Muslim99Muslim99
← Tafsir library

16. An-Nahl

The Bee · Meccan · 128 ayahs

سُورَةُ النَّحۡلِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 121–128 of 128

121

شَاكِرًۭا لِّأَنْعُمِهِ ۚ ٱجْتَبَىٰهُ وَهَدَىٰهُ إِلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ

[He was] grateful for His favors. Allah chose him and guided him to a straight path.

Аллах ага берген жакшылыктарга дайым шүгүр кылат эле. Ошондуктан Аллах аны пайгамбарлыкка тандады жана акыйкат Ислам динине багыттады.

An-Nahl 16:121Listen in Qur'an →
122

وَءَاتَيْنَٰهُ فِى ٱلدُّنْيَا حَسَنَةًۭ ۖ وَإِنَّهُۥ فِى ٱلْءَاخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

And We gave him good in this world, and indeed, in the Hereafter he will be among the righteous.

Биз ага бул дүйнөдө пайгамбарлык, алкыш-мактоо жана такыба пензент бердик. Жана ал акыретте Аллах бейиштеги бийик даражаларды даярдап койгон жакшы адамдардын катарында болот.

An-Nahl 16:122Listen in Qur'an →
123

ثُمَّ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ أَنِ ٱتَّبِعْ مِلَّةَ إِبْرَٰهِيمَ حَنِيفًۭا ۖ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ

Then We revealed to you, [O Muhammad], to follow the religion of Abraham, inclining toward truth; and he was not of those who associate with Allah.

Оо, пайгамбар! Андан соң Биз сага кабар түшүрдүк: «Жалгыз Аллахка сыйынууда, мушриктерден баш тартууда, Аллахтын жолуна чакырууда жана бардык диндерден Ислам динине кайтып Анын шариятын аткарууда Ибрахимдин динин ээрчигин. Анткени ал кээ бир мушриктер ойлогондой эч качан мушриктерден болгон эмес. Тескерисинче, Ал жалгыз Аллахка гана сыйынган».

An-Nahl 16:123Listen in Qur'an →
124

إِنَّمَا جُعِلَ ٱلسَّبْتُ عَلَى ٱلَّذِينَ ٱخْتَلَفُوا۟ فِيهِ ۚ وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَحْكُمُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُوا۟ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

The sabbath was only appointed for those who differed over it. And indeed, your Lord will judge between them on the Day of Resurrection concerning that over which they used to differ.

Ишенби күн тууралуу талашып тартышкан жөөттөргө ал күнү бардык тиричиликтерин таштап аны улуктоо парз кылынды. Буга чейин алар жума күнү тиричиликтерин таштоого буйрулушкан эле, бирок алар адашып кетишти. Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кыямат күнү ошол талашып тартышкандардын талашы тууралуу өкүм кылат. Ошондо алардын ар бири өзүнө татыктуу жазасын алат.

An-Nahl 16:124Listen in Qur'an →
125

ٱدْعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِٱلْحِكْمَةِ وَٱلْمَوْعِظَةِ ٱلْحَسَنَةِ ۖ وَجَٰدِلْهُم بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ ۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ ۖ وَهُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُهْتَدِينَ

Invite to the way of your Lord with wisdom and good instruction, and argue with them in a way that is best. Indeed, your Lord is most knowing of who has strayed from His way, and He is most knowing of who is [rightly] guided.

Оо, пайгамбар! Сен жана сени ээрчиген ыймандуулар адамдарды Ислам динине даават кылганда алардын абалына, түшүнүгүнө, кызыгуусуна карап жана коркутуу же кызыктыруу менен насаат айтып чакыргыла. Алар менен эң жакшы сөз, ой-пикир жана адепке туура келген жолдо талаш жүргүз. Бирок адамдарды туура жолго салыш сенин колуңда эмес. Сенин милдетиң аларга жеткирүү гана. Чындыгында Раббиң Ислам дининен адашкандарды жана туура жолго түшкөндөрдү эң жакшы билет. Андыктан аларды көрүп жаныңды кейитпе.

An-Nahl 16:125Listen in Qur'an →
126

وَإِنْ عَاقَبْتُمْ فَعَاقِبُوا۟ بِمِثْلِ مَا عُوقِبْتُم بِهِۦ ۖ وَلَئِن صَبَرْتُمْ لَهُوَ خَيْرٌۭ لِّلصَّٰبِرِينَ

And if you punish [an enemy, O believers], punish with an equivalent of that with which you were harmed. But if you are patient - it is better for those who are patient.

Эгерде душманыңарды жазалоону кааласаңар, анда алар силерге кылган зыяндан ашырбастан жазалагыла! Эгерде жазалаганга күчүңөр жетип туруп аларды жазалабай сабыр кылсаңар, анда аларды адилеттик менен жазалооңорго караганда сабырдуулук кылганыңар жакшыраак.

An-Nahl 16:126Listen in Qur'an →
127

وَٱصْبِرْ وَمَا صَبْرُكَ إِلَّا بِٱللَّهِ ۚ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَلَا تَكُ فِى ضَيْقٍۢ مِّمَّا يَمْكُرُونَ

And be patient, [O Muhammad], and your patience is not but through Allah. And do not grieve over them and do not be in distress over what they conspire.

Оо, пайгамбар! Алардын сага берген зыяндарына сабыр кыл! Сенин сабыр кылууга болгон ийгилигиң – Аллахтын сага берген ийгилигине гана байланыштуу. Каапырлардын сенден жүз бурушканына капаланба жана алардын сага кылган айла-амалдары себептүү жүрөгүң кысылбасын!

An-Nahl 16:127Listen in Qur'an →
128

إِنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوا۟ وَّٱلَّذِينَ هُم مُّحْسِنُونَ

Indeed, Allah is with those who fear Him and those who are doers of good.

Албетте Аллах күнөөлөрдү таштап Андан корккондор менен бирге жана ошондой эле ибадаттарды кылып, буйрулган нерселерди аткарып жакшылык кылгандар менен бирге. Ал Өз жеңиши жана колдоосу менен дайым алар менен бирге.

An-Nahl 16:128Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.