Muslim99Muslim99
← Tafsir library

3. Aal-i-Imraan

The Family of Imraan · Medinan · 200 ayahs

سُورَةُ آلِ عِمۡرَانَ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 51–60 of 200

51

إِنَّ ٱللَّهَ رَبِّى وَرَبُّكُمْ فَٱعْبُدُوهُ ۗ هَٰذَا صِرَٰطٌۭ مُّسْتَقِيمٌۭ

Indeed, Allah is my Lord and your Lord, so worship Him. That is the straight path."

Анткени Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Ал жалгыз Өзү гана баш ийдирүүгө жана коркууга татыктуу. Андыктан Ага гана сыйынгыла. Мен силерди Аллахка сыйынгыла жана Андан корккула деп чакырган нерсе – эч кандай бурмалануусу жок туура жол».

Aal-i-Imraan 3:51Listen in Qur'an →
52

۞ فَلَمَّآ أَحَسَّ عِيسَىٰ مِنْهُمُ ٱلْكُفْرَ قَالَ مَنْ أَنصَارِىٓ إِلَى ٱللَّهِ ۖ قَالَ ٱلْحَوَارِيُّونَ نَحْنُ أَنصَارُ ٱللَّهِ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَٱشْهَدْ بِأَنَّا مُسْلِمُونَ

But when Jesus felt [persistence in] disbelief from them, he said, "Who are my supporters for [the cause of] Allah?" The disciples said, "We are supporters for Allah. We have believed in Allah and testify that we are Muslims [submitting to Him].

Иса алардын каапырлыктан кайтпастыгын билгенде, Исраил урпактарына кайрылып: «Аллахка даават кылууда ким мага жардамчы болот?» – деди. Аны ээрчигендерден такыбалары: «Биз Аллахтын динине жардам беребиз. Биз Аллахка ыйман келтирдик жана сени ээрчидик. Оо, Иса! Күбө бол, биз Аллахты жалгыздап, Ага моюн сунуу менен Аны ээрчийбиз» – дешти.

Aal-i-Imraan 3:52Listen in Qur'an →
53

رَبَّنَآ ءَامَنَّا بِمَآ أَنزَلْتَ وَٱتَّبَعْنَا ٱلرَّسُولَ فَٱكْتُبْنَا مَعَ ٱلشَّٰهِدِينَ

Our Lord, we have believed in what You revealed and have followed the messenger Jesus, so register us among the witnesses [to truth]."

Ошондой эле шакирттери айтышты: «Раббибиз, Биз Сен түшүргөн Инжилге ыйман келтирдик жана Исаны ээрчидик. Бизди Сага жана элчилериңе ыйман келтирип, акыйкатка күбө болгондор менен бирге кыл».

Aal-i-Imraan 3:53Listen in Qur'an →
54

وَمَكَرُوا۟ وَمَكَرَ ٱللَّهُ ۖ وَٱللَّهُ خَيْرُ ٱلْمَٰكِرِينَ

And the disbelievers planned, but Allah planned. And Allah is the best of planners.

Исраил урпактарынын каапырлары айлакерлик кылып Исаны өлтүрүүгө аракет жасашты. Аллах да айлакерлик кылып, аларды адашкан боюнча калтырды жана башка адамды Исага окшотуп койду. Аллах айлакерлердин эң мыктысы, анткени душманга кылган айлакерликте Андан эч ким өтө албайт.

Aal-i-Imraan 3:54Listen in Qur'an →
55

إِذْ قَالَ ٱللَّهُ يَٰعِيسَىٰٓ إِنِّى مُتَوَفِّيكَ وَرَافِعُكَ إِلَىَّ وَمُطَهِّرُكَ مِنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَجَاعِلُ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوكَ فَوْقَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَٰمَةِ ۖ ثُمَّ إِلَىَّ مَرْجِعُكُمْ فَأَحْكُمُ بَيْنَكُمْ فِيمَا كُنتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ

[Mention] when Allah said, "O Jesus, indeed I will take you and raise you to Myself and purify you from those who disbelieve and make those who follow you [in submission to Allah alone] superior to those who disbelieve until the Day of Resurrection. Then to Me is your return, and I will judge between you concerning that in which you used to differ.

