وَإِذْ أَخَذَ ٱللَّهُ مِيثَٰقَ ٱلنَّبِيِّۦنَ لَمَآ ءَاتَيْتُكُم مِّن كِتَٰبٍۢ وَحِكْمَةٍۢ ثُمَّ جَآءَكُمْ رَسُولٌۭ مُّصَدِّقٌۭ لِّمَا مَعَكُمْ لَتُؤْمِنُنَّ بِهِۦ وَلَتَنصُرُنَّهُۥ ۚ قَالَ ءَأَقْرَرْتُمْ وَأَخَذْتُمْ عَلَىٰ ذَٰلِكُمْ إِصْرِى ۖ قَالُوٓا۟ أَقْرَرْنَا ۚ قَالَ فَٱشْهَدُوا۟ وَأَنَا۠ مَعَكُم مِّنَ ٱلشَّٰهِدِينَ
And [recall, O People of the Scripture], when Allah took the covenant of the prophets, [saying], "Whatever I give you of the Scripture and wisdom and then there comes to you a messenger confirming what is with you, you [must] believe in him and support him." [Allah] said, "Have you acknowledged and taken upon that My commitment?" They said, "We have acknowledged it." He said, "Then bear witness, and I am with you among the witnesses."
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Аллах пайгамбарлардан бекем убада алып, аларга мындай деди: «Мен силерге түшүргөн китептен жана үйрөткөн даанышмандыктан эмнени берсем, ошондой эле араңардан кимдир бирөө артыкчылыкка жана кадыр-баркка жетсе, кийин Мен тараптан Мухаммад силерге элчи болуп келип, силердеги китепти жана даанышмандыкты тастыктаса, анда силер ал алып келген нерсеге сөзсүз ыйман келтиресиңер жана аны ээрчүү менен жардам бересиңер. Оо, пайгамбарлар! Силер ушуга макулсуңарбы, Менин бекем келишимимди кабыл алдыңарбы? – дегенде, алар: «Аны кабыл алдык» – дешти. Аллах айтты: «Өзүңөргө жана үммөттөрүңөргө күбө болгула, Мен дагы силерге жана аларга күбө болуучуларданмын».