Muslim99Muslim99
← Tafsir library

15. Al-Hijr

The Rock · Meccan · 99 ayahs

سُورَةُ الحِجۡرِ

Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies

Ayahs 21–30 of 99

21

وَإِن مِّن شَىْءٍ إِلَّا عِندَنَا خَزَآئِنُهُۥ وَمَا نُنَزِّلُهُۥٓ إِلَّا بِقَدَرٍۢ مَّعْلُومٍۢ

And there is not a thing but that with Us are its depositories, and We do not send it down except according to a known measure.

Адамдар жана жаныбарлар пайдаланышкан кандай гана нерсе болбосун, Биз аны жаратууга жана ал аркылуу адамдарга пайда бергенге кудуреттүүбүз. Биз ошолордон кандай гана нерселерди жаратпайлы, алар Биздин даанышмандыгыбыздын талабына ылайык чектелип белгиленген өлчөмдө болот.

22

وَأَرْسَلْنَا ٱلرِّيَٰحَ لَوَٰقِحَ فَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَسْقَيْنَٰكُمُوهُ وَمَآ أَنتُمْ لَهُۥ بِخَٰزِنِينَ

And We have sent the fertilizing winds and sent down water from the sky and given you drink from it. And you are not its retainers.

Биз булуттарды чаңдаштыруучу шамалдарды жибердик. Чаңдашкан булуттардан жамгыр жаадырдык. Жамгырдын суусу менен силерди сугардык. Эй, адамдар! Жер бетиндеги бул сууларды булак жана кудуктарга силер топтобойсуңар. Акыйкатта аларды Аллах Өзү гана топтойт.

23

وَإِنَّا لَنَحْنُ نُحْىِۦ وَنُمِيتُ وَنَحْنُ ٱلْوَٰرِثُونَ

And indeed, it is We who give life and cause death, and We are the Inheritor.

Чындыгында Биз Өзүбүз гана жоктон жаратып жана өлгөнгөн кийин кайра жан жан салуу менен өлүктөрдү тирилтебиз. Ошондой эле тирүүлөрдүн ажалдары келгенде аларды өлтүрөбүз. Биз жер бетин жана андагыларды мурас кылып Өзүбүз гана калабыз.

24

وَلَقَدْ عَلِمْنَا ٱلْمُسْتَقْدِمِينَ مِنكُمْ وَلَقَدْ عَلِمْنَا ٱلْمُسْتَـْٔخِرِينَ

And We have already known the preceding [generations] among you, and We have already known the later [ones to come].

Биз силерден алдын жана кийин ким төрөлгөнүн жана ким өлгөнүн билгенбиз. Булардын бири да Бизге жашыруун эмес.

25

وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحْشُرُهُمْ ۚ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٌۭ

And indeed, your Lord will gather them; indeed, He is Wise and Knowing.

Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң алардын жакшылык кылгандарына сыйлык, жамандык кылгандарына жазасын бериш үчүн баарысын кыямат күнү чогултат. Чындыгында Ал башкаруусунда Даанышман жана Ал бардык нерсени Билүүчү.

26

وَلَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَٰنَ مِن صَلْصَٰلٍۢ مِّنْ حَمَإٍۢ مَّسْنُونٍۢ

And We did certainly create man out of clay from an altered black mud.

Биз Адамды чертсе үн чыккан кургак ылайдан жараттык. Ал жаратылган бул ылай көп убакыт турганы үчүн жыты өзгөрүп, кара түстө болчу.

27

وَٱلْجَآنَّ خَلَقْنَٰهُ مِن قَبْلُ مِن نَّارِ ٱلسَّمُومِ

And the jinn We created before from scorching fire.

Ал эми Адамдан мурун жиндердин түпкү атасын жалындаган күчтүү оттон жараттык.

28

وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّى خَٰلِقٌۢ بَشَرًۭا مِّن صَلْصَٰلٍۢ مِّنْ حَمَإٍۢ مَّسْنُونٍۢ

And [mention, O Muhammad], when your Lord said to the angels, "I will create a human being out of clay from an altered black mud.

Оо, пайгамбар! Раббиңдин периштелерге жана алар менен чогу болгон Иблиске айтканын эсте: «Мен жакында кургак ылайдан адамды жаратам. Аны черткенде үн чыккан, жыты өзгөргөн кара түстө болот».

29

فَإِذَا سَوَّيْتُهُۥ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِن رُّوحِى فَقَعُوا۟ لَهُۥ سَٰجِدِينَ

And when I have proportioned him and breathed into him of My [created] soul, then fall down to him in prostration."

Аны келбетине келтирип, дене-түзүлүшүн толуктагандан кийин Менин буйругума баш ийип жана ага саламдашып сажда кылгыла.

30

فَسَجَدَ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمْ أَجْمَعُونَ

So the angels prostrated - all of them entirely,

Периштелер моюн сунушту. Раббиси аларга буйрук кылгандай баарысы ага сажда кылышты.

Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.