Muslim99Muslim99
← Tafsir library

16. An-Nahl

The Bee · Meccan · 128 ayahs

سُورَةُ النَّحۡلِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 61–70 of 128

61

وَلَوْ يُؤَاخِذُ ٱللَّهُ ٱلنَّاسَ بِظُلْمِهِم مَّا تَرَكَ عَلَيْهَا مِن دَآبَّةٍۢ وَلَٰكِن يُؤَخِّرُهُمْ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى ۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمْ لَا يَسْتَـْٔخِرُونَ سَاعَةًۭ ۖ وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ

And if Allah were to impose blame on the people for their wrongdoing, He would not have left upon the earth any creature, but He defers them for a specified term. And when their term has come, they will not remain behind an hour, nor will they precede [it].

Эгерде Аллах таала адамдарды зулумдуктары, каапырлыктары себептүү жазалай турган болсо, анда жер бетинде кыбыр эткен адам да жандык да калмак эмес. Бирок Ал Өз илиминде аларды белгилүү убакытка чейин кечиктирет. Эгер Анын илиминде белгиленген ошол убакыт келсе, анда алар аны бир аз мөөнөткө алдыга да артка да жылдыра алышпайт.

62

وَيَجْعَلُونَ لِلَّهِ مَا يَكْرَهُونَ وَتَصِفُ أَلْسِنَتُهُمُ ٱلْكَذِبَ أَنَّ لَهُمُ ٱلْحُسْنَىٰ ۖ لَا جَرَمَ أَنَّ لَهُمُ ٱلنَّارَ وَأَنَّهُم مُّفْرَطُونَ

And they attribute to Allah that which they dislike, and their tongues assert the lie that they will have the best [from Him]. Assuredly, they will have the Fire, and they will be [therein] neglected.

Алар өздөрүнө жакпаган кыз перзентти Аллахка таңуулашат жана алар үчүн Аллахтын алдында эң жакшы даража бар деп тилдери менен жалган сүйлөшөт. Эгер алар айткандай кайра тирилери чындык болсо, анда алар үчүн тозок болору анык. Алар ал жайга ташталат жана ал жактан эч качан чыгышпайт.

63

تَٱللَّهِ لَقَدْ أَرْسَلْنَآ إِلَىٰٓ أُمَمٍۢ مِّن قَبْلِكَ فَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيْطَٰنُ أَعْمَٰلَهُمْ فَهُوَ وَلِيُّهُمُ ٱلْيَوْمَ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ

By Allah, We did certainly send [messengers] to nations before you, but Satan made their deeds attractive to them. And he is the disbelievers' ally today [as well], and they will have a painful punishment.

Оо, Мухаммад! Аллахка ант, Биз сенден мурунку коомдорго да пайгамбарларды жибергенбиз. Бирок шайтан алар кылган ширкти, каапырлыкты жана күнөөлөрдү аларга кооз кылып көргөздү. Алар аны кыяматта бизге колдоо көргөзгөн колдоочу болот деп ойлошот. Алар үчүн кыяматта жан ооруткан азап бар.

64

وَمَآ أَنزَلْنَا عَلَيْكَ ٱلْكِتَٰبَ إِلَّا لِتُبَيِّنَ لَهُمُ ٱلَّذِى ٱخْتَلَفُوا۟ فِيهِ ۙ وَهُدًۭى وَرَحْمَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ

And We have not revealed to you the Book, [O Muhammad], except for you to make clear to them that wherein they have differed and as guidance and mercy for a people who believe.

Оо, пайгамбар! Биз сага адамдар талашып тартышып жаткан Аллахты жалгыздоо, кайра тирилүү жана шарият өкүмдөрү сыяктуу нерселерди жалпы адамдарга түшүндүрүп беришиң үчүн гана Куранды түшүрдүк. Ошондой эле Куран – туура жол жана Аллахка, пайгамбарларга, Курандагы келген нерселерге ыйман келтиргендер үчүн ырайымдуулук. Мына ошолор гана акыйкаттан пайда алышат.

65

وَٱللَّهُ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَحْيَا بِهِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَسْمَعُونَ

And Allah has sent down rain from the sky and given life thereby to the earth after its lifelessness. Indeed in that is a sign for a people who listen.

Аллах асман тараптан жамгыр түшүрүп, ал себептүү какыраган как жерден өсүмдүктөрдү чыгарып жерге жан киргизди. Чындыгында жамгырдын асмандан түшүүсүндө жана ал аркылуу жерден өсүмдүктөрдү чыгаруусунда Аллахтын сөзүн угуп, ага ой жүгүрткөн адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар.

