Эй, таң калгандар! Чындыгында, силердин Раббиңер асмандарды ушунчалык чоң кылып, жерди да ушунчалык кең кылып алты күндө жаратып, кийин Аршка көтөрүлдү. Эми кантип силердин араңардан бир адамды пайгамбар кылып жөнөткөнүнө таң калып жатасыңар? Ал Жалгыз Өзү кең падышалыгында каалагандай өкүм жүргүзүп башкарат. Анын алдында эч ким Анын уруксатын ыраазылыгын албай туруп эч кимге шапаат кыла албайт. Мына бул сыпаттар менен сыпатталган Зат - Ал силердин Раббиңер Аллах. Анын жалгыз Өзүнө гана чын ыкластан ибадат кылгыла. Анын Жалгыздыгын көрсөткөн бул далилдерден үлгү-насаат албайсыңарбы? Кимде-ким бир аз да болсо үлгү алганда, анда ал Аллахтын жалгыздыгын таанып-билип жана Ага ыйман келтирмек.