وَنَبِّئْهُمْ عَن ضَيْفِ إِبْرَٰهِيمَ
And inform them about the guests of Abraham,
Ошондой эле Ибрахимге конок болуп келишкен периштелердин кабарын аларга жеткир. Алар ага балалуу болорун сүйүнчүлөп жана Луттун коомун жок кылуу үчүн келишкен.
سُورَةُ الحِجۡرِ
Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies
Ayahs 51–60 of 99
وَنَبِّئْهُمْ عَن ضَيْفِ إِبْرَٰهِيمَ
And inform them about the guests of Abraham,
Ошондой эле Ибрахимге конок болуп келишкен периштелердин кабарын аларга жеткир. Алар ага балалуу болорун сүйүнчүлөп жана Луттун коомун жок кылуу үчүн келишкен.
إِذْ دَخَلُوا۟ عَلَيْهِ فَقَالُوا۟ سَلَٰمًۭا قَالَ إِنَّا مِنكُمْ وَجِلُونَ
When they entered upon him and said, "Peace." [Abraham] said, "Indeed, we are fearful of you."
Алар анын алдына «Салам!» деп айтып киришти. Ал алардын саламына андан да жакшыраак алик алды. Аларга жесин деп отко какталып бышкан торпоктун этин тартты. Аларды адамдардан деп ойлогон. Качан алардын тамактан жебегендерин көргөндө: «Биз силерден кооптонуп жатабыз» – деди.
قَالُوا۟ لَا تَوْجَلْ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٍۢ
[The angels] said, "Fear not. Indeed, we give you good tidings of a learned boy."
Элчи периштелер ага: «Эч коркпо! Биз сени кубандырган кабар алып келдик. Жакында сен илимдүү эркек балалуу болосуң» – дешти.
قَالَ أَبَشَّرْتُمُونِى عَلَىٰٓ أَن مَّسَّنِىَ ٱلْكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ
He said, "Have you given me good tidings although old age has come upon me? Then of what [wonder] do you inform?"
Ибрахим балалуу болосуң деген кабарга таң кала аларга: «Мен карыган куракка келип картайып калсам кайдагы баланы сүйүнчүлөп жатасыңар? Кайсы негизге таянып сүйүнчүлөп жатасыңар?» – деди.
قَالُوا۟ بَشَّرْنَٰكَ بِٱلْحَقِّ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلْقَٰنِطِينَ
They said, "We have given you good tidings in truth, so do not be of the despairing."
Элчи периштелер Ибрахимге: «Биз сага эч кандай шек-күмөнү жок чындыкты сүйүнчүлөдүк. Биз сага сүйүнчүлөгөн нерседен үмүтсүз калгандардан болбо».
قَالَ وَمَن يَقْنَطُ مِن رَّحْمَةِ رَبِّهِۦٓ إِلَّا ٱلضَّآلُّونَ
He said, "And who despairs of the mercy of his Lord except for those astray?"
Ибрахим айтты: «Раббисинин ырайымынан туура жолдон адашкандар гана үмүт үзүшөт».
قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا ٱلْمُرْسَلُونَ
[Abraham] said, "Then what is your business [here], O messengers?"
Ибрахим: «Оо, Аллах тараптан келген элчилер! Эмне иш менен келдиңер?» – деп сурады.
قَالُوٓا۟ إِنَّآ أُرْسِلْنَآ إِلَىٰ قَوْمٍۢ مُّجْرِمِينَ
They said, "Indeed, we have been sent to a people of criminals,
Элчи периштелер айтышты: «Аллах бизди чоң бузукулук жана жамандык кылган Луттун коомун жок кылыш үчүн жиберди.
إِلَّآ ءَالَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمْ أَجْمَعِينَ
Except the family of Lot; indeed, we will save them all
Бир гана Луттун үй-бүлөсү менен аны ээрчигендер аман калышат. Алар кыйроого учурашпайт. Биз алардын баарысын ал нерседен куткарабыз.
إِلَّا ٱمْرَأَتَهُۥ قَدَّرْنَآ ۙ إِنَّهَا لَمِنَ ٱلْغَٰبِرِينَ
Except his wife." Allah decreed that she is of those who remain behind.
Бирок анын аялынан башкасын. Биз аны кыйроого дуушар болгондор менен калат деп өкүм кылдык.
Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.