قَالُوا۟ يَٰٓأَبَانَا مَا لَكَ لَا تَأْمَ۫نَّا عَلَىٰ يُوسُفَ وَإِنَّا لَهُۥ لَنَٰصِحُونَ
They said, "O our father, why do you not entrust us with Joseph while indeed, we are to him sincere counselors?
Качан алар Юсуфту алыска алып барып таштайбыз деген бир сөзгө келишкенде атасы Якубка келип мындай деп айтышты: “Оо, атаке! Эмнеге Юсуфту бизге берип ишене албайсыз? Биз ага ырайым кылып зыян келген нерседен сактайбыз. Юсуф сизге кайтып келгиче биз аны сактап жана коргоп боорукерлик менен алып барып келебиз. Юсуфту биз менен жөнөтүүгө сизди эмне тосуп жатат?”.