بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
In the name of Allah, the Entirely Merciful, the Especially Merciful.
Аллах Тааладан жардам сурап, Аны атын айтуу менен береке тилеп, Куран окууну Анын аты менен баштаймын. «Бисмиллах…» сөзү Аллахтын үч көркөм ысымын өзүнө камтыган: биринчиси, «Аллах» – сыйынууга чыныгы татыктуу Зат, бул ысым Аллах Тааланын Өзүнө гана тиешелүү жана Андан башка эч кимге ыйгарылбайт. Экинчиси, «Ар-Рахман» – чексиз ырайым Ээси жана Өз затында ырайымдуу. Үчүнчүсү, «Ар-Рахим» – жеткиликтүү ырайым Ээси жана Өз ырайымы менен жараткандарынын каалаганына, алардын ичинен ыймандуу пенделерине ырайым кылат.