Muslim99Muslim99
← Tafsir library

16. An-Nahl

The Bee · Meccan · 128 ayahs

سُورَةُ النَّحۡلِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 81–90 of 128

81

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّمَّا خَلَقَ ظِلَٰلًۭا وَجَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلْجِبَالِ أَكْنَٰنًۭا وَجَعَلَ لَكُمْ سَرَٰبِيلَ تَقِيكُمُ ٱلْحَرَّ وَسَرَٰبِيلَ تَقِيكُم بَأْسَكُمْ ۚ كَذَٰلِكَ يُتِمُّ نِعْمَتَهُۥ عَلَيْكُمْ لَعَلَّكُمْ تُسْلِمُونَ

And Allah has made for you, from that which He has created, shadows and has made for you from the mountains, shelters and has made for you garments which protect you from the heat and garments which protect you from your [enemy in] battle. Thus does He complete His favor upon you that you might submit [to Him].

Аллах силерге ысыкта көлөкөлөнүш үчүн бак-дарактарды, турак-жайларды кылды жана силерге сууктан, ысыктан, душмандан коргонуш үчүн тоолорго үнкүрлөрдү кылды. Ошондой эле ысык-сууктан сактаныш үчүн силерге кебезден ж.б. нерселерден кийим-кечектерди кылды жана согушта бири-бириңердин соккуңардан коргонуш үчүн силерди коргогон соот кийимдерди кылды. Алар аркылуу курал денеңерге тешип кире албайт. Ошондой эле Аллах силерге жогорудагы жакшылыктарды берген сыяктуу эле силер жалгыз Ага моюн сунуп, Ага эч бир нерсени шерик кылбашыңарды каалап Ал силерге жакшылыктарын толук кылып берет.

82

فَإِن تَوَلَّوْا۟ فَإِنَّمَا عَلَيْكَ ٱلْبَلَٰغُ ٱلْمُبِينُ

But if they turn away, [O Muhammad] - then only upon you is [responsibility for] clear notification.

Оо, пайгамбар! Эгерде алар сен алып келген нерсеге ыйман келтирүүдөн жана ишенүүдөн баш тартышса, анда сенин милдетиң сага буйрулган нерсени гана ачык-айкын кылып жеткирүү. Ал эми аларды туура жолго салуу сенин милдетиң эмес.

83

يَعْرِفُونَ نِعْمَتَ ٱللَّهِ ثُمَّ يُنكِرُونَهَا وَأَكْثَرُهُمُ ٱلْكَٰفِرُونَ

They recognize the favor of Allah; then they deny it. And most of them are disbelievers.

Мушриктер Аллахтын аларга берген жакшылыктарын билишет. Аларга пайгамбарды жиберүү да ошол жакшылыктардан. Кийин алар үчүн шүгүр кылышпай, пайгамбарды жалганга чыгарышып жакшылыктарды танышат. Алардын көпчүлүгү Аллахтын жакшылыктарын тангандар.

84

وَيَوْمَ نَبْعَثُ مِن كُلِّ أُمَّةٍۢ شَهِيدًۭا ثُمَّ لَا يُؤْذَنُ لِلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ

And [mention] the Day when We will resurrect from every nation a witness. Then it will not be permitted to the disbelievers [to apologize or make excuses], nor will they be asked to appease [Allah].

Оо, пайгамбар! Аллах ар бир үммөттөн аларга жиберилген элчини кайра тирилтип, ал мусулмандын ыйманына жана каапырдын каапырлыгына күбөгө өтө турган күндү эстегин. Ошондон кийин каапырларга алардын кылган каапырлыгы үчүн кечирим суроого уруксат берилбейт жана алар Раббисин ыраазы кылган иштерди кылыш үчүн бул дүйнөгө да кайтышпайт. Акырет – ибадат кылуу жайы эмес, сурак берүү жайы.

85

وَإِذَا رَءَا ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ ٱلْعَذَابَ فَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمْ وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ

And when those who wronged see the punishment, it will not be lightened for them, nor will they be reprieved.

Зулумдук кылган мушриктер азапты көрүшкөндө аларга азап жеңилдетилбейт жана ал кечиктирилип аларга мөөнөт да берилбейт. Тескерисинче, алар түбөлүк азапка киришет.

86

وَإِذَا رَءَا ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوا۟ شُرَكَآءَهُمْ قَالُوا۟ رَبَّنَا هَٰٓؤُلَآءِ شُرَكَآؤُنَا ٱلَّذِينَ كُنَّا نَدْعُوا۟ مِن دُونِكَ ۖ فَأَلْقَوْا۟ إِلَيْهِمُ ٱلْقَوْلَ إِنَّكُمْ لَكَٰذِبُونَ

And when those who associated others with Allah see their "partners," they will say," Our Lord, these are our partners [to You] whom we used to invoke besides You." But they will throw at them the statement, "Indeed, you are liars."

