Muslim99Muslim99
← Tafsir library

16. An-Nahl

The Bee · Meccan · 128 ayahs

سُورَةُ النَّحۡلِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 31–40 of 128

31

جَنَّٰتُ عَدْنٍۢ يَدْخُلُونَهَا تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ ۖ لَهُمْ فِيهَا مَا يَشَآءُونَ ۚ كَذَٰلِكَ يَجْزِى ٱللَّهُ ٱلْمُتَّقِينَ

Gardens of perpetual residence, which they will enter, beneath which rivers flow. They will have therein whatever they wish. Thus does Allah reward the righteous -

Бул алар кирип турукташып жашашкан бейиштер! Андагы кан сарайлардын жана бак-дарактардын алдыларынан дарыялар агып турат. Алар үчүн бул бейиштерде көңүлдөр самаган тамак-аштар, суусундуктар ж.б. нерселер бар. Мухаммаддын үммөтүндөгү такыбаларга берилген мындай сыйлык – мурунку үммөттөрдүн такыбаларына да берилет.

32

ٱلَّذِينَ تَتَوَفَّىٰهُمُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ طَيِّبِينَ ۙ يَقُولُونَ سَلَٰمٌ عَلَيْكُمُ ٱدْخُلُوا۟ ٱلْجَنَّةَ بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

The ones whom the angels take in death, [being] good and pure; [the angels] will say, "Peace be upon you. Enter Paradise for what you used to do."

Жүрөктөрү каапырлыктан таза болгон абалдагы адамдардын жандарын өлүм периштеси жана анын жардамчы периштелери алып жатышканда аларга кайрылып: «Силерге тынчтык болсун! Бардык балээлерден кутулдуңар. Бул дүйнөдө туура ишенимди тутунуп жана жакшы иштерди кылганыңар үчүн бейишке киргиле!» – деп айтышат.

33

هَلْ يَنظُرُونَ إِلَّآ أَن تَأْتِيَهُمُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ أَوْ يَأْتِىَ أَمْرُ رَبِّكَ ۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ وَمَا ظَلَمَهُمُ ٱللَّهُ وَلَٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

Do the disbelievers await [anything] except that the angels should come to them or there comes the command of your Lord? Thus did those do before them. And Allah wronged them not, but they had been wronging themselves.

Ал мушриктер менен жалганчылар аларга өлүм периштеси жана анын жардамчы периштелери жандарын алыш үчүн жана жүздөрү менен жондоруна уруу үчүн келишин, же болбосо алар бул дүйнөдө азап менен жок кылынсын деген Аллахтын буйругу келишин күтүп жатышабы? Меккелик мушриктер кылып жатышкан мына ушундай ишти алардан мурунку мушриктер да кылышкан. Ошол себептен Аллах аларды кыйратып жок кылды. Аларды жок кылганда Ал аларга зулумдук кылган жок. Бирок алар Аллахка кылган каапырлыктары себептүү өздөрүн кыйроого учуратып зулумдук кылышты.

34

فَأَصَابَهُمْ سَيِّـَٔاتُ مَا عَمِلُوا۟ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ

So they were struck by the evil consequences of what they did and were enveloped by what they used to ridicule.

Алардын кылган иштеринин жазасы өз баштарына түштү жана аларга эскертилгенде алар шылдыңдап күлүшкөн азап аларды курчап алды.

35

وَقَالَ ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوا۟ لَوْ شَآءَ ٱللَّهُ مَا عَبَدْنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَىْءٍۢ نَّحْنُ وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَىْءٍۢ ۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ فَهَلْ عَلَى ٱلرُّسُلِ إِلَّا ٱلْبَلَٰغُ ٱلْمُبِينُ

And those who associate others with Allah say, "If Allah had willed, we would not have worshipped anything other than Him, neither we nor our fathers, nor would we have forbidden anything through other than Him." Thus did those do before them. So is there upon the messengers except [the duty of] clear notification?

Аллах менен катар башкаларга сыйынып ширк кылгандар айтышты: «Эгерде Аллах бизди Өзүнө гана сыйынуубузду жана Ага ширк кылбашыбызды каалаганда, анда биз жана бизден мурунку ата-бабаларыбыз да Андан башка эч кимге сыйынмак эмес. Эгерде Ал биз бир нерсени арам кылышыбызды каалабаганда, анда биз аны арам кылмак эмеспиз». Мына ушундай эле жалган дооматтарды мурунку каапырлар да айтышкан. Элчилерге жеткир деп буйрулган нерселерди ачык-айкын жеткирүү милдети гана жүктөлгөн. Алар аны жеткиришти. Эми каапырлар тагдырды шылтоолоп доомат кыла алышпайт. Анткени Аллах аларга каалоо, тандоо берди жана аларга пайгамбарларды жиберди.

