Muslim99Muslim99
← Tafsir library

3. Aal-i-Imraan

The Family of Imraan · Medinan · 200 ayahs

سُورَةُ آلِ عِمۡرَانَ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 151–160 of 200

151

سَنُلْقِى فِى قُلُوبِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ٱلرُّعْبَ بِمَآ أَشْرَكُوا۟ بِٱللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِۦ سُلْطَٰنًۭا ۖ وَمَأْوَىٰهُمُ ٱلنَّارُ ۚ وَبِئْسَ مَثْوَى ٱلظَّٰلِمِينَ

We will cast terror into the hearts of those who disbelieve for what they have associated with Allah of which He had not sent down [any] authority. And their refuge will be the Fire, and wretched is the residence of the wrongdoers.

Каалоолорун ээрчип, эч далили жок эле Аллахка башка нерселерди шерик кылып, анан ага сыйынганы үчүн каапырлардын жүрөгүнө катуу коркунуч салабыз. Анан силер менен согушууда туруштук бере албайт. Алардын акырете тура турган жайлары тозок. Зааламдардын жайы болгон тозок кандай жаман

Aal-i-Imraan 3:151Listen in Qur'an →
152

وَلَقَدْ صَدَقَكُمُ ٱللَّهُ وَعْدَهُۥٓ إِذْ تَحُسُّونَهُم بِإِذْنِهِۦ ۖ حَتَّىٰٓ إِذَا فَشِلْتُمْ وَتَنَٰزَعْتُمْ فِى ٱلْأَمْرِ وَعَصَيْتُم مِّنۢ بَعْدِ مَآ أَرَىٰكُم مَّا تُحِبُّونَ ۚ مِنكُم مَّن يُرِيدُ ٱلدُّنْيَا وَمِنكُم مَّن يُرِيدُ ٱلْءَاخِرَةَ ۚ ثُمَّ صَرَفَكُمْ عَنْهُمْ لِيَبْتَلِيَكُمْ ۖ وَلَقَدْ عَفَا عَنكُمْ ۗ وَٱللَّهُ ذُو فَضْلٍ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ

And Allah had certainly fulfilled His promise to you when you were killing the enemy by His permission until [the time] when you lost courage and fell to disputing about the order [given by the Prophet] and disobeyed after He had shown you that which you love. Among you are some who desire this world, and among you are some who desire the Hereafter. Then he turned you back from them [defeated] that He might test you. And He has already forgiven you, and Allah is the possessor of bounty for the believers.

Ухуд күнү Аллахтын уруксаты менен силер каапырларды кырып-жоюп киргениңерде, Аллах Таала силерге жеңиш берем деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу. Кийин силер Аллахтын элчиси силерди буйруган иште алсыздык кылып жана ордуңарда калуу же ордуңарды таштап, олжо жыюуга киришүү жөнүндө талаштыңар. Абал кандай өзгөрсө да ээлеген ордуңардан жылбагыла деген Аллахтын элчисине күнөөкөр болдуңар. Бул, силер душманыңарды жеңүүнү каалап турганыңардан кийин болду. Силердин араңардагы дүйнө олжосун каалагандар, ээлеген орундарын таштап коюшту. Ал эми акырет сообун каалагандар, Аллахтын элчисине баш ийип орундарында калышты. Андан кийин Аллах Таала силерди сыноо үчүн аларды силерге үстөм кылып койду. Башына келген балээге алы жетпей, кадамы титиреп чыныгы сабырдуу ыймандуулар ачык болду. Анан Аллах Таала пайгамбардын буйругун аткарбай койгонуңарды кечирди. Аллах Таала ыймандууларга ушундай артыкчылык кылат, аларды ыйманга баштайт, күнөөлөрүн кечирет, кыйынчылыктан чыгарат.

