Muslim99Muslim99
← Tafsir library

16. An-Nahl

The Bee · Meccan · 128 ayahs

سُورَةُ النَّحۡلِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 71–80 of 128

71

وَٱللَّهُ فَضَّلَ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ فِى ٱلرِّزْقِ ۚ فَمَا ٱلَّذِينَ فُضِّلُوا۟ بِرَآدِّى رِزْقِهِمْ عَلَىٰ مَا مَلَكَتْ أَيْمَٰنُهُمْ فَهُمْ فِيهِ سَوَآءٌ ۚ أَفَبِنِعْمَةِ ٱللَّهِ يَجْحَدُونَ

And Allah has favored some of you over others in provision. But those who were favored would not hand over their provision to those whom their right hands possess so they would be equal to them therein. Then is it the favor of Allah they reject?

Аллах таала силерге берген ырыскыда бириңерди башкаңардан артык кылып, силердин араңарда бай жана кедейлерди, башчы жана баш ийүүчүлөрдү кылды. Ал эми Аллах көп ырыскы берип артык кылгандары мал-мүлктө кулдары менен тең ата болуп алар менен шериктеш болобуз деп Аллахтын аларга берген нерселерин жокко чыгарышпайт. Эгерде алар өздөрүнө кулдары тең ата болуп шерик болуусун каалашпаса, анда неге Аллахка кулдарын Ага шерик кылууну каалап жатышат? Бул эмне деген зулумдук! Мындан да өткөн Аллахтын жакшылыктарын жокко чыгаруу барбы?!

72

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَٰجًۭا وَجَعَلَ لَكُم مِّنْ أَزْوَٰجِكُم بَنِينَ وَحَفَدَةًۭ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ ۚ أَفَبِٱلْبَٰطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَتِ ٱللَّهِ هُمْ يَكْفُرُونَ

And Allah has made for you from yourselves mates and has made for you from your mates sons and grandchildren and has provided for you from the good things. Then in falsehood do they believe and in the favor of Allah they disbelieve?

Оо, адамдар! Аллах силерге ынак болсун деп өзүңөрдөн жубайларды жаратты жана жубайларыңардан балдарды, неберелерди жаратты. Силерге эт, дан азыктары, мөмө-жемиштер сыяктуу адал тамак-аштарды ырыскы кылды. Эми алар жалган кудайларга жана айкелдерге ыйман келтирип жатышабы?! Санаса санак жетпеген Аллахтын көптөгөн жакшылыктарын жокко чыгарып, жалгыз Ага ыйман келтирип шүгүр кылышпай жатабы?!

73

وَيَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَمْلِكُ لَهُمْ رِزْقًۭا مِّنَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ شَيْـًۭٔا وَلَا يَسْتَطِيعُونَ

And they worship besides Allah that which does not possess for them [the power of] provision from the heavens and the earth at all, and [in fact], they are unable.

Ал мушриктер Аллахтан башка кудайларга сыйынышат. Алар болсо асмандар менен жерден аларга эч кандай ырыскы бере алышпайт жана аларга ээлик да кылышпайт. Анткени алар эч нерсени билбеген жансыз заттар.

74

فَلَا تَضْرِبُوا۟ لِلَّهِ ٱلْأَمْثَالَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

So do not assert similarities to Allah. Indeed, Allah knows and you do not know.

Эй, адамдар! Силерге пайда да зыян да бере албаган бул айкелдерди Аллахка окшотпогула! Сыйынууда Ага шерик кыла тургандай Анын эч кандай окшошу жок. Чындыгында Аллах Өзүнө тийиштүү улуктук жана кемчиликсиз сыпаттарды билет. Силер аны билбейсиңер. Ошондуктан Аны өзүңөрдүн кудайларыңарга окшоштуруп Ага ширк кылып атасыңар.

75

۞ ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا عَبْدًۭا مَّمْلُوكًۭا لَّا يَقْدِرُ عَلَىٰ شَىْءٍۢ وَمَن رَّزَقْنَٰهُ مِنَّا رِزْقًا حَسَنًۭا فَهُوَ يُنفِقُ مِنْهُ سِرًّۭا وَجَهْرًا ۖ هَلْ يَسْتَوُۥنَ ۚ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Allah presents an example: a slave [who is] owned and unable to do a thing and he to whom We have provided from Us good provision, so he spends from it secretly and publicly. Can they be equal? Praise to Allah! But most of them do not know.

Аллах мушриктерге жооп кылып мисал келтирет – эч нерсе кыла албаган, садака кылганга эч нерсеси жок алсыз кул жана Биз Өз алдыбыздан адал байлык берип, ал андан өзү каалагандай ачык да жашыруун сарптаган эркин адам экөөсү бири-бирине тең эмес. Силер Өз мүлкүн Өзү каалагандай сарптап башкарган Аллах менен алсыз кудайларыңарды кантип теңеп жатасыңар?! Аллах Өзү гана мактоолорго татыктуу. Бирок мушриктердин көпчүлүгү кудай болууга жана сыйынылууга жалгыз Аллах Өзү гана татыктуу экендигин билишпейт.

