Muslim99Muslim99
← Tafsir library

16. An-Nahl

The Bee · Meccan · 128 ayahs

سُورَةُ النَّحۡلِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 41–50 of 128

41

وَٱلَّذِينَ هَاجَرُوا۟ فِى ٱللَّهِ مِنۢ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا۟ لَنُبَوِّئَنَّهُمْ فِى ٱلدُّنْيَا حَسَنَةًۭ ۖ وَلَأَجْرُ ٱلْءَاخِرَةِ أَكْبَرُ ۚ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ

And those who emigrated for [the cause of] Allah after they had been wronged - We will surely settle them in this world in a good place; but the reward of the Hereafter is greater, if only they could know.

Каапырлар кысымга алып жана азапка салгандан кийин алар Аллахтын ыраазылыгын көздөшүп өз үй-жайларын, үй-бүлөлөрүн жана мал-мүлктөрүн таштап каапыр өлкөдөн Ислам өлкөсүнө көчкөндөрдү Биз бул дүйнөдө аларды барктай турган жайга жайгаштырабыз. Албетте акырет сыйлыгы андан да чоңураак. Анткени бейиш да ошолорго кирет. Эгерде көчпөгөндөр көчкөндөрдүн сообун билишкенде, анда алар да калбай көчүшмөк.

42

ٱلَّذِينَ صَبَرُوا۟ وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

[They are] those who endured patiently and upon their Lord relied.

Аллах жолунда көчкөндөр – мына ошолор өз эли көрсөткөн зыяндарга жана өз үй-бүлөсүн, мекенин таштоого сабыр кылышкандар. Алар Аллахка моюн сунууга сабыр кылышкандар жана бардык иштеринде жалгыз Раббисине гана таянгандар. Ошол себептен Аллах аларга ушундай улуу сыйлыкты берди.

43

وَمَآ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ إِلَّا رِجَالًۭا نُّوحِىٓ إِلَيْهِمْ ۚ فَسْـَٔلُوٓا۟ أَهْلَ ٱلذِّكْرِ إِن كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

And We sent not before you except men to whom We revealed [Our message]. So ask the people of the message if you do not know.

Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун адамзаттан эркек кишилерге гана кабар түшүрүп аларды пайгамбар кылып жибергенбиз. Ал эми периштелерден пайгамбар жиберген эмеспиз. Бул Биздин адатта карманган жолубуз. Эгерде муну четке каксаңар, анда мурунку Китеп ээлеринен сурагыла. Алар силерге пайгамбарлар адамзаттан болгондугун айтышат. Алар периштелерден болгон эмес, эгер силер аларды адамзаттан эмес деп билген болсоңор.

44

بِٱلْبَيِّنَٰتِ وَٱلزُّبُرِ ۗ وَأَنزَلْنَآ إِلَيْكَ ٱلذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ وَلَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ

[We sent them] with clear proofs and written ordinances. And We revealed to you the message that you may make clear to the people what was sent down to them and that they might give thought.

Биз адамзаттан болгон ошол пайгамбарларды ачык-айкын далилдер жана ыйык китептер менен жибердик. Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды адамдарга түшүндүрүү зарыл болгон жерлерин ачыкташ үчүн түшүрдүк. Балким алар акылдарын иштетип, андагы айтылгандардан сабак алышар.

45

أَفَأَمِنَ ٱلَّذِينَ مَكَرُوا۟ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن يَخْسِفَ ٱللَّهُ بِهِمُ ٱلْأَرْضَ أَوْ يَأْتِيَهُمُ ٱلْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ

Then, do those who have planned evil deeds feel secure that Allah will not cause the earth to swallow them or that the punishment will not come upon them from where they do not perceive?

Аллахтын жолунан тосуш үчүн айла-амалдарды кылгандар Аллах Карунду жерге жуттургандай аларды да жерге жуттуруудан же алар күтпөгөн тараптан аларга азап келүүсүнөн көңүлдөрү тынчпы?!

46

أَوْ يَأْخُذَهُمْ فِى تَقَلُّبِهِمْ فَمَا هُم بِمُعْجِزِينَ

Or that He would not seize them during their [usual] activity, and they could not cause failure?

Же болбосо алар жер кесип жана тиричилик кылып жүрүшкөн учурда аларга азап келүүсүнөн көңүлдөрү тынчпы?! Алар андан коргоно да кутула да алышпайт.

47

أَوْ يَأْخُذَهُمْ عَلَىٰ تَخَوُّفٍۢ فَإِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌۭ رَّحِيمٌ

Or that He would not seize them gradually [in a state of dread]? But indeed, your Lord is Kind and Merciful.

Же алар Аллахтан корккон абалда Анын азабына кабылышынан көңүлдөрү тынчпы?! Аллах аларды бардык абалда азаптоого кудуреттүү. Чындыгында Раббиңер өтө Мээримдүү, Ырайымдуу. Ал жазалоону эртелетпейт. Балким пенделери Ага тообо кылып кайтышар.

48

أَوَلَمْ يَرَوْا۟ إِلَىٰ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ مِن شَىْءٍۢ يَتَفَيَّؤُا۟ ظِلَٰلُهُۥ عَنِ ٱلْيَمِينِ وَٱلشَّمَآئِلِ سُجَّدًۭا لِّلَّهِ وَهُمْ دَٰخِرُونَ

Have they not considered what things Allah has created? Their shadows incline to the right and to the left, prostrating to Allah, while they are humble.

Жалганга чыгарган адамдар Анын жараткандарына ой жүгүртүү менен назар салышпайбы? Алардын көлөкөсү Раббисине моюн сунуп Ага чындап сажда кылган абалда күндүзү күндүн жүрүшүнө, түндөсү айдын жылышына карап оңго, солго жылып жатпайбы?

49

وَلِلَّهِ يَسْجُدُ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ مِن دَآبَّةٍۢ وَٱلْمَلَٰٓئِكَةُ وَهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ

And to Allah prostrates whatever is in the heavens and whatever is on the earth of creatures, and the angels [as well], and they are not arrogant.

Асмандар менен жердеги жандыктардын баарысы жалгыз Аллахка гана сажда кылышат. Периштелер да жалгыз Ага гана сажда кылышат. Алар Аллахка ибадат кылуудан жана Ага моюн сунуудан текеберленишпейт.

50

يَخَافُونَ رَبَّهُم مِّن فَوْقِهِمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ ۩

They fear their Lord above them, and they do what they are commanded.

Алар дайым кылган ибадаттарына жана моюн сунгандарына карабастан Раббисинен коркушат. Ал Өз Заты, багынтуусу жана бийлиги менен алардан жогору. Ошондой эле алар Раббиси буйруган ибадаттарды аткарышат.

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.