وَمَا يَأْتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ
And no messenger would come to them except that they ridiculed him.
Абалкы каапыр жамааттарга пайгамбар келсе, алар аны жалганга чыгарышты жана аны мазактап күлүштү.
سُورَةُ الحِجۡرِ
Reading Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies
Ayahs 11–20 of 99
وَمَا يَأْتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ
And no messenger would come to them except that they ridiculed him.
Абалкы каапыр жамааттарга пайгамбар келсе, алар аны жалганга чыгарышты жана аны мазактап күлүштү.
كَذَٰلِكَ نَسْلُكُهُۥ فِى قُلُوبِ ٱلْمُجْرِمِينَ
Thus do We insert denial into the hearts of the criminals.
Биз ошол коомдордун жүрөктөрүнө жалганга чыгарууну салып койгон сыяктуу Мекке мушриктеринин жүрөктөрүнө да жүз бурууну жана көк беттикти салып коёбуз.
لَا يُؤْمِنُونَ بِهِۦ ۖ وَقَدْ خَلَتْ سُنَّةُ ٱلْأَوَّلِينَ
They will not believe in it, while there has already occurred the precedent of the former peoples.
Алар Мухаммадга түшүрүлгөн бул Куранга ыйман келтиришпейт. Буга чейин пайгамбарлар алып келгенди жалганга чыгарышкан адамдардын жок кылынганы тууралуу Аллахтын өкүмү болуп өттү. Эми сени жалганга чыгаргандар сабак алышсын.
وَلَوْ فَتَحْنَا عَلَيْهِم بَابًۭا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فَظَلُّوا۟ فِيهِ يَعْرُجُونَ
And [even] if We opened to them a gate from the heaven and they continued therein to ascend,
Ошол жалганга чыгаргандар менен көк беттик кылгандарга ачык-айкын далилдердин негизинде акыйкат көрүнүп турса дагы жана аларга асмандан эшик ачылып, көтөрүлүп баратышса дагы
لَقَالُوٓا۟ إِنَّمَا سُكِّرَتْ أَبْصَٰرُنَا بَلْ نَحْنُ قَوْمٌۭ مَّسْحُورُونَ
They would say, "Our eyes have only been dazzled. Rather, we are a people affected by magic."
Алар эч ишенишпейт жана сөзсүз айтышат: «Чындыгында көздөрүбүз башкаларды көрүүдөн тосулуп калды. Биз көрүп турган нерсе сыйкырдын гана таасири. Биз сыйкырланып калдык».
وَلَقَدْ جَعَلْنَا فِى ٱلسَّمَآءِ بُرُوجًۭا وَزَيَّنَّٰهَا لِلنَّٰظِرِينَ
And We have placed within the heaven great stars and have beautified it for the observers.
Биз асманда чоң жылдыздарды жараттык. Адамдар сапарга чыгышканда алар аркылуу кургактык менен деңиздеги караңгылыктардан жол табышат. Аларды Аллахтын кудуретине далил кылуулары үчүн ага көз чаптырып караган адамдар үчүн кооздоп койдук.
وَحَفِظْنَٰهَا مِن كُلِّ شَيْطَٰنٍۢ رَّجِيمٍ
And We have protected it from every devil expelled [from the mercy of Allah]
Ошондой эле асманды Аллахтын ырайымынан куулган бардык жин-шайтандардан коргоп койдук.
إِلَّا مَنِ ٱسْتَرَقَ ٱلسَّمْعَ فَأَتْبَعَهُۥ شِهَابٌۭ مُّبِينٌۭ
Except one who steals a hearing and is pursued by a clear burning flame.
Ал эми бийиктеги периштелер тобунун сөздөрүн жашырынып уккандарды болсо бир нурдуу жылдыз кууп жетип күйгүзөт.
وَٱلْأَرْضَ مَدَدْنَٰهَا وَأَلْقَيْنَا فِيهَا رَوَٰسِىَ وَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ شَىْءٍۢ مَّوْزُونٍۢ
And the earth - We have spread it and cast therein firmly set mountains and caused to grow therein [something] of every well-balanced thing.
Адамдар жер бетинде жайгашуулары үчүн аны жайык кылдык. Ал адамдарды чайпабаш үчүн бекем тоолорду орноттук. Ошондой эле түрлүү өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Булар даанышмандыктын талабына ылайык чектелип белгиленген.
وَجَعَلْنَا لَكُمْ فِيهَا مَعَٰيِشَ وَمَن لَّسْتُمْ لَهُۥ بِرَٰزِقِينَ
And We have made for you therein means of living and [for] those for whom you are not providers.
Эй, адамдар! Биз силер үчүн жер бетинде жашаган учуруңарда күн көрүүңөр үчүн тамак-аш жана суусундуктарды жараттык. Ошондой эле силерден башка силердин ырыскыңарсыз күн көрүшкөн адамдар менен жаныбарлар үчүн да жараттык.
Commentary: Al-Mukhtasar in Interpreting the Noble Qur'an by Tafsir Center for Quranic Studies. Qur'an text and translation via AlQuran Cloud.