Aal-i-Imraan 3:152Listen in Qur'an →
153

۞ إِذْ تُصْعِدُونَ وَلَا تَلْوُۥنَ عَلَىٰٓ أَحَدٍۢ وَٱلرَّسُولُ يَدْعُوكُمْ فِىٓ أُخْرَىٰكُمْ فَأَثَٰبَكُمْ غَمًّۢا بِغَمٍّۢ لِّكَيْلَا تَحْزَنُوا۟ عَلَىٰ مَا فَاتَكُمْ وَلَا مَآ أَصَٰبَكُمْ ۗ وَٱللَّهُ خَبِيرٌۢ بِمَا تَعْمَلُونَ

[Remember] when you [fled and] climbed [the mountain] without looking aside at anyone while the Messenger was calling you from behind. So Allah repaid you with distress upon distress so you would not grieve for that which had escaped you [of victory and spoils of war] or [for] that which had befallen you [of injury and death]. And Allah is [fully] Acquainted with what you do.

Оо, ыймандуулар, эстегиле, Ухуд күнү согушка чыкканыңарда, Аллахтын элчиси айткан ишти кылбай кыйынчылыкка кабылып, бири-бириңе карабай качып жөнөгөнүңөрдө, Аллахтын элчиси силердин артыңарда силер менен бутпарастардын ортосунда калып, силерге: эй, Аллахтын кулдары! Мага кайткыла! Эй, Аллахтын кулдары! Мага кайткыла деп кыйкырып жатты. Жеңишти жана олжону өзүңөр колдон чыгарып алганынар үчүн Аллах ушинтип ыза, кыйынчылык менен жазалады. Ал аз келгенсип, араңарда пайгамбар өлтүрүлдү деген кеп тарады. Бул силер жанагы колдон чыгарган жеңиш менен олжого жана өлгөндөр менен жараткаттангандарга өкүнбөшүңөр үчүн болду. Качан Аллахтын элчиси тирүү экенин укканыңарда кайгы-капа, өкүнүчтүн баары унутулду. Аллах Таала силердин кылган ишиңерден кабардар. Жүрөктөгү ниеттер да, сырткы иш-аракеттер да Аллахка жашыруун калбайт

Aal-i-Imraan 3:153Listen in Qur'an →
154

ثُمَّ أَنزَلَ عَلَيْكُم مِّنۢ بَعْدِ ٱلْغَمِّ أَمَنَةًۭ نُّعَاسًۭا يَغْشَىٰ طَآئِفَةًۭ مِّنكُمْ ۖ وَطَآئِفَةٌۭ قَدْ أَهَمَّتْهُمْ أَنفُسُهُمْ يَظُنُّونَ بِٱللَّهِ غَيْرَ ٱلْحَقِّ ظَنَّ ٱلْجَٰهِلِيَّةِ ۖ يَقُولُونَ هَل لَّنَا مِنَ ٱلْأَمْرِ مِن شَىْءٍۢ ۗ قُلْ إِنَّ ٱلْأَمْرَ كُلَّهُۥ لِلَّهِ ۗ يُخْفُونَ فِىٓ أَنفُسِهِم مَّا لَا يُبْدُونَ لَكَ ۖ يَقُولُونَ لَوْ كَانَ لَنَا مِنَ ٱلْأَمْرِ شَىْءٌۭ مَّا قُتِلْنَا هَٰهُنَا ۗ قُل لَّوْ كُنتُمْ فِى بُيُوتِكُمْ لَبَرَزَ ٱلَّذِينَ كُتِبَ عَلَيْهِمُ ٱلْقَتْلُ إِلَىٰ مَضَاجِعِهِمْ ۖ وَلِيَبْتَلِىَ ٱللَّهُ مَا فِى صُدُورِكُمْ وَلِيُمَحِّصَ مَا فِى قُلُوبِكُمْ ۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Then after distress, He sent down upon you security [in the form of] drowsiness, overcoming a faction of you, while another faction worried about themselves, thinking of Allah other than the truth - the thought of ignorance, saying, "Is there anything for us [to have done] in this matter?" Say, "Indeed, the matter belongs completely to Allah." They conceal within themselves what they will not reveal to you. They say, "If there was anything we could have done in the matter, some of us would not have been killed right here." Say, "Even if you had been inside your houses, those decreed to be killed would have come out to their death beds." [It was] so that Allah might test what is in your breasts and purify what is in your hearts. And Allah is Knowing of that within the breasts.