76

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًۭا رَّجُلَيْنِ أَحَدُهُمَآ أَبْكَمُ لَا يَقْدِرُ عَلَىٰ شَىْءٍۢ وَهُوَ كَلٌّ عَلَىٰ مَوْلَىٰهُ أَيْنَمَا يُوَجِّههُّ لَا يَأْتِ بِخَيْرٍ ۖ هَلْ يَسْتَوِى هُوَ وَمَن يَأْمُرُ بِٱلْعَدْلِ ۙ وَهُوَ عَلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ

And Allah presents an example of two men, one of them dumb and unable to do a thing, while he is a burden to his guardian. Wherever he directs him, he brings no good. Is he equal to one who commands justice, while he is on a straight path?

Аллах аларга жооп кылып эки адам тууралуу дагы бир мисалды келтирди – алардын бирөөсү дудук-дүлөй, ал дудуктугу себептүү сүйлөбөйт, дүлөйлүгү себептүү укпайт, сөзгө түшүнбөйт. Өзүнө да башкага да пайда бере албайт. Аны баккан үй-бүлөсү үчүн ал оор түйшүк. Аны кайда жиберсе да жакшылык алып келбейт, көздөгөн максатты ишке ашырбайт. Эми ушундай адам менен кулагы уккан, сүйлөгөн, ашыкча пайда келтирген, адамдарды адилеттикке буйруган, табияты түз жана эч кандай бурмаланбаган туура жолдогу адам тең болобу? Эй, мушриктер! Силер улуктук жана кемчиликсиз сыпаттарга ээ болгон Аллахка өзүңөрдүн укпаган, сүйлөбөгөн, пайда келтирбеген, зыяндан куткарбаган кудайларыңарды кантип теңеп жатасыңар?!

77

وَلِلَّهِ غَيْبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ وَمَآ أَمْرُ ٱلسَّاعَةِ إِلَّا كَلَمْحِ ٱلْبَصَرِ أَوْ هُوَ أَقْرَبُ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ

And to Allah belongs the unseen [aspects] of the heavens and the earth. And the command for the Hour is not but as a glance of the eye or even nearer. Indeed, Allah is over all things competent.

Асмандардагы жана жердеги кайып нерселердин илими жалгыз Аллахка гана таандык. Аны жеке Өзү гана билет, жаратылгандардан эч кимиси билбейт. Ал эми Өзүнө гана тийиштүү кайыптардан болгон кыяматтын тез болушун Ал каалай турган болсо, анда көз ачып жумгуча эле келтирип коёт, балким андан да тезирээк болот. Чындыгында Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Аны эч ким алсыра албайт. Эгерде ал бир ишти кааласа, анда «Бол!» деп гана айтат, ал ошол замат болот.

78

وَٱللَّهُ أَخْرَجَكُم مِّنۢ بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمْ لَا تَعْلَمُونَ شَيْـًۭٔا وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمْعَ وَٱلْأَبْصَٰرَ وَٱلْأَفْـِٔدَةَ ۙ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

And Allah has extracted you from the wombs of your mothers not knowing a thing, and He made for you hearing and vision and intellect that perhaps you would be grateful.

Оо, адамдар! Төрөт убагы келгенде Аллах силерди энеңердин курсагынан эч нерсени билбеген ымыркай абалда чыгарды жана силерге угуш үчүн кулак, көрүш үчүн көз жана акыл жүгүртүш үчүн жүрөктөрдү берди. Балким Ал силерге берген жакшылыктарга шүгүр кыларсыңар.

79

أَلَمْ يَرَوْا۟ إِلَى ٱلطَّيْرِ مُسَخَّرَٰتٍۢ فِى جَوِّ ٱلسَّمَآءِ مَا يُمْسِكُهُنَّ إِلَّا ٱللَّهُ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ

Do they not see the birds controlled in the atmosphere of the sky? None holds them up except Allah. Indeed in that are signs for a people who believe.

Мушриктер абада калкып жеңил учкан куштарга назар салышпайбы? Аллах аларга канаттарды берди жана абаны жумшак кылды. Ошондой эле аларга канаттарын жазып, кайра жыйноону илхам кылды. Аларды кудуреттүү Аллах гана жерге түшүрбөй абада кармайт. Чындыгында бул моюн сундурууда жана түшүрбөй кармоодо Аллахка ыйман келтирген адамдар үчүн белгилер бар. Анткени алар гана белгилерден жана сабактардан пайда алышат.

80

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۢ بُيُوتِكُمْ سَكَنًۭا وَجَعَلَ لَكُم مِّن جُلُودِ ٱلْأَنْعَٰمِ بُيُوتًۭا تَسْتَخِفُّونَهَا يَوْمَ ظَعْنِكُمْ وَيَوْمَ إِقَامَتِكُمْ ۙ وَمِنْ أَصْوَافِهَا وَأَوْبَارِهَا وَأَشْعَارِهَآ أَثَٰثًۭا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٍۢ

And Allah has made for you from your homes a place of rest and made for you from the hides of the animals tents which you find light on your day of travel and your day of encampment; and from their wool, fur and hair is furnishing and enjoyment for a time.

Аллах таала силер таштардан жана башка нерселерден курган үйлөрүңөрдү силер үчүн эс алуу жана турак-жай кылды. Жана силерге шаардагы үйлөргө окшош кылып төөнүн, уйдун, койдун терилеринен чөлдөрдө чатырларды кылды. Бир жерден экинчи жерге көчкөн сапарларыңарда аларды ташууну жана конгондо аны орнотууну жеңил кылды. Ошондой эле белгилүү бир убакка чейин пайдаланууңар үчүн койдун, төөнүн, эчкинин жүндөрүнөн үйлөрүңөргө керектүү буюмдарды, кийимдерди, жамынчыларды кылды.

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.