36

وَلَقَدْ بَعَثْنَا فِى كُلِّ أُمَّةٍۢ رَّسُولًا أَنِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَٱجْتَنِبُوا۟ ٱلطَّٰغُوتَ ۖ فَمِنْهُم مَّنْ هَدَى ٱللَّهُ وَمِنْهُم مَّنْ حَقَّتْ عَلَيْهِ ٱلضَّلَٰلَةُ ۚ فَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَٱنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلْمُكَذِّبِينَ

And We certainly sent into every nation a messenger, [saying], "Worship Allah and avoid Taghut." And among them were those whom Allah guided, and among them were those upon whom error was [deservedly] decreed. So proceed through the earth and observe how was the end of the deniers.

Биз мурунку ар бир коомго пайгамбар жибергенбиз. Ал өз коомун жалгыз Аллахка сыйынууга жана Андан башка айкелдер менен шайтандарга сыйынууну таштоону буйруган. Алардын арасында Аллах ийгилик берип Ага ыйман келтиргендери жана пайгамбары алып келгенди ээрчигендери бар. Жана алардын арасында Аллахка каапырлык кылгандары жана пайгамбарынан баш тарткандары бар. Аллах аларга ийгилик бербеди. Андыктан аларга адашуу милдет болду. Эми жалганчылардын башына азап жана кыйроо түшкөндөн кийин алардын акыбети кандай болгонун өз көзүңөр менен көрүш үчүн жер бетин кыдыргыла!

37

إِن تَحْرِصْ عَلَىٰ هُدَىٰهُمْ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى مَن يُضِلُّ ۖ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ

[Even] if you should strive for their guidance, [O Muhammad], indeed, Allah does not guide those He sends astray, and they will have no helpers.

Оо, пайгамбар! Сен аларга колундан келишинче даават кылып, алардын туура жолго келишин кааласаң да жана анын себептерин кылсаң да Аллах Өзү адаштыргандарды туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт жана аларды азаптан коргогон Аллахтан башка эч бир жардамчы болбойт.

38

وَأَقْسَمُوا۟ بِٱللَّهِ جَهْدَ أَيْمَٰنِهِمْ ۙ لَا يَبْعَثُ ٱللَّهُ مَن يَمُوتُ ۚ بَلَىٰ وَعْدًا عَلَيْهِ حَقًّۭا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

And they swear by Allah their strongest oaths [that] Allah will not resurrect one who dies. But yes - [it is] a true promise [binding] upon Him, but most of the people do not know.

Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар ага эч кандай далили жок эле аны жокко чыгарып: «Аллах өлгөндөрдү кайра тирилтпейт» – деп баса белгилеп, аша чаап касам ичишти. Жок! Аллах бардык өлгөндөрдү кайра тирилтет. Анын убадасы чындык. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллах өлүктөрдү тирилтерин билишпейт. Алар кайра тирилүүнү четке кагышат.

39

لِيُبَيِّنَ لَهُمُ ٱلَّذِى يَخْتَلِفُونَ فِيهِ وَلِيَعْلَمَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَنَّهُمْ كَانُوا۟ كَٰذِبِينَ

[It is] so He will make clear to them [the truth of] that wherein they differ and so those who have disbelieved may know that they were liars.

Аллахты жалгыздоо, кайра тирилүү жана пайгамбарлык тууралуу алар талашып тартышкан нерселеринин чындыгын көргөзүш үчүн жана каапырлар Аллахтын шериктери бар деп айткан сөздөрүндө жана кайра тирилүүнү жокко чыгарууда жалганчы экендиктерин билиш үчүн Аллах кыямат күнү алардын баарысын кайра тирилтет.

40

إِنَّمَا قَوْلُنَا لِشَىْءٍ إِذَآ أَرَدْنَٰهُ أَن نَّقُولَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ

Indeed, Our word to a thing when We intend it is but that We say to it, "Be," and it is.

Эгерде биз өлүктөрдү тирилтүүнү кааласак, анда аны кылуудан Бизди эч ким токтото албайт. Эгер биз аны кааласак, анда ага «Бол!» деп гана айтабыз, ал ошол замат сөзсүз ишке ашат.

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.