Кыйналып-кысталып, жабыркаганыңардан соң, Аллах силерге бейпилдик берди. Аллахтын убадасына ишенген адамдарды жеңил уйку басып, жүрөктөрүнө бейпилдик орноду. Ал эми керт башынын кызыкчылыгын ойлогон мунафыктарды уйку баспады, алардын жүрөгү да эс албады. Алар тынчсызданып, коркуп, Аллах Таала элчисине элчисине да, пенделерине да жардам бербейт деп, тиги жахилият доорунда Аллахтын кадырына шек келтиришкени сыяктуу мында да жаман күмөндө болушту. Алар Аллахты жакшы тааныбаганы себептүү: бизде бул согушка чыга турчу оюбуз да жок эле, эгер оюбузга койгондо, бул жерге келбейт элек дешти. Эй, пайгамбар, аларга жооп кылып, мындай де: "Иштин баары Аллахтын колунда, Ал каалагандай тагдыр кылат, каалаган өкүмүн жүргүзөт, силердин бул жакка чыгууңарды Ал тагдыр кылган". Мунафыктар жаман, шектүү күмөн санаганы үчүн коркуп сага ачыгын айтышпайт: эгер бул жакка чыгууга биздин оюбузга койгондо согушка чыкпайт элек дешет. Эй, пайгамбар, сен алардын айтканын жокко чыгарып: "Силер эгер согуш талаасынан, андагы өлүмдөн алыс өзүңөрдүн үйүңөрдө олтурсаңар да, Аллах жазып койгон өлүм маалы келсе, өлөсүңөр. Аллах Таала муну (согушту) силердин ниет, максатыңарды текшерүү жана ыймандуу менен мунафыкты ажыратуу үчүн жазды. Аллах Таала пенденин көкүрөгүндөгү сырды Билүүчү, Ага эч нерсе жарыруун калбайт

Aal-i-Imraan 3:154Listen in Qur'an →
155

إِنَّ ٱلَّذِينَ تَوَلَّوْا۟ مِنكُمْ يَوْمَ ٱلْتَقَى ٱلْجَمْعَانِ إِنَّمَا ٱسْتَزَلَّهُمُ ٱلشَّيْطَٰنُ بِبَعْضِ مَا كَسَبُوا۟ ۖ وَلَقَدْ عَفَا ٱللَّهُ عَنْهُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٌۭ

Indeed, those of you who turned back on the day the two armies met, it was Satan who caused them to slip because of some [blame] they had earned. But Allah has already forgiven them. Indeed, Allah is Forgiving and Forbearing.

Оо, Мухаммад пайгамбардын сахабалары, Ухуд күнү бутпарастар менен мусулмандар беттешкенде силердин араңардагы артка качкандарды алардын кээ бир күнөөсү себептүү шайтан азгырды. Аллах аларды кечирди, ырайымы жана артыкчылыгы менен аларды жазалабады. Аллах Таала тобо кылуучулардын тобосун кабыл кылуучу, аларды жазалоого шашылбаган Жумшак пейил.

Aal-i-Imraan 3:155Listen in Qur'an →
156

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَقَالُوا۟ لِإِخْوَٰنِهِمْ إِذَا ضَرَبُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ أَوْ كَانُوا۟ غُزًّۭى لَّوْ كَانُوا۟ عِندَنَا مَا مَاتُوا۟ وَمَا قُتِلُوا۟ لِيَجْعَلَ ٱللَّهُ ذَٰلِكَ حَسْرَةًۭ فِى قُلُوبِهِمْ ۗ وَٱللَّهُ يُحْىِۦ وَيُمِيتُ ۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌۭ

O you who have believed, do not be like those who disbelieved and said about their brothers when they traveled through the land or went out to fight, "If they had been with us, they would not have died or have been killed," so Allah makes that [misconception] a regret within their hearts. And it is Allah who gives life and causes death, and Allah is Seeing of what you do.

Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, ырыскы издеп сапарга чыгып же, казатка аттанып ошондо өлгөн же өлтүрүлгөн бир туугандары тууралуу, эгер алар биздин жаныбыздан алыс чыкпаганда өлбөйт эле деп айткан мунафык каапырларга окшобогула. Аллах Таала алардын жүрөгүндөгү өкүнүч жана кайгыны көбөйтүү үчүн аларга ушундай туура эмесишенимди киргизип койгон. А чыны, Аллах Өз каалоосу менен өлтүрөт жана тирилтет. Анын тагдырындагы өлүмдү үйдө олтуруу токтотпойт, же согушка чыгуу тездетпейт. Аллах силердин кылганыңарды Көрүүчү, амалыңар Ага жашыруун эмес, ошол амалыңарга жараша сый көрөсүңөр же жазаланасыңар

Aal-i-Imraan 3:156Listen in Qur'an →
157

وَلَئِن قُتِلْتُمْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ أَوْ مُتُّمْ لَمَغْفِرَةٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَحْمَةٌ خَيْرٌۭ مِّمَّا يَجْمَعُونَ

And if you are killed in the cause of Allah or die - then forgiveness from Allah and mercy are better than whatever they accumulate [in this world].

Оо, момундар, силер Аллах жолунда өлтүрүлсөңөр же өлсөңөр, Аллах силердин күнөөңөрдү кечирет жана ырайым кылат, мына ушул бул дүйнөдөн жана анда жыйылган эртеби-кечпи жок болуучу көр оокаттан жакшы

Aal-i-Imraan 3:157Listen in Qur'an →
158

وَلَئِن مُّتُّمْ أَوْ قُتِلْتُمْ لَإِلَى ٱللَّهِ تُحْشَرُونَ

And whether you die or are killed, unto Allah you will be gathered.

Кайсы жерде, кандай абалда өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр; баарыңар Жалгыз Аллахка кайтасыңар жана ар кимиң амалыңа жараша сый же жаза аласыңар

Aal-i-Imraan 3:158Listen in Qur'an →
159

فَبِمَا رَحْمَةٍۢ مِّنَ ٱللَّهِ لِنتَ لَهُمْ ۖ وَلَوْ كُنتَ فَظًّا غَلِيظَ ٱلْقَلْبِ لَٱنفَضُّوا۟ مِنْ حَوْلِكَ ۖ فَٱعْفُ عَنْهُمْ وَٱسْتَغْفِرْ لَهُمْ وَشَاوِرْهُمْ فِى ٱلْأَمْرِ ۖ فَإِذَا عَزَمْتَ فَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلْمُتَوَكِّلِينَ

So by mercy from Allah, [O Muhammad], you were lenient with them. And if you had been rude [in speech] and harsh in heart, they would have disbanded from about you. So pardon them and ask forgiveness for them and consult them in the matter. And when you have decided, then rely upon Allah. Indeed, Allah loves those who rely [upon Him].

Аллах ыроологон ырайым менен сенин мүнөзүң, эй, пайгамбар, сахабаларыңа жумшак болду. Эгер сөзүң же ишиң аларга катуу тие турган таш жүрөк болгонуңда, анда алар сенден ажырап кетишмек жана сенин укугуңду кыскартышмак. Сен эми аларга кечирим тиле, кеңешке муктаж болсоң алардын ой-пикирин сура. Кеңештен кийин оюңа бекем ишенсең, аны аткар, Аллахка тобокел кыл, чынында, Аллах Таала Ага тобокел кылгандарды жакшы көрөт, аларды ийгиликтүү кылып жардам берет

Aal-i-Imraan 3:159Listen in Qur'an →
160

إِن يَنصُرْكُمُ ٱللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ ۖ وَإِن يَخْذُلْكُمْ فَمَن ذَا ٱلَّذِى يَنصُرُكُم مِّنۢ بَعْدِهِۦ ۗ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُؤْمِنُونَ

If Allah should aid you, no one can overcome you; but if He should forsake you, who is there that can aid you after Him? And upon Allah let the believers rely.

Эгер Аллах силерге жардам берип, коргоосуна алса, жер бетиндегинин баары чогулса да силерге эч ким үстөмдүк кыла албайт. А эгер силерге жардам бербей өзүңөрдү таштап койсо, Аллахтан башка силерге эч ким жардам бере албайт. Жардам Жалгыз Анын колунда. Момундар бир гана Аллахка таянышсын, Андан башка эч нерсеге таянбасын

Aal-i-Imraan 3:160Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.