66

وَإِنَّ لَكُمْ فِى ٱلْأَنْعَٰمِ لَعِبْرَةًۭ ۖ نُّسْقِيكُم مِّمَّا فِى بُطُونِهِۦ مِنۢ بَيْنِ فَرْثٍۢ وَدَمٍۢ لَّبَنًا خَالِصًۭا سَآئِغًۭا لِّلشَّٰرِبِينَ

And indeed, for you in grazing livestock is a lesson. We give you drink from what is in their bellies - between excretion and blood - pure milk, palatable to drinkers.

Оо, адамдар! Чындыгында төөдө, уйда, койдо силер үчүн үлгү-сабактар бар. Биз силерди алардын курсагындагы бок-жини менен кандан турган заттын арасынан желиндери аркылуу сүт чыгарып ичиребиз. Буга карабастан ичкендерге жагымдуу таза, даамдуу сүт болуп чыгат.

67

وَمِن ثَمَرَٰتِ ٱلنَّخِيلِ وَٱلْأَعْنَٰبِ تَتَّخِذُونَ مِنْهُ سَكَرًۭا وَرِزْقًا حَسَنًا ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ

And from the fruits of the palm trees and grapevines you take intoxicant and good provision. Indeed in that is a sign for a people who reason.

Жана Биз силерге ырыскы кылып берген курманын жана жүзүмдүн мөмөлөрүндө да силер үчүн үлгү-сабактар бар. Силер алардан адамдын акылын мас кылган шараптарды чыгарасыңар. Бул жакшы эмес. Ошондой эле алардан курма, мейиз, сирке, коюу ширелерди чыгарып пайдаланасыңар. Чындыгында бул айтылгандарда Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана пенделерине кылган жакшылыктарына акыл жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Мына ошолор мындан сабак алышат.

68

وَأَوْحَىٰ رَبُّكَ إِلَى ٱلنَّحْلِ أَنِ ٱتَّخِذِى مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًۭا وَمِنَ ٱلشَّجَرِ وَمِمَّا يَعْرِشُونَ

And your Lord inspired to the bee, "Take for yourself among the mountains, houses, and among the trees and [in] that which they construct.

Оо, пайгамбар! Раббиң бал аарыга жол көргөзүп ага мындай деп илхам кылды: «Уяңды тоолорго сал, бак-дарактарга сал жана адамдар жапкан курулуштарга сал.

69

ثُمَّ كُلِى مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ فَٱسْلُكِى سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلًۭا ۚ يَخْرُجُ مِنۢ بُطُونِهَا شَرَابٌۭ مُّخْتَلِفٌ أَلْوَٰنُهُۥ فِيهِ شِفَآءٌۭ لِّلنَّاسِ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ

Then eat from all the fruits and follow the ways of your Lord laid down [for you]." There emerges from their bellies a drink, varying in colors, in which there is healing for people. Indeed in that is a sign for a people who give thought.

Андан кийин өзүң каалаган мөмөлөрдөн жегин жана Раббиң сага баш ийдирип илхам кылган жолдор менен жүргүн». Мына ошол бал аарынын ичинен ак, сары ж.б. түрдүү түстөгү балдар чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Алар аны менен ооруларынан дарыланышат. Чындыгында бал аарыга кылынган илхамда жана анын ичинен чыккан балда Аллахтын кудуреттүүлүгү жана Ал жараткандарынын иштерин башкаруусу тууралуу ой жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Мына ошолор мындан сабак алышат.

70

وَٱللَّهُ خَلَقَكُمْ ثُمَّ يَتَوَفَّىٰكُمْ ۚ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرْذَلِ ٱلْعُمُرِ لِكَىْ لَا يَعْلَمَ بَعْدَ عِلْمٍۢ شَيْـًٔا ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌۭ قَدِيرٌۭ

And Allah created you; then He will take you in death. And among you is he who is reversed to the most decrepit [old] age so that he will not know, after [having had] knowledge, a thing. Indeed, Allah is Knowing and Competent.

Аллах силерди мурда болбогондой көрүнүштө жаратты. Кийин ажалыңар келгенде силерди өлтүрөт. Силердин араңарда өмүрдүн эң жаман баскычы болгон карылыкка жетип көп жашагандар бар. Ал мурда билгендеринин да унутуп калат. Чындыгында Аллах Билүүчү, Ага пенделеринин кылган иштеринин бири да жашыруун эмес. Ал Кудуреттүү, Аны эч нерсе алсырата албайт.

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.