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ مَنْ ءَامَنَ تَبْغُونَهَا عِوَجًۭا وَأَنتُمْ شُهَدَآءُ ۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ

Say, "O People of the Scripture, why do you avert from the way of Allah those who believe, seeking to make it [seem] deviant, while you are witnesses [to the truth]? And Allah is not unaware of what you do."

Оо, пайгамбар, аларга минтип айт: Эй, яхудилер жана христиандар, Аллах ишенген адамдарды эмне үчүн Анын дининен тыясыңар, Аллахтын динин чындыктан жалганга өзгөртүүгө аракет кыласыңар диндегилерди туура жолдон адашууга үгүттөйсүңөр. А өзүңөр бул дин чыныгы дин экенине, силердин китебиңерди тастыктап келгенине күбө болуп турасыңар?! Аллах Таала силер Ага каапырлык кылып, Анын жолунан тосуп жатканыңардан бейкапар эмес, кийин ушуга жараша жазаланасыңар.

Aal-i-Imraan 3:99Listen in Qur'an →
100

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِن تُطِيعُوا۟ فَرِيقًۭا مِّنَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَٰبَ يَرُدُّوكُم بَعْدَ إِيمَٰنِكُمْ كَٰفِرِينَ

O you who have believed, if you obey a party of those who were given the Scripture, they would turn you back, after your belief, [to being] unbelievers.

Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, эгер яхуди же христиандардын кээ бир тайпалары айтып жаткан сөзгө кирсеңер жана алардын оюна ээрчисеңер, ыйманыңардан кийин кайра каапырлыкка ээрчитип кетет, анткени аларда силерди көралбастыгы жана туура жолдон адашуу бар

Aal-i-Imraan 3:100Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.