Аллахтын аларга кылган дагы бир айлакерлиги, Ал Исага кайрылып: «Оо, Иса! Мен сени өлтүрбөстөн алып кетем, денеңди жана рухуңду Өзүмө көтөрүп кетем. Сага каапырлык кылгандардын ыпластыгынан сени тазалап, аларды сенден алыстатам. Ал эми акыйкат динде (анын ичинде Мухаммадга ыйман келтирүү да бар) сени ээрчигендерди кыяматка чейин далил жана кадыр-барк менен сага каапырлык кылгандардан жогору кылам. Андан кийин кыяматта жалгыз Мага кайтып келесиңер, ошондо силер өз ара талашып-тартышкан нерселерде акыйкат менен өкүм чыгарам.

Aal-i-Imraan 3:55Listen in Qur'an →
56

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فَأُعَذِّبُهُمْ عَذَابًۭا شَدِيدًۭا فِى ٱلدُّنْيَا وَٱلْءَاخِرَةِ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ

And as for those who disbelieved, I will punish them with a severe punishment in this world and the Hereafter, and they will have no helpers."

Ал эми сага жана сен алып келген акыйкатка каапырлык кылгандарды бул дүйнөдө өлтүрүү, туткундоо, кордукка салуу ж.б. катаал азап менен, акыретте болсо тозок азабы менен азаптаймын. Аларды азаптан куткарган эч кандай жардамчы болбойт».

Aal-i-Imraan 3:56Listen in Qur'an →
57

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَيُوَفِّيهِمْ أُجُورَهُمْ ۗ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ ٱلظَّٰلِمِينَ

But as for those who believed and did righteous deeds, He will give them in full their rewards, and Allah does not like the wrongdoers.

Ал эми сага жана сен алып келген акыйкатка ыйман келтиргендерге жана намаз, зекет, орозо, туугандык мамилени бекемдөө ж.б. ушул сыяктуу жакшылык иштерди кылгандарга Аллах алардын иш-аракеттеринин сообун кемитпестен толук берет. Бул сөз Иса пайгамбар өзү куш кабарын берген Мухаммад пайгамбар келгенге чейинки анын жолдоочулары тууралуу айтылды. Аллах залымдарды жакшы көрбөйт. Аллах таалага ширк кылуу жана Анын элчилерин жалганга чыгаруу – эң чоң зулумдуктардан.

Aal-i-Imraan 3:57Listen in Qur'an →
58

ذَٰلِكَ نَتْلُوهُ عَلَيْكَ مِنَ ٱلْءَايَٰتِ وَٱلذِّكْرِ ٱلْحَكِيمِ

This is what We recite to you, [O Muhammad], of [Our] verses and the precise [and wise] message.

Биз сага окуп жаткан Иса пайгамбардын кабары – сага түшкөн нерсенин чындык экендигин көрсөткөн ачык белгилерден. Ал – такыбалар үчүн эскертме, эч кандай жалганды алып келбеген акыйкат.

Aal-i-Imraan 3:58Listen in Qur'an →
59

إِنَّ مَثَلَ عِيسَىٰ عِندَ ٱللَّهِ كَمَثَلِ ءَادَمَ ۖ خَلَقَهُۥ مِن تُرَابٍۢ ثُمَّ قَالَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ

Indeed, the example of Jesus to Allah is like that of Adam. He created Him from dust; then He said to him, "Be," and he was.

Аллахтын Исаны жаратуусунун мисалы, Адамды атасыз жана энесиз топурактан жаратканына эле окшош. Чындыгында Аллах ага «бол» деди, ал Аллах таала каалагандай болду. Эмнеге алар Адамды атасыз жана энесиз жаралганына карабастан пенде экенин моюнга алып, ал эми Исанын атасыз жаралганын бетке кармап аны кудай деп ойлоп жатышат?!

Aal-i-Imraan 3:59Listen in Qur'an →
60

ٱلْحَقُّ مِن رَّبِّكَ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلْمُمْتَرِينَ

The truth is from your Lord, so do not be among the doubters.

Иса тууралуу шексиз чындык сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн. Андыктан шектенгендерден жана экиленгендерден болбо. Тескерисинче, өзүң турган акыйкатка бекем бол.

Aal-i-Imraan 3:60Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.