Muslim99Muslim99
← Tafsir library

16. An-Nahl

The Bee · Meccan · 128 ayahs

سُورَةُ النَّحۡلِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 51–60 of 128

51

۞ وَقَالَ ٱللَّهُ لَا تَتَّخِذُوٓا۟ إِلَٰهَيْنِ ٱثْنَيْنِ ۖ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٌۭ وَٰحِدٌۭ ۖ فَإِيَّٰىَ فَٱرْهَبُونِ

And Allah has said, "Do not take for yourselves two deities. He is but one God, so fear only Me."

Аллах бардык пенделерине айтты: «Эки кудай тутуп албагыла! Чындыгында Ал жалгыз чыныгы Кудай, Анын экинчиси да шериги да жок. Менден гана корккула жана Менден башка эч кимден коркпогула».

52

وَلَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَلَهُ ٱلدِّينُ وَاصِبًا ۚ أَفَغَيْرَ ٱللَّهِ تَتَّقُونَ

And to Him belongs whatever is in the heavens and the earth, and to Him is [due] worship constantly. Then is it other than Allah that you fear?

Жаратууда, бийлик кылууда жана башкарууда асмандар менен жердеги нерселер жалгыз Ага гана таандык. Баш ийүү, жалбаруу, ыкластуулук жалгыз Ага гана тиешелүү. Эми силер Аллахтан башкадан коркуп жатасыңарбы?! Жок! Андан гана корккула!

53

وَمَا بِكُم مِّن نِّعْمَةٍۢ فَمِنَ ٱللَّهِ ۖ ثُمَّ إِذَا مَسَّكُمُ ٱلضُّرُّ فَإِلَيْهِ تَجْـَٔرُونَ

And whatever you have of favor - it is from Allah. Then when adversity touches you, to Him you cry for help.

Оо, адамдар! Силерде болгон диний жана дүйнөлүк жакшылыктардын баарысы бир Аллахтын Өзүнөн. Кийин силердин башыңарга балээ же оору же жакырлык түшсө, ал нерседен кутулуш үчүн жалгыз Ага гана дуба кылып жалбарасыңар. Ким жакшылыктарды берип, жамандыктардан куткарган болсо, анда жалгыз ошого гана сыйынуу милдет.

54

ثُمَّ إِذَا كَشَفَ ٱلضُّرَّ عَنكُمْ إِذَا فَرِيقٌۭ مِّنكُم بِرَبِّهِمْ يُشْرِكُونَ

Then when He removes the adversity from you, at once a party of you associates others with their Lord

Анан Ал силердин дубаңарды кабыл кылып, башыңарга түшкөн балээден куткаргандан кийин силердин бир тобуңар Раббисине ширк кылып, Аны менен катар башкаларга да сыйынып кетишти. Бул не деген жүзү каралык?!

55

لِيَكْفُرُوا۟ بِمَآ ءَاتَيْنَٰهُمْ ۚ فَتَمَتَّعُوا۟ ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ

So they will deny what We have given them. Then enjoy yourselves, for you are going to know.

Алардын Аллахка кылган ширктери – аларды кыйынчылыктан куткаруу сыяктуу Анын аларга кылган жакшылыктарын танууга түрттү. Мына ошондуктан аларга: «Эртеби-кечпи акыры силерге Аллахтын азабы келгенге чейин берилген жакшылыктарга жыргай бергиле» – деп айтылат.

56

وَيَجْعَلُونَ لِمَا لَا يَعْلَمُونَ نَصِيبًۭا مِّمَّا رَزَقْنَٰهُمْ ۗ تَٱللَّهِ لَتُسْـَٔلُنَّ عَمَّا كُنتُمْ تَفْتَرُونَ

And they assign to what they do not know a portion of that which We have provided them. By Allah, you will surely be questioned about what you used to invent.

Мушриктер өздөрүнүн эч нерсе билбеген, пайда-зыян бербеген жансыз кудайларына Биз аларга ырыскы кылып берген мал-мүлктөрүнүн бир бөлүгүн аларга жакындаш үчүн арнашат. Эй, мушриктер! Аллахка ант, силер кыямат күнү бул айкелдерди кудайлар деп жана мал-мүлкүңөрдөн алардын да энчиси бар деп ойлогонуңар үчүн сөзсүз сураласыңар.

57

وَيَجْعَلُونَ لِلَّهِ ٱلْبَنَٰتِ سُبْحَٰنَهُۥ ۙ وَلَهُم مَّا يَشْتَهُونَ

And they attribute to Allah daughters - exalted is He - and for them is what they desire.

Мушриктер Аллахтын кыздары бар, алар периштелер деп ойлошот. Ошондой эле Ага перзентти таңуулашып, өздөрүнө жакпаган нерселерди Ага тийиштүү кылышат. Аллах алардын кылып жаткандарынан аруу жана ыйык. Ал эми өздөрүнө болсо көңүлдөрүнө жаккан уул балдарды арнашат. Мындан да өткөн күнөө барбы?!

58

وَإِذَا بُشِّرَ أَحَدُهُم بِٱلْأُنثَىٰ ظَلَّ وَجْهُهُۥ مُسْوَدًّۭا وَهُوَ كَظِيمٌۭ

And when one of them is informed of [the birth of] a female, his face becomes dark, and he suppresses grief.

Эгерде ал мушриктердин бирөөсүнө кыздуу болгону тууралуу кабар айтылса, анда уккан нерсесин ушунчалык жек көргөндүгүнөн жүзү карарып, жүрөгү кайгы-капага толуп кетет. Андан соң өзүнө жакпаган нерсени Аллахка тийиштүү кылат.

59

يَتَوَٰرَىٰ مِنَ ٱلْقَوْمِ مِن سُوٓءِ مَا بُشِّرَ بِهِۦٓ ۚ أَيُمْسِكُهُۥ عَلَىٰ هُونٍ أَمْ يَدُسُّهُۥ فِى ٱلتُّرَابِ ۗ أَلَا سَآءَ مَا يَحْكُمُونَ

He hides himself from the people because of the ill of which he has been informed. Should he keep it in humiliation or bury it in the ground? Unquestionably, evil is what they decide.

Ал кыздуу болгондугу тууралуу айтылган сүйүнчү кабардын жамандыгынан намыстанып элге көрүнбөй жашырынып: «Бул кызды кордукка карабай алып калсамбы же жерге тирүүлөй көмүп салсамбы?» – деп өзүнчө сүйлөнөт. Мушриктердин бул кылган өкүмү кандай жаман! Анткени алар Раббисине өздөрүнө жакпаган нерсени өкүм кылышты.

60

لِلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْءَاخِرَةِ مَثَلُ ٱلسَّوْءِ ۖ وَلِلَّهِ ٱلْمَثَلُ ٱلْأَعْلَىٰ ۚ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

For those who do not believe in the Hereafter is the description of evil; and for Allah is the highest attribute. And He is Exalted in Might, the Wise.

Акыретке ыйман келтирбеген каапырларга балага болгон муктаждык, наадандык жана каапырлык сыяктуу эң төмөн сыпаттар таандык. Ал эми Аллахка улуулук, кемчилсиздик, беймуктаждык, илим сыяктуу мактоого арзыган бийик сыпаттар таандык. Ал Өз падышалыгында Кудуреттүү, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Ал жаратууда, башкарууда жана өкүм кылууда Даанышман.

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.