Мушриктер Аллахка шерик кылып сыйынган кудайларын акыретте көрүшкөндө айтышат: «Оо, Раббибиз! Мына ушулар Сенден башка сыйынган кудайларыбыз». Алар муну күнөөлөрүн аларга артыш үчүн айтышат. Ошондо Аллах алардын кудайларын тилге келтирип, алар айтышат: «Эй, мушриктер! Чындыгында силер Аллах менен катар сыйынган шериктерде анык жалганчысыңар. Аны менен катар сыйынылган эч кандай шерик жок».

87

وَأَلْقَوْا۟ إِلَى ٱللَّهِ يَوْمَئِذٍ ٱلسَّلَمَ ۖ وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ

And they will impart to Allah that Day [their] submission, and lost from them is what they used to invent.

Мушриктер бой сунушуп, жалгыз Аллахка гана баш ийип калышат. Ал эми Аллахтын алдында шапаат кылышат деген ойдо талашып жүрүшкөн кудайлары болсо аларды таштап кетишет.

88

ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَصَدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ زِدْنَٰهُمْ عَذَابًۭا فَوْقَ ٱلْعَذَابِ بِمَا كَانُوا۟ يُفْسِدُونَ

Those who disbelieved and averted [others] from the way of Allah - We will increase them in punishment over [their] punishment for what corruption they were causing.

Аллахка каапырлык кылышып, башкаларды Аллахтын жолунан бурган адамдардын азабына азап кошобуз. Алар каапырлыктары үчүн ага татыктуу болушту. Себеби алар өздөрү бузулушту жана башкаларды адаштыруу менен бузушту.

89

وَيَوْمَ نَبْعَثُ فِى كُلِّ أُمَّةٍۢ شَهِيدًا عَلَيْهِم مِّنْ أَنفُسِهِمْ ۖ وَجِئْنَا بِكَ شَهِيدًا عَلَىٰ هَٰٓؤُلَآءِ ۚ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ ٱلْكِتَٰبَ تِبْيَٰنًۭا لِّكُلِّ شَىْءٍۢ وَهُدًۭى وَرَحْمَةًۭ وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ

And [mention] the Day when We will resurrect among every nation a witness over them from themselves. And We will bring you, [O Muhammad], as a witness over your nation. And We have sent down to you the Book as clarification for all things and as guidance and mercy and good tidings for the Muslims.

Оо, пайгамбар! Биз ар бир үммөттөн пайгамбарды кайра тирилтип, ал алардын каапырлыгына же ыйманына күбөгө өтө турган күндү эстегин. Ошол пайгамбар алардын өздөрүнөн жана ошолордун тилинде сүйлөйт. Эй, пайгамбар! Биз сени бардык үммөттөргө күбө катары алып келдик. Биз сага адал-арам, сыйлык-жаза ж.б. түшүндүрүүсү зарыл болгон бардык нерселерди баяндоо үчүн Куранды түшүрдүк. Биз аны адамдарды акыйкатка багытташ үчүн, ага ыйман келтирип, андагы айтылгандарды аткаргандарга ырайым болуш үчүн жана түбөлүк жыргалчылыкты күтүшүп Аллахка ыйман келтиргендерге сүйүнчү кабар кылып түшүрдүк.

90

۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأْمُرُ بِٱلْعَدْلِ وَٱلْإِحْسَٰنِ وَإِيتَآئِ ذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَيَنْهَىٰ عَنِ ٱلْفَحْشَآءِ وَٱلْمُنكَرِ وَٱلْبَغْىِ ۚ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ

Indeed, Allah orders justice and good conduct and giving to relatives and forbids immorality and bad conduct and oppression. He admonishes you that perhaps you will be reminded.

Чындыгында Аллах пенделерин адилеттүүлүккө, Аллахтын жана адамдардын алдындагы милдеттерин аткарууга жана өкүм чыгарууда бирин экинчисинен артык көрбөгөнгө буйруду. Бирок артык көрүүнү талап кылганга укуктуу болгон абалда гана уруксат. Ошондой эле пендеге милдет болбогон жакшылык иштерди кылууга буйруду, мисалы, өз ыктыяры менен садака кылуу, зулум кылганды кечирүү, жакын туугандарга муктаж болгон нерселерин берүүгө буйруу, бардык жаман сөздөрдөн жана зына сыяктуу жаман иштерден тыюу, шарият жаман көргөн бардык күнөөлөрдөн тыюу, адамдарга текеберлик жана зулумдук кылуудан тыюу. Аллах бул аятта силерге буйруган жана тыйган нерселерди аткарууну осуят кылат. Балким Анын кылган окуятынан сабак аларсыңар.

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.