Muslim99Muslim99
← Tafsir library

16. An-Nahl

The Bee · Meccan · 128 ayahs

سُورَةُ النَّحۡلِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 101–110 of 128

101

وَإِذَا بَدَّلْنَآ ءَايَةًۭ مَّكَانَ ءَايَةٍۢ ۙ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يُنَزِّلُ قَالُوٓا۟ إِنَّمَآ أَنتَ مُفْتَرٍۭ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

And when We substitute a verse in place of a verse - and Allah is most knowing of what He sends down - they say, "You, [O Muhammad], are but an inventor [of lies]." But most of them do not know.

Эгерде Биз бир аяттын өкүмүн өчүрүп анын ордуна башка бир аятты алып келсек, алар: «Эй, Мухаммад! Албетте сен жалганчысың. Аллахтын атынан жалганды ойлоп таап жатасың» – деп айтышат. Алардын көпчүлүгү өзгөртүлгөн өкүмдүн артында Аллахтын сыры бар экендигинин билишпейт. Аллах кандай максатта Курандан кайсы өкүмдү өчүрүүнү же өчүрбөштү Өзү жакшы Билүүчү.

An-Nahl 16:101Listen in Qur'an →
102

قُلْ نَزَّلَهُۥ رُوحُ ٱلْقُدُسِ مِن رَّبِّكَ بِٱلْحَقِّ لِيُثَبِّتَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَهُدًۭى وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ

Say, [O Muhammad], "The Pure Spirit has brought it down from your Lord in truth to make firm those who believe and as guidance and good tidings to the Muslims."

Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эч кандай катасы, өзгөрүүсү жана бурмалануусу жок бул Куран менен Жебреил периште Аллахтын алдынан акыйкат менен түштү. Аны Аллахка ыйман келтиргендин ыйманын бекемдеш үчүн түшүрдү. Андан жаңы нерсе түшкөн сайын, анын кээ бир өкүмдөрү өчүрүлгөн сайын ыймандары бекемдейт. Ошондой эле аларды акыйкатка багыттап, мусулмандар жете турган улуу соопторду сүйүнчүлөш үчүн түшүрдү».

An-Nahl 16:102Listen in Qur'an →
103

وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّهُمْ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُۥ بَشَرٌۭ ۗ لِّسَانُ ٱلَّذِى يُلْحِدُونَ إِلَيْهِ أَعْجَمِىٌّۭ وَهَٰذَا لِسَانٌ عَرَبِىٌّۭ مُّبِينٌ

And We certainly know that they say, "It is only a human being who teaches the Prophet." The tongue of the one they refer to is foreign, and this Qur'an is [in] a clear Arabic language.

Биз мушриктердин: «Чындыгында Мухаммадга Куранды бир адам эле үйрөтүп жатат» — деп жатышканын билебиз. Алардын бул айткандары жалган. Алар үйрөтүп жатат деп ойлошкон адам тили бөлөк адам. Ал эми бул Куран жогорку адабий таза араб тилинде түшкөн. Алар кантип аны тили бөлөк адамдан үйрөндү деп айтып жатышат?

An-Nahl 16:103Listen in Qur'an →
104

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ لَا يَهْدِيهِمُ ٱللَّهُ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Indeed, those who do not believe in the verses of Allah - Allah will not guide them, and for them is a painful punishment.

Аллахтын аяттары Ал тараптан түшкөн деп ыйман келтирбегендер бул жолдон кайтышмайынча Аллах аларга туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт. Алар Аллахка каапырлык кылып, Анын аяттарын жалганга чыгаргандары себептүү аларга жан ооруткан азаптар бар.

An-Nahl 16:104Listen in Qur'an →
105

إِنَّمَا يَفْتَرِى ٱلْكَذِبَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ ۖ وَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْكَٰذِبُونَ

They only invent falsehood who do not believe in the verses of Allah, and it is those who are the liars.

Мухаммад Раббиси тараптан алып келген нерседе жалганчы эмес. Чындыгында ал жалганды Аллахтын аяттарына ишенбегендер гана ойлоп таап жатышат. Анткени алар азаптан коркушпайт жана сооп да үмүт кылышпайт. Мына ошол каапырлык менен сыпатталгандар өздөрү жалганчылар. Анткени жалган айтуу алардын көнгөн адаты болуп калган.

An-Nahl 16:105Listen in Qur'an →
106

مَن كَفَرَ بِٱللَّهِ مِنۢ بَعْدِ إِيمَٰنِهِۦٓ إِلَّا مَنْ أُكْرِهَ وَقَلْبُهُۥ مُطْمَئِنٌّۢ بِٱلْإِيمَٰنِ وَلَٰكِن مَّن شَرَحَ بِٱلْكُفْرِ صَدْرًۭا فَعَلَيْهِمْ غَضَبٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌۭ

Whoever disbelieves in Allah after his belief... except for one who is forced [to renounce his religion] while his heart is secure in faith. But those who [willingly] open their breasts to disbelief, upon them is wrath from Allah, and for them is a great punishment;

Кимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллахка каапырлык кылып, көкүрөгүн каапырлыкка кенен ачып койсо, аны ыймандан артык көрүп тандаса, ага баш ийип каапырлык сөзүн сүйлөсө, анда ал Исламдан чыгат. Аларга Аллахтын каары болот жана алар үчүн чоң азап бар. Ал эми каапырлык кылууга мажбур кылынып, тили менен каапырлык сөзүн сүйлөсө, бирок жүрөгүндө ыймандын акыйкатына шектенбей бейкут болгондор күнөөкөр болушпайт.

An-Nahl 16:106Listen in Qur'an →
107

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱسْتَحَبُّوا۟ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا عَلَى ٱلْءَاخِرَةِ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلْكَٰفِرِينَ

That is because they preferred the worldly life over the Hereafter and that Allah does not guide the disbelieving people.

Ошол Ислам дининен чыгуунун себеби — алар каапырлыктары үчүн сыйлык катары алышкан арзыбаган дүйнөнү акыреттен артык көрүштү. Ал эми Аллах каапыр коомго ыйманга келүүгө ийгилик бербейт. Тескерисинче, аларды жардамсыз таштайт.

An-Nahl 16:107Listen in Qur'an →
108

أُو۟لَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ وَسَمْعِهِمْ وَأَبْصَٰرِهِمْ ۖ وَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْغَٰفِلُونَ

Those are the ones over whose hearts and hearing and vision Allah has sealed, and it is those who are the heedless.

Ыйманга келип кайра динден кайтып кеткендер — Аллах жүрөктөрүнө мөөр баскандар. Алар насааттарды түшүнүшпөйт. Алардын кулактарына да мөөр басылган, алар насааттарды угуп пайда алышпайт. Алардын көздөрүнө да мөөр басылган, алар ыйманды билдирген аят-белгилерге көз салышпайт. Мына ошолор бактылуулук менен бактысыздыктын себептеринен жана Аллахтын аларга даярдаган азабынан бейкапар жүргөндөр.

An-Nahl 16:108Listen in Qur'an →
109

لَا جَرَمَ أَنَّهُمْ فِى ٱلْءَاخِرَةِ هُمُ ٱلْخَٰسِرُونَ

Assuredly, it is they, in the Hereafter, who will be the losers.

Эч шексиз алар кыямат күнү зыянга учурагандар. Алар ыйманга келгенден кийин каапырлык кылышып өздөрүн кыйроого учуратышты. Эгерде алар ыйманды бекем карманышканда, анда сөзсүз бейишке киришмек.

An-Nahl 16:109Listen in Qur'an →
110

ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ هَاجَرُوا۟ مِنۢ بَعْدِ مَا فُتِنُوا۟ ثُمَّ جَٰهَدُوا۟ وَصَبَرُوٓا۟ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعْدِهَا لَغَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ

Then, indeed your Lord, to those who emigrated after they had been compelled [to renounce their religion] and thereafter fought [for the cause of Allah] and were patient - indeed, your Lord, after that, is Forgiving and Merciful

Оо, пайгамбар! Сенин Раббиң ыймандуулардын алсыздарына өтө Кечиримдүү, Ырайымдуу. Мушриктер аларды дини үчүн азаптап, кордук көрсөтүшкөндө алар каапырлык сөзүн айтышка аргасыз болушту, бирок жүрөктөрүндөгү ыйманы өзгөргөн жок. Ошондон кийин алар Меккеден Мединага көчүштү. Кийин Аллахтын сөзү бийик болуш үчүн, ал эми каапырлардын сөзү төмөн болуш үчүн Анын жолунда согушушту жана андагы кыйынчылыктарга сабыр кылышты. Чындыгында Раббиң алар кабылган ошол сыноолордон жана азаптоолордон кийин аргалары калбай каапырлык сөздү айтышса да Ал аларга Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. Анткени алар каапырлык сөздү аргасыздан гана айтууга мажбур болушту.

An-Nahl 16:110Listen in Qur